# 2023-жылдын 13-февралында Москвада кол коюлган 2014-жылдын 23-декабрындагы ЕАЭБтин алкагында медициналык буюмдарды жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол ратификацияланды

- Толук аталышы: 2023-жылдын 13-февралында Москвада кол коюлган 2014-жылдын 23-декабрындагы ЕАЭБтин алкагында медициналык буюмдарды жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол ратификацияланды
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2023
- Редакциянын күнү: 09.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-24582>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/24582>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-24582.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2023-жылдын 13-февралында Москвада кол коюлган 2014-жылдын 23-декабрындагы ЕАЭБтин алкагында медициналык буюмдарды жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол ратификацияланды (09.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-24582

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2023-жылдын 13-февралында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында медициналык буюмдарды (медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техниканы) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты 2023-жылдын 13-февралында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында медициналык буюмдарды (медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техниканы) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо аркылуу мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Протокол Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерде медициналык буюмдарды 2025-жылдын 31-декабрына чейин улуттук эрежелерге ылайык каттоо мүмкүнчүлүгүн камсыздайт (колдонуудагы редакцияда 2022-жылдын 31-декабрына чейин).

2026-жылдын 1-январынан тартып медициналык буюмдарды каттоо Евразия экономикалык бирликтин эрежелерине ылайык гана ишке ашырылат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
