# “Үрөн жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди

- Толук аталышы: “Үрөн жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2023
- Редакциянын күнү: 09.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-24581>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/24581>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-24581.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: “Үрөн жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди (09.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-24581

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Үрөн жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу " Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 22-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 8-февралындагы №26 «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын аткаруунун алкагында даярдалган, жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына үрөндөрдү алып келүүнүн тартибин белгилөө, ошондой эле редакциялык-тактоочу мүнөздөгү өзгөртүүлөр каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
