# “Энергияны үнөмдөө жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

- Толук аталышы: “Энергияны үнөмдөө жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 23.12.2024
- Редакциянын күнү: 23.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-26318>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/26318>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-26318.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: “Энергияны үнөмдөө жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди (23.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-26318

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2024-жылдын 24-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган “Энергияны үнөмдөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам энергия ресурстарын эффективдүү жана сарамжалдуу пайдалануу, аны ишке ашыруунун эң натыйжалуу жолдорун иштеп чыгууга багытталган.

Мыйзамга сунушталып жаткан түзөтүүлөр уюмдардын жана ишканалардын, имараттардын отун-энергетикалык ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу үчүн, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан технологиялык процессте энергетикалык изилдөөлөрдү уюштурууга мүмкүндүк берет.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган имараттарда энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну, жана натыйжалуу энергия керектөөчү приборлор менен жабдууларды пайдалануунун эсебинен милдеттүү түрдө камсыздоо жоопкерчилигин белгилөө сунушталууда.

Отунду жана энергияны эсепке алуу боюнча Кыргыз Республикасынын “Энергияны үнөмдөө жөнүндө” Мыйзамынын

11-беренесине өзгөртүү борбордоштурулган жылуулук менен жабдуу системалары тарабынан берилүүчү электр энергиясын, жаратылыш газын жана жылуулук энергиясын эсепке алуу приборлору менен керектөөчүлөрдү милдеттүү камсыздоо жана керектөөчүлөрдүн бардык типтери үчүн эсеп коюу системасын өркүндөтүү боюнча ченемдерди киргизүүгө багытталган. Бардык энергетикалык ресурстарды эсепке алуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипке ылайык жүргүзүлөт.
