# Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан ташып чыгарылуучу товарлардын келип чыгышын аныктоонун шайкеш келтирилген системасы жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

- Толук аталышы: Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан ташып чыгарылуучу товарлардын келип чыгышын аныктоонун шайкеш келтирилген системасы жөнүндө макулдашуу ратификацияланды
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 02.11.2024
- Редакциянын күнү: 02.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-26075>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/26075>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-26075.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан ташып чыгарылуучу товарлардын келип чыгышын аныктоонун шайкеш келтирилген системасы жөнүндө макулдашуу ратификацияланды (02.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-26075

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2023-жылдын 4-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан ташып чыгарылуучу товарлардын келип чыгышын аныктоонун шайкеш келтирилген системасы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты 2023-жылдын 4-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары – Бирлик) бажы аймагынан ташып чыгарылуучу товарлардын келип чыгышын аныктоонун шайкеш келтирилген системасы жөнүндө макулдашуунун (мындан ары – Макулдашуу) күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду ишке ашыруу болуп саналат.

Макулдашуу Бирликтин бажы аймагынан аларды ташып чыгууда аныктоого, күбөлөндүрүүгө жана алардын келип чыгышын тастыктоого карата ыкмалардын бирдиктүүлүгүн камсыздоого, Бирликтин бажы аймагынан ташылып чыгуучу товарлардын келип чыгышын аныктоонун шайкеш системасын андан ары колдонууга багытталган.

Макулдашуу Бирликтин бажы аймагынан тышкары товарлардын келип чыгышын аныктоо жана тастыктоо боюнча мүчө мамлекеттердин мамилелерин бирдейлештирүүнү карайт, мүчө мамлекеттердин экспортерлору менен өз ара аракеттенүү жана товардын келип чыгышы жөнүндө сертификаттарды берүү, анын ичинде кагазсыз технологияларды өнүктүрүү жана өз ара аракеттенүүнүн электрондук форматына андан ары өтүү жолу менен ыйгарым укуктуу уюмдардын ишин шайкеш келтирет, андан ары биримдикте товарлардын келип чыгышын өз алдынча декларациялоо системасын киргизүү үчүн укуктук негизди түзүүгө багытталган (ыйгарым укуктуу экспортерлор институту).

Макулдашуу ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын товарлардын келип чыгышынан көз каранды экспортту жөнгө салуу чараларынын сакталышын мүчө мамлекеттердин бажы органдары тарабынан контролдоо максатында Бирликтин бажы аймагынан тышкары товарларды ташып чыгууда колдонула турган товарлардын келип чыгышын аныктоонун атайын эрежелерин кабыл алууга ыйгарым укуктарын карайт.
