“Унаа” мамлекеттик мекемесинин базасында Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикти түзүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Жарлык транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо, кайра каттоо жана эсептен чыгаруунун бирдиктүү тартибин, ошондой эле квалификациялык сынактарды кабыл алуунун, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү тартибин ишке киргизүү максатында даярдалды.
Докумнетке ылайык, анын милдети - жарандарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу кабыл алуу процессин жарандар үчүн жакшыртуу жана жөнөкөйлөштүрүү, ошондой эле заманбап технологияларды киргизүү болуп эсептелет.
Транспорт каражаттарын каттоо маселелерин тартипке келтирүү, айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдө жана айдоочуларга транспорт каражаттарын башкарууга уруксат берүүдө коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:
Транспорт каражаттарын каттоо маселелерин тартипке келтирүү, айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдө жана айдоочуларга транспорт каражаттарын башкарууга уруксат берүүдө коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин базасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары – Мамлекеттик агенттик) түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
– Мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин укук улантуучусу болуп эсептелет;
– Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин ээлеген кызмат орундарына ылайык Мамлекеттик агенттиктин карамагына берилген функцияларды жүзөгө ашыруучу иштеп жаткан кызматкерлери Мамлекеттик агенттикке квалификациялык талаптарга ылайык кайра дайындалууга тийиш;
– Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлерине, анын ичинде техникалык жана тейлөө персоналына эмгек акы төлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген колдонуудагы эмгек акы төлөө шарттары боюнча жүргүзүлөт.
3. Мамлекеттик агенттик төмөнкүдөй чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат деп аныкталсын:
– транспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, ошондой эле айдоочулук курамды каттоо жана кайра каттоо;
– квалификациялык сынактарды өткөрүү жана кабыл алуу, транспорт каражаттарды башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүктөрдү жана өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугуна тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү;
– транспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоо номердик белгилерин жасоо;
– автотранспорт каражаттарына цифралардын же/жана тамгалардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоо номердик белгилерин, ошондой эле энчилүү номердик белгилерин сатуу;
– Кыргыз Республикасынын улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрүн жекелештирүү;
– транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча окутуу уюмдарынын (автомектептердин) ишин лицензиялоо.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
– бир айлык мөөнөттө Мамлекеттик агенттик жөнүндө жобону, башкаруу схемасын жана штаттык санын бекитсин;
– өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;
– үч айлык мөөнөттө ушул Жарлыктан келип чыгуучу мыйзамдардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
– ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон уюштуруучулук, финансылык жана башка чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Мамлекеттик агенттикти жайгаштыруу боюнча белгиленген тартипте зарыл болгон чараларды көрсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын
5-майындагы № 114 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
«–. Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик;».
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын
7-декабрындагы № 548 «Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгынын 2-пунктунун экинчи, үчүнчү, сегизинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (4)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы ПЖ № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.05.2021 · № 114
- КР Президентинин 2021-жылдын 7-декабрындагы ПЖ № 548 "Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 07.12.2021 · № 548
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ №240 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды…Указ · 25.09.2023 · № 240 · Күчүн жоготкон