# "Авиакомпанияларга эксплуатанттын сертификаттарын каттоого жана берүүгө тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө" Жарлыкка кол коюлду

- Толук аталышы: "Авиакомпанияларга эксплуатанттын сертификаттарын каттоого жана берүүгө тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө" Жарлыкка кол коюлду
- Актынын түрү: Указ
- Кабыл алынган күнү: 04.11.2024
- Редакциянын күнү: 04.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-26077>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/22/26077>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-26077.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Авиакомпанияларга эксплуатанттын сертификаттарын каттоого жана берүүгө тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө" Жарлыкка кол коюлду (04.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-26077

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров "Авиакомпанияларга эксплуатанттын сертификаттарын каттоого жана берүүгө тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө" Жарлыкка кол койду.

Улуттук авиациялык системаны чыңдоо, ошондой эле анын ачык-айкындуулугун, ишенимдүүлүгүн жана эл аралык талаптарга шайкештигин жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

1. Жаңы түзүлгөн авиакомпанияларга Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү чечимине чейин эксплуатанттын сертификаттарын каттоого жана берүүгө тыюу салуу (мораторий) белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги белгиленген тартипте:

1) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары гана учууларды аткарган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аэропортторунда 1 (бир) айдан ашык базаланбаган аба кемелери (самолеттору/вертолеттору) бар авиакомпаниялардын ишин текшерсин;

2) текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча белгиленген талаптарга ылайык келбеген авиакомпаниялардын эксплуатантынын каттоосун жана сертификатын жокко чыгарсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн, ошондой эле өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
