# Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө Мыйзамга өзгөртүү киргизилди

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө Мыйзамга өзгөртүү киргизилди
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 30.10.2024
- Редакциянын күнү: 30.10.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-26058>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/26058>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-26058.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.10.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө Мыйзамга өзгөртүү киргизилди (30.10.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-26058

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам Кыргызстан элинин маданиятын өнүктүрүү, адамдын укугу менен эркиндигин кемсинтпеген үрп-адаттарды жана салттарды сактоо максатында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзам “Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүгү “санжыра музейлери” түшүнүгүнүн аныктамасын караштырган 11-пункт менен толуктоо киргизүүнү караштырат.

Алсак, кабыл алынган Мыйзамга ылайык санжыра музейлери – адамдардын туугандык өз ара байланыштары, уруулардын тарыхы, айрым адамдардын теги жөнүндө материалдарды чогултууну, сактоону, изилдөөнү жана жайылтууну, ошондой эле туугандык байланыштарды аныктоону, муундар боюнча жазмаларды жана санжыраларды түзүүнү жүзөгө ашыруучу тарыхый тармактагы музейлер болуп саналат.
