# Куралдуу жаңжал болгон учурда маданий дөөлөттөрдү коргоо жөнүндө Конвенциянын Протоколуна Кыргызстандын кошулуусу жөнүндө Мыйзамга кол коюлду

- Толук аталышы: Куралдуу жаңжал болгон учурда маданий дөөлөттөрдү коргоо жөнүндө Конвенциянын Протоколуна Кыргызстандын кошулуусу жөнүндө Мыйзамга кол коюлду
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 21.11.2024
- Редакциянын күнү: 21.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-26171>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/26171>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-26171.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Куралдуу жаңжал болгон учурда маданий дөөлөттөрдү коргоо жөнүндө Конвенциянын Протоколуна Кыргызстандын кошулуусу жөнүндө Мыйзамга кол коюлду (21.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-26171

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров ““1954-жылдын 14-майында Гаага шаарында кол коюлган Куралдуу жаңжал болгон учурда маданий дөөлөттөрдү коргоо жөнүндө Конвенциянын Протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамдын максаты дүйнөлүк маанидеги маданий дөөлөттөрдү сактоо жана коргоо, жок кылууну болтурбоо жана уурдоолорго каршы күрөшүү, ошондой эле дүйнөлүк маданий баалуулуктарды коргоо боюнча интеграциялык процесстерге колдоо көрсөткөн өлкө катары Кыргыз Республикасынын эл аралык оң имиджин түзүү болуп саналат.

Конвенциясынын Протоколу Гаага конвенциясы сыяктуу эле 1954-жылдын 14-майында кабыл алынган. Учурда бул Конвенциясынын Протоколуна 113 өлкө, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Россия Федерациясы, Украина, Беларусь, Азербайжан, Молдова, Армения, Тажикстан, Түркмөнстан, Казакстан Республикасы кошулган.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасында тарыхый, археологиялык, архитектуралык жана шаар куруу, монументалдык искусствонун 1500 (бир жарым миңден) ашык кыймылсыз эстеликтери орун алган. Ошондой эле, баалуу экспонаттарды камтыган мамлекеттик 68 (алтымыш сегиз) музей бар.

Бул Конвенциянын Протоколуна кошулуу Кыргыз Республикасынын маданий дареметин эл аралык аренада натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет, бул мамлекеттин тышкы саясатынын практикалык маселелери үчүн натыйжалуу күчтү түзүүгө шарт түзөт.
