КР КЭ 22-106:2025 «Иштелип жаткан аймактардагы жана чөгүп кете турган жер кыртыштарындагы имараттар жана курулмалар»
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Курулуштагы ченемдик документтер тутуму КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЭРЕЖЕЛЕРИ
Система нормативных документов в строительстве СТРОИТЕЛЬНЫЕ ПРАВИЛА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
ИШТЕЛИП ЖАТКАН АЙМАКТАРДАГЫ ЖАНА ЧӨГҮП КЕТЕ ТУРГАН ЖЕР КЫРТЫШТАРЫНДАГЫ ИМАРАТТАР ЖАНА КУРУЛМАЛАР
ЗДАНИЯ И СООРУЖЕНИЯ НА ПОДРАБАТЫВАЕМЫХ ТЕРРИТОРИЯХ И ПРОСАДОЧНЫХ ГРУНТАХ
СП КР 22-106:2025
Расмий басылма Издание официальное
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ ГОСУДАРСТВЕННОЕ АГЕНТСТВО АРХИТЕКТУРЫ, СТРОИТЕЛЬСТВА И ЖИЛИЩНО-КОММУНАЛЬНОГО ХОЗЯЙСТВА ПРИ КАБИНЕТЕ МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ БИШКЕК 2025
Сөз башы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (Мамкурулуш) алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан ЖАҢЫРТЫЛДЫ Мамкурулуштун Архитектура, контролдоо жана техникалык ченемдөө башкармалыгы тарабынан КИРГИЗИЛДИ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы № 44 токтому менен бекитилген Мамкурулуш жөнүндө жобонун негизинде Мамкурулуштун 2025-жылдын __-____________ №______ буйругу менен БЕКИТИЛИП, 2025-жылдын ___-_________ тартып ИШКЕ КИРГИЗИЛДИ КЧжЭ 2.01.09-91 «Иштелип жаткан аймактардагы жана чөгүп кете турган жер кыртыштарындагы имараттар жана курулмалар»дын ОРДУНА
Мамкурулуштун уруксатысыз ушул курулуш эрежелерин расмий басылма катары толугу менен же жарым-жартылай көчүрмөсүн жасоого, аларды тираждоого жана таратууга болбойт
© Мамкурулуш, 2025
Ушул курулуш эрежелеринин жоболору кайра каралган (алмаштырылган) же жокко чыгарылган учурда, тиешелүү билдирме белгиленген тартипте жарыяланат. Тийиштүү маалымат, билдирмелер жана тексттер жалпы колдонгон маалыматтык тутумдарда – иштеп чыгуучунун расмий сайтында жайгаштырылат
Мазмуну 1 Колдонуу чөйрөсү ................................................................................................................... 1 2 Ченемдик шилтемелер ............................................................................................................ 1 3 Терминдер жана аныктамалар ............................................................................................... 2 4 Жалпы жоболор ....................................................................................................................... 6 5 Иштелип жаткан аймактардагы имараттар жана курулмалар .......................................... 11
5.1 Иштелип жаткан аймактардагы имараттарды жана курулмаларды эсептөө үчүн негизги шарттар жана баштапкы маалыматтар ................................................. 11
5.2 Иштелип жаткан аянттардагы пайдалуу кендер жаткан аймактарды пландоо жана куруу ...................................................................................................................... 16
5.3 Иштелип жаткан аймактарда куруу үчүн инженердик изилдөөлөргө жана долбоордук, уруксат берүүчү документтерди даярдоого кошумча талаптар ........... 18
5.4 Иштелип жаткан аймактарда имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо принциптери .................................................................................................................... 20
5.5 Иштелип жаткан аймактардагы имараттарды жана курулмаларды эсептөөгө карата негизги талаптар ................................................................................................. 22
6 Чөгүп кете турган жер кыртыштарындагы имараттар жана курулмалар....................... 28
6.1 Долбоорлоо үчүн топурак шарттары жөнүндө баштапкы маалыматтар ................. 28
6.2 Аянттарды пландоо жана куруу ................................................................................... 32
