# Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизилди

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизилди
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 21.11.2024
- Редакциянын күнү: 21.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-26170>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/26170>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-26170.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизилди (21.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-26170

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 16-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

“Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2023-жылдын 25-октябрындагы чечимин аткаруу максатында кабыл алынган.

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту 2023-жылдын 25-октябрындагы чечими менен Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 455-беренесинин 1-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 58-беренесинин 4-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө, 100-беренесинин 4-бөлүгүнө каршы келет, ошону менен кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо жана соттун өкүмүн, аныктамасын, токтомун жокко чыгаруу, ишти токтотуу, ишти жаңы соттук териштирүү үчүн сотко өткөрүп берүү боюнча соттун укугун чектейт деп тааныган.

Ошондуктан бул Мыйзамдын максаты кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо жана соттун өкүмүн, аныктамасын, токтомун жокко чыгаруу, ишти токтотуу, сотко чейинки өндүрүштү уюштуруу үчүн ишти прокурорго же жаңы соттук териштирүү үчүн сотко өткөрүп берүү боюнча соттун укугун кеңейтип, тактоо болуп саналат.

Ошону менен бирге Мыйзамдын жоболорун ишке ашыруу сот адилеттигиндеги каталарды оңдоого багытталып, ал өз кезегинде сот системасынын адилеттүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылат жана калктын сот адилеттигине болгон ишенимин бекемдөөгө жана ошого жараша мыйзамды урматтоого өбөлгө түзөт.
