# «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол коюлду

- Толук аталышы: «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол коюлду
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2023
- Редакциянын күнү: 24.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-24546>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/24546>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-24546.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол коюлду (24.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-24546

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2023-жылдын 24-июлунда (№ 145) «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына кол койду.

Конституциялык Мыйзам 2023-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Конституциялык Мыйзамда мамлекеттик камсыздандыруу органдары камсыздандыруу суммасын төмөнкүдөй учурларда төлөп берери белгиленген:

1) прокурор жана тергөөчү өз кызматтык милдеттерин аткарып жатып, курман болгондо (өлүмгө учураганда). Курман болгондун үй-бүлөсүнө анын акыркы кызмат орду боюнча жыйырма орточо айлык эмгек акысынын өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнөт. Курман болгондун үй-бүлөсүнө кызматкер курман болгон учурда орун алган шарттарда жана негиздерде бардык шарты бар турак жай алуу укугу сакталат;

2) прокурор жана тергөөчү кызматтык милдеттерин аткарып жатканда мындан ары кесиптик иши менен алектенүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган мертинүү же майыптык алганда, төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бир жолку камсыздандыруу суммасы төлөнөт:

а) I топтогу майыпка – акыркы кызмат орду боюнча он орточо айлык эмгек акы;

б) II топтогу майыпка – акыркы кызмат орду боюнча сегиз орточо айлык эмгек акы;

в) III топтогу майыпка – акыркы кызмат орду боюнча беш орточо айлык эмгек акы.

Конституциялык Мыйзам прокуратура органдарынын жана башка укук коргоо органдарынын кызматкерлерине каралган төлөмдөрдүн тең өлчөмдүүлүгүн камсыз кылууга багытталган.
