# Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизилди
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 11.11.2024
- Редакциянын күнү: 11.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-26132>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/26132>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-26132.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизилди (11.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-26132

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 2-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – жумуш берүүчү жана кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдар тарабынан кызматкердин алдындагы жоопкерчиликти камсыздандыруу боюнча милдеттерди аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликти киргизүү болуп эсептелет.

Кабыл алынган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси 871, 2741-беренелери менен толукталууда, аларга ылайык “Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу же аткарбоо, ошондой эле “Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу же аткарбоо үчүн жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келээри каралган.