6.3 Имараттардын жана курулмалардын бекемдигин жана нормалдуу эксплуатациялоону камсыз кылуу боюнча чаралар .......................................................................... 33
6.4 Долбоорлоо боюнча негизги жоболор ......................................................................... 35
А тиркемеси Жер бетинин типтүү жылышуулары менен деформацияларынын мисалдары ........................................................................................................... 47 Б тиркемеси Иштелип жаткан аймактарда эксплуатацияланып жаткан имараттарды жана курулмаларды коргоо чаралары .............................................................. 49 В тиркемеси Иштелип жаткан аймактардагы каркастуу имараттарды долбоорлоо жана эсептөө өзгөчөлүктөрү ....................................................................................... 51 Г тиркемеси Иштелип жаткан аймактарында каркассыз имараттарды долбоорлоонун жана эсептөөнүн өзгөчөлүктөрү ....................................................................... 61 Д тиркемеси Кен иштелген аймактарда инженердик курулмаларды жана түтүктөрдү долбоорлоо жана эсептөө өзгөчөлүктөрү ........................................................ 64 Е тиркемеси Имараттарды жана курулмаларды эксплуатациялоо мезгилинде аларды тегиздөөнү эске алуу менен долбоорлоо өзгөчөлүктөрү ............................... 68 Ж тиркемеси Курулуш шарттары боюнча пайдалуу кендер жаткан аймактардын категориялары .................................................................................................. 71 И тиркемеси Чөгүп кете турган жер кыртыштарындагы негиздердин деформацияларын жана катуулук коэффициенттерин эсептөө .................................................... 77 К тиркемеси Тереңдетилген жер астындагы бөлүгү бар имараттардын жана курулмалардын негиздерин долбоорлоо өзгөчөлүктөрү ............................................. 86
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЭРЕЖЕЛЕРИ Курулуштагы ченемдик документтердин тутуму ИШТЕЛИП ЖАТКАН АЙМАКТАРДАГЫ ЖАНА ЧӨГҮП КЕТЕ ТУРГАН ЖЕР КЫРТЫШТАРЫНДАГЫ ИМАРАТТАР ЖАНА КУРУЛМАЛАР Здания и сооружения на подрабатываемых территориях и просадочных грунтах Buildings and structures on undermined territories and slumping soils КЧжЭ 2.01.09-91 жаңыртылган редакциясы Киргизүү датасы –___. ___. 2025
1 Колдонуу чөйрөсү Бул курулуш эрежелери иштелип жаткан аймактардагы жана чөгүп кете турган жер кыртыштарындагы имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо талаптарын белгилейт. Бул курулуш эрежелеринин талаптары сейсмикалык аймактардагы имараттарды жана курулмаларды долбоорлоого, ошондой эле гидротехникалык курулмаларды, жолдорду жана аэродромдордун каптамын долбоорлоого жайылтылбайт.
2 Ченемдик шилтемелер Бул курулуш эрежелери төмөнкү ченемдик документтерге шилтемелерди камтыйт: Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө» мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамы; КР КЧ 20-02:2024* Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери; КР КЧ 40-01:2023 Суу менен камсыздоо. Тышкы тарамдар жана курулмалар; КР КЧ 40-02:2023 Саркынды сууларды чыгаруу. Тышкы тарамдар жана курулмалар. Долбоорлоо ченемдери;
КР КЧ 51-01:2024 Таш жана армоташ конструкциялары; КР КЧ 53-01:2024 Болот конструкциялары. Долбоорлоо ченемдери; КР КЧжЭ 23-02-2000 Курулуш климатологиясы; КЧжЭ 2.02.01-83* Имараттардын жана курулмалардын негиздери; КЧжЭ 2.04.01-85* Имараттардын ички суу түтүгү жана канализациясы; КЧжЭ 2.06.15-85 Аймактарды суу ташкынынан жана суу каптоодон инженердик коргоо; МамСТ 27751-2014 Курулуш конструкцияларынын жана негиздердин ишенимдүүлүгү. Негизги жоболор жана талаптар; МамСТ 31937-2011 Имараттар жана курулмалар. Техникалык абалды текшерүү жана мониторинг жүргүзүү эрежелери; МамСТ 23161-2012 Топурактар. Чөгүү мүнөздөмөсүн лабораториялык аныктоо ыкмасы; МАКЧ 2.03-01-95 Кооптуу жаратылыш таасирлеринин геофизикасы.
