# “2021-жылдын апрелинде жана 2022-жылдын сентябрында Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

- Толук аталышы: “2021-жылдын апрелинде жана 2022-жылдын сентябрында Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 21.07.2023
- Редакциянын күнү: 21.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-24544>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/24544>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-24544.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: “2021-жылдын апрелинде жана 2022-жылдын сентябрында Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду (21.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-24544

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2023-жылдын 20-июлунда (№ 142) “2021-жылдын апрелинде жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 29-июнунда кабыл алынган.

Бул Мыйзамдын максаты 2021-жылдын 28–30-апрелинде Баткен облусунда жана 2022-жылдын 14–17-сентябрында Баткен жана Ош облустарында болгон окуяларда каза болгон жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыркаган жарандарга мамлекеттик колдоону камсыз кылуу болуп саналат.

Мыйзамда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү жана жабыр тарткан адамдар үчүн социалдык кепилдиктердин негизги жана кошумча түрлөрү белгиленет.

Белгилеп кетсек, 2021-жылдын 28–30-апрелинде Баткен облусундагы жана 2022-жылдын 14–17-сентябрында Баткен жана Ош облустарындагы окуялардын кесепетинен курман болгон адамдардын балдарына жана ата-энелерине, ошондой эле жабыр тарткан, майыптыгы бар деп таанылган адамдарга мыйзамдарда белгиленген башка социалдык төлөмдөргө кошумча ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул каралган, анын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
