Кыргызстан менен Словакиянын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартууну жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Словакия Республикасынын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартууну жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2024-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты 2024-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Словакия Республикасынын ортосундагы Кирешеге болгон салыкка кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуунун (мындан ары – Макулдашуу) күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду ишке ашыруу болуп саналат.
Макулдашуу республиканын экономикасына чет өлкөлүк инвестицияларды түз тартуунун каражаты катары каралат жана кош салык салууну болтурбоо жана бир гана өлкөдө салык салуу боюнча кепилдиктерди берүү жолу менен чет өлкөлүк компанияларга биздин өлкөнүн экономикасынын ар кандай тармактарына инвестициялоо үчүн шарттарды түзөт.
Мындан тышкары бул Макулдашуунун негизги милдеттери болуп бир мамлекеттин резидентин экинчи макулдашуучу мамлекетте басмырлоочу салык салуудан коргоо, салык салуулардан качууга же Макулдашуунун жоболорун кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөө, Макулдашуунун жоболорун аткарууну камсыз кылуу үчүн макулдашуучу мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда өз ара маалымат алмашуу саналат.
Макулдашуу Кыргыз Республикасынын жана Словакия Республикасынын салык мыйзамдарынын өз ара мамилелеринде жалпы мамилени иштеп чыгуу үчүн да зарыл, ал бир эле учурда Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында улуттук жоболорду чагылдырмак. Мындан тышкары белгилей кетүүчү нерсе, жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуу эл аралык кош салык салуунун укуктук чөйрөсүндө пайда болгон жалпы көйгөйлөрдү жана милдеттерди чечүүдө бирдиктүү форма болуп саналат. Макулдашуу өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү жана инвестициялардын көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.