# “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

- Толук аталышы: “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 17.12.2024
- Редакциянын күнү: 17.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-26292>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/26292>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-26292.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди (17.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-26292

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) “Унаа” мамлекеттик мекемеси “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикти түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 25-сентябрындагы № 240 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин курамынан чыгарылып, өз алдынча агенттик болуп түзүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын (ИИО) милдеттерин тактоо максатында кабыл алынган.

Жогоруда аталган Жарлык менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Унаа” мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик болуп кайра түзүлгөн.

Ушуга байланыштуу, бул кабыл алынган Мыйзам менен ИИОнун милдеттеринин ичинен транспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды жана окуу уюмдарынын окуучуларын мамлекеттик каттоону жана кайра каттоону жүзөгө ашыруу, квалификациялык экзамендерди кабыл алуу жана транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүктөрдү жана өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугуна тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүү, ошондой эле транспорт каражаттарынын айдоочуларын окутуу (кайра окутуу) милдеттери алып салынган.
