Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол ратификацияланды
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 26-июнунда Астана шаарында кол коюлган 2009-жылдын 9-июнундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2024-жылдын 16-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Протокол менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондун өз алдынча финансылык институт (донор) катары бөлүү каралган, бул өз кезегинде Кыргыз Республикасындагы инвестициялык климатка, атап айтканда, энергетика, транспорт, айыл чарба, саламаттык сактоо, ирригация билим берүү жана өлкөнүн экономикасынын башка секторлорундагы мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун ишке ашырууга жагымдуу таасирин тийгизет.
Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун өнүктүрүү институту статусуна ээ болушу Кыргыз Республикасынын социалдык секторуна жана мамлекеттик башкаруу секторуна гранттык жана техникалык жардамдарды көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.