# КР Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

- Толук аталышы: КР Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 06.10.2023
- Редакциянын күнү: 06.10.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-24749>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/24749>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-24749.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди (06.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-24749

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ачык акционердик коомунун ишин натыйжалуу башкарууну жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу жана стратегиялык тармактарын өнүктүрүүгө жана стимулдаштырууга багытталган Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишинин максаттары, түптөөнүн укуктук жана уюштуруучулук негиздери такталган, ошондой эле кошумча функциялар берилген. Ушуга байланыштуу Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына өзгөртүүлөр каралган.
