# "Этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

- Толук аталышы: "Этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2023
- Редакциянын күнү: 18.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-24524>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/24524>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-24524.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди (18.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-24524

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 7-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам тарыхый мекенине кайтууну каалаган этникалык кыргыздарга колдоо көрсөтүү маселелеринде көчүрүп келүү процессин жакшыртуу, жөнөкөйлөтүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.

Эми Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери кайрылман статусун ыйгаруу үчүн талапкерлердин арыздарын жана башка документтерин кабыл алат жана алар катталган күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде аларды Кыргыз Республикасынын миграция боюнча ыйгарым укуктуу органына жөнөтүшөт.

Ошондой эле этникалык кыргыздарда жана кайрылмандарда бажы чек арасы аркылуу жеке пайдаланууга арналган өздүк автотранспорт каражаттары менен өтүүгө мүмкүнчүлүк жаралды.
