Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы абадан кол салуудан коргонуунун бириккен региондук системасын түзүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2022-жылдын 16-августунда Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын абадан кол салуудан коргонуунун бириккен региондук системасын түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 11-октябрында кабыл алынган.
Кабыл алынган Мыйзам аталган Макулдашуунун күчүнө кириши боюнча мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы тарабынан аткарууга багытталган.
Тараптар региондогу абадан кол салуудан коргонууну өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын абадан кол салуудан коргонуунун бириккен региондук системасын түзүшөт, ал Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин абадан кол салуудан коргонуунун бириккен системасынын курамдык бөлүгү болуп саналат.
Кыргызстан менен Россиянын ортосунда абадан коргонуунун бириккен региондук системасын түзүү - эки өлкөнүн аба мейкиндигин ишенимдүү коргоону камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле улуттук кызыкчылыктардын коопсуздугун жана корголушун жогорулатат.
Бул Макулдашууну ратификациялоо Кыргызстандын Россия менен стратегиялык мамилелерди чыңдоого болгон умтулуусун тастыктайт жана эки өлкөнүн ортосундагы коргонуу жана коопсуздук жаатында мындан аркы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.