# Аскердик кызмат жөнүндө Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

- Толук аталышы: Аскердик кызмат жөнүндө Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2023
- Редакциянын күнү: 18.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-24521>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/24521>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-24521.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аскердик кызмат жөнүндө Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди (18.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-24521

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду (2023-жылдын 14-июлунда № 137).

Мыйзам 2023-жылдын 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамда жогорку аскердик окуу жайларды аяктаган адамдардын контракт боюнча аскер кызматынын мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга узартуу, ошондой эле Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын начальнигинин, мөөнөттүү аскер кызматы каралган тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин өтүнүч каты боюнча коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине мөөнөттүү аскер кызматынын аскер кызматчыларын белгиленген аскер кызматынын мөөнөтүнөн ашык, бирок эки айдан ашпаган убакытка чейин аскер кызматында калтырууга укук берилет.
