# “Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө” жана “Улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди

- Толук аталышы: “Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө” жана “Улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2024
- Редакциянын күнү: 31.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-26353>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/26353>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-26353.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: “Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө” жана “Улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди (31.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-26353

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 20-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам менен саясий жүйөөлөр боюнча куугунтукка алынган, коомго коркунуч жаратпайт деп таанылган жосундар, бузуулар, жоруктар үчүн Кыргызстандын аймагында 1961-жылга чейин колдонулган РСФСРдин Кылмыш-жаза кодексинин негизинде соттолгон адамдарды актоо каралган.

Мыйзамга ылайык саясий репрессиянын белгилери болуп 1917-жылдан тартып 1953-жылга чейинки мезгилде кабыл алынган актыларынан келип чыккан мазмунга жана маңызга жараша кылмыш-жаза жана/же администрациялык тартипте колдонуудагы негиздемелер боюнча бийликтин, башкаруу органдарынын, аткаруу органдарынын, советтик коомдук жана коомдук-саясий уюмдардын, анын ичинде партиялык, комсомолдук, профсоюздук жана кооперативдик уюмдардын жана алардын кызмат адамдарынын чечимдери саналат.

Ушуну менен бирге Мыйзамга ылайык Кыргызстандын аймагында аскер кызматына чакырылган жана аскер кызматчыларынын же командалык курамдын катарында Экинчи дүйнөлүк согушка жана 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка катышкан адамдын Мекенге жасаган чыккынчылыгы үчүн кылмыш иштеринин материалдарында жоопко тартуунун негиздүүлүгүн ырастаган далилдери бар адамдар акталууга жатпай тургандыгын белгилөө зарыл.
