Москвада кол коюлган ЕАЭБтин алкагында медициналык буюмдарды жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол ратификацияланды
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2023-жылдын 13-февралында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында медициналык буюмдарды (медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техниканы) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2023-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты 2023-жылдын 13-февралында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында медициналык буюмдарды (медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техниканы) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо аркылуу мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.
Протокол Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерде медициналык буюмдарды 2025-жылдын 31-декабрына чейин улуттук эрежелерге ылайык каттоо мүмкүнчүлүгүн камсыздайт (колдонуудагы редакцияда 2022-жылдын 31-декабрына чейин).
2026-жылдын 1-январынан тартып медициналык буюмдарды каттоо Евразия экономикалык бирликтин эрежелерине ылайык гана ишке ашырылат.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.