# Кыргызстан менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

- Толук аталышы: Кыргызстан менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашуу ратификацияланды
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 25.12.2024
- Редакциянын күнү: 25.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-26329>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/26329>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-26329.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргызстан менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашуу ратификацияланды (25.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-26329

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 23-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 27-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Аталган Грант жөнүндө макулдашуу грант берүү тартибин карайт, анын алкагында Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) Кыргыз Республикасында 9 жалпы билим берүү уюмдун курулушун, аларды материалдык-техникалык жабдууну жана аларды Кыргыз Республикасына акысыз жана кайтарымсыз (гранттык) негизде өткөрүп берүүнү камсыз кылат.
