# “Стандартташтыруу жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

- Толук аталышы: “Стандартташтыруу жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2025
- Редакциянын күнү: 13.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-26378>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/26378>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-26378.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: “Стандартташтыруу жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду (13.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-26378

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Стандартташтыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 4-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты жана милдеттери стандартташтыруу чөйрөсүнүн укуктук негизин оптималдаштыруу, стандартташтыруунун улуттук системасын эл аралык практика менен шайкеш келтирүү, продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, стандартташтыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө көмөктөшүү, соодадагы техникалык тоскоолдуктарды четтетүү болуп саналат.

Мыйзамда төмөнкүлөр каралган:

– стандарттарды колдонуунун ыктыярдуулук принциптери, улуттук стандарттарды иштеп чыгуунун ачыктыгы, бардык кызыкдар тараптардын катышуусу жана стандарттарды иштеп чыгууда консенсуска жетишүү, улуттук стандарттарды эл аралык жана региондук стандарттарга ылайык шайкеш келтирүү ж.б.;

– улуттук стандарттарды иштеп чыгуу программаларына ылайык жана (же) консенсустун негизинде стандартташтыруунун улуттук системасынын субъекттери тарабынан демилге тартибинде улуттук стандарттарды иштеп чыгууга тиешелүү жоболор;

– стандартташтыруу боюнча документтерди каттоонун түрлөрү – бул милдеттүү жана эсептик каттоо;

– стандартташтыруу боюнча документтерди колдонуу шарттары.

Мыйзам ошондой эле стандартташтыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын функцияларын тактайт.