Э с к е р т ү ү – Бул курулуш эрежелерин колдонууда шилтеме берилген документтердин аныктыгын текшерүү сунуш кылынат:
- коомдук маалымат системасында – Кыргызстандарттын расмий сайтында, квартал сайын, жылдык стандартташтыруу документтеринин тиешелүү жыл үчүн Каталогу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан курулуш боюнча ченемдик документтердин индексинде тиешелүү жыл үчүн "Курулуш каталогу КК".
Шилтеме берилген документ алмаштырылган (өзгөртүлгөн) учурда, бул ченемдерди колдонууда алмаштырылган (оңдолгон) документти пайдалануу сунушталат. Эгерде шилтеме берилген документ алмаштырылбай, жокко чыгарылса, анда ал документке шилтеме берилген жобо ага тиешелүү эмес бөлүгүндө колдонулат.
3 Терминдер жана аныктамалар Бул курулуш эрежелеринде тиешелүү аныктамалары менен төмөнкү терминдер колдонулат:
3.1 тоо казындысы: Кен казып алуу, инженердик-геологиялык изилдөөлөр жана жер астындагы курулуштарды куруу максатында кен казуу иштеринин натыйжасында пайда болгон жер кыртышындагы көңдөй.
3.2 топурак: Адамдын инженердик жана курулуш ишмердүүлүгүнүн объектиси болгон тоо тектердин бардык түрлөрүнүн жалпы аталышы.
3.3 горизонталдык жылышуу, ust: Топурактын өздүк салмагынан олуттуу бирдей эмес чөгүүсүндө пайда болгон топурактын же курулманын горизонталдык жылышуусу.
3.4 жер бетинин вертикалдык деформациялары: Вертикалдык кыймылдардагы туура эмес өзгөрүүлөрдөн улам жер бетинин вертикалдык тегиздиктеги деформациялары.
3.5 жол берилген курулуш негизинин деформациялары: Курулмаларда узак мөөнөттүү пайдалануу үчүн азыркы иштетүү жана оңдоо иштерин жүргүзүү жетиштүү болгон деңгээлдеги бузулууларга алып келүүчү деформациялар.
3.6 курулма негизинин чектик деформациялары: Алардын ашып кетиши курулмалардын авариялык абалына же адам өмүрүнө коркунуч алып келе турган деңгээлдеги деформациялар.
3.7 болжолдуу деформациялар жана чөгүү: Кен казуу иштеринин өнүгүү календарлык планы жок шарттарда аныкталуучу деформациялар менен жылышуулардын чоңдуктары.
3.8 күтүлүп жаткан деформациялар жана чөгүүлөр: Кен казуу иштерин өнүктүрүүнүн календардык пландары жана эсептөө үчүн зарыл болгон баштапкы маалыматтар белгилүү болгон шарттарда аныкталган деформациялардын жана чөгүүлөрдүн чоңдуктары;
3.9 төмөнкү катмардын кошумча чөгүүсү, sut: Чөгүүчү катмардын астында жаткан топурак катмарынын бир калыпта бөлүштүрүлгөн имараттын же курулуштун салмагынан, ошондой эле чөгүүчү топурактын тыгыздыгы жана нымдуулугу жогорулаганда анын өз салмагынын артуусунан, жер түркүктү кагуудан, пландуу толтуруудан улам пайда болгон тик багыттагы деформациясы.
3.10 казма бет: Казуу иштери ачык же жабык (жер астында) жол менен жүргүзүлүп, жумуш жүрүп жатканда кыймылдаган жер.
3.11 курулуштун жабык ыкмасы : Жер астындагы курулмаларды алардын үстүндөгү жер бетин ачпай куруу ыкмасы.
3.12 казып алуу таасиринин зонасы: Айланадагы курулуштардын объектилеринин ишенимдүүлүгүнө жана эксплуациялоого жарамдуулугуна терс таасири аз болгон аймак.
3.13 негиздин катуулугунун коэффициенти, С: Негиздин кысылуусунун мүнөздөмөсү, ал негизге бирдей бөлүштүрүлгөн жүктөмдүн анын жүктөмүнө катышын билдирет.
