# Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2023
- Редакциянын күнү: 03.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-24557>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/24557>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-24557.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди (03.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-24557

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Ушул Мыйзам 2023-жылдын 22-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесинин 1-бѳлүгүндѳ соттук териштирүүнүн убагында прокурор айыптоону колдоодон баш тартканда сот өндүрүшүн жокко чыгаруучу жагдай болуп саналат.

Кабыл алынган Мыйзамдын 1-беренесинин 1-пункту менен аталган жагдай (соттук териштирүүнүн убагында прокурор айыптоону колдоодон баш тартканда) реабилитациялоочу жагдайлардын тизмесине киргизилди.

Ошондой эле кабыл алынган Мыйзамдын 1-беренесинин 3,4-пункттары менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттериндеги айырмачылыктарды жоюуга багытталган айрым орфографиялык түзөтүүлөр киргизилет.
