# “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө”, “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди

- Толук аталышы: “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө”, “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 10.12.2024
- Редакциянын күнү: 10.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-26268>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/26268>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-26268.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө”, “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди (10.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-26268

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 23-октябрында кабыл алынган.

Бул Мыйзамдын максаты жакыр же аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ыктыярдуу негизде социалдык контракттарды түзүү менен социалдык жардам берүү болуп саналат.

Мыйзамда социалдык контракт – жакыр же аз камсыз болгон үй-бүлөнүн (же алардын тобунун) жана жумуш менен камсыздоого көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн ортосундагы өз ара милдеттенмелер жөнүндө макулдашуу, ага ылайык аймактык бөлүм үй-бүлөлөргө социалдык жардам көрсөтүүгө милдеттенери, ал эми үй-бүлө (же алардын тобу) Программа менен каралган иш-чараларды ишке ашырууга милдеттенери каралган.

Социалдык контракттын негизиндеги социалдык жардамды, берүүнүн тартиби, катышуучулардын саны, социалдык контрактка кол койгон адамды жумушсуз жана жумуш издеген адам катары эсептик каттоодон чыгаруу жана кайра каттоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
