# 2021-жылдын 28–30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкерлерине бюджеттик кредиттер боюнча карыздары кечирилди

- Толук аталышы: 2021-жылдын 28–30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкерлерине бюджеттик кредиттер боюнча карыздары кечирилди
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2023
- Редакциянын күнү: 23.06.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/president-18174>
- Расмий булак: <https://president.kg/ru/news/24/18174>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/president-18174.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2021-жылдын 28–30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкерлерине бюджеттик кредиттер боюнча карыздары кечирилди (23.06.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/president-18174

---

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2021-жылдын 28–30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине берилген бюджеттик кредиттерди эсептен чыгаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 24-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам 2021-жылдын 28–30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 115 “2021-жылдын 28–30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине зыяндын ордун толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык берилген бюджеттик кредиттер боюнча карызды эсептен чыгаруу тартибин жөнгө салат.

Мыйзамда 2021-жылдын 28–30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттеринин бюджеттик кредиттер боюнча берилген карыздары, анын ичинде бул Мыйзам күчүнө кирген учурга карата болгон карыздын негизги суммасын, пайдалангандыгы үчүн пайыздарды жана финансылык санкцияларды эсептен чыгаруу каралган.