3.14 жер бетинин жылышуусундагы мульданын кыйшаюусу:
Мульданын эки коңшу аралыгынын ийилүү айырмасынын ошол эле аралыктардын узундуктарынын жарымынын суммасына болгон катышы.
3.15 жер бетинин жылышуусундагы мульда: Жер бетинин кен иштетүүнүн натыйжасында жылышкан участогу.
3.16 жылышуу мульдасынын интервалдарынын жантаюусу:
Мульданын эки коңшу чекитинин чөгүү айырмаларынын алардын ортосундагы аралыгына болгон катышы.
3.17 баштапкы чөкмө нымдуулук, wsl: Белгиленген чыңалуу абалында топурактын чөкмө касиеттери байкала баштаган минималдуу нымдуулук.
3.18 баштапкы чөгүү басымы, psl: Топурактын толугу менен сууга каныкканда чөгүү касиети байкала баштаган минималдуу басым.
3.19 каптоо: Чуңкурларды бекитип жана алардын ички бетин түзгөн туруктуу конструкция.
3.20 кен иштетүү иштеринен жабыркаган курулмалар: Кен иштетүү иштери жүргүзүлүп жаткан аймакта жайгашкан имараттар, курулмалар жана инженердик коммуникациялар.
3.21 жер бетинин чөгүшү: Мульда жылышуусундагы жер бетиндеги чекиттин жылышуу векторун түзгөн вертикалдык кыймылы.
3.22 курулманын негизи: Курулма менен өз ара аракеттенген топурак массасы.
3.23 салыштырмалуу чөгүү касиети, εст: Табигый жаткан абалдагы баштапкы калыңдыгына салыштырмалуу, берилген басым астында нымдуулугу жогорулаганда капталга кеңейүү мүмкүнчүлүгү жок шартта топурак катмарынын калыңдыгынын өзгөрүү катышы.
3.24 жер бетинин салыштырма горизонталдык чоюлуу же кысуу деформациясы (тоо тектеринин катмары): Жылышуу мульдасында горизонталдык жылышуулардын бирдей эместигинен келип чыккан (тоо тектеринин катмарындагы) горизонталдык тегиздиктеги жер бетинин (тоо тектеринин катмарынын) деформациясы.
3.25 жер астындагы курулма, же курулманын жер астындагы бөлүгү:
Жер бетинин деңгээлинен төмөн жайгашкан курулма, же курулманын бөлүгү.
3.26 объектиге тийиштүү жер астындагы иштер: Пайдалуу кендерди казып алуу же объектиге таасир тийгизген ар кандай максаттар үчүн жер астындагы курулмаларды куруу максатында жер астындагы жабык кен иштетүүчү жайларды уюштуруу.
3.27 жер астындагы кен казуу аймагы: Жер астындагы кен иштетүүнүн натыйжасында имараттардын же курулмалардын негизинде топурактын бирдей эмес чөгүшү же жылышы мүмкүн болгон аймак.
3.28 оюк: Жер астында кен иштетүүнүн таасиринен жер бетинин кулап калган бөлүгү.
3.29 чөкмө топурак: Негизинен структуралык жактан туруксуз, чополуу топурак (лёсс), нымдуулук белгилүү бир деңгээлден жогору көтөрүлгөндө анын күчү жоголот жана сырткы жүктөмдүн жана (же) өз салмагынын таасири астында анын кошумча тыгыздашуусу – топурактын чөгүүсү.
3.30 чөгүү катмары (төмөндөп жаткан катмар), Hsl: Топурактын табигый бети же пландоо деңгээлинен баштап, чөгүп кетпеген топурактын үстүнкү чегине чейинки катмары.
3.31 жер кыртышынын жылышуусу (тоо тектеринин катмары): Тоо-кен иштери учурунда анын табигый тең салмактуулугунун бузулуусунан улам жер бетинин (тоо тек массасынын) жылышуусу жана деформациясы.
3.32 жылышуу мульдасындагы кыйшаюу: Катмардын жаткан багытына параллель жана перпендикулярдуу тартылган квадраттын түз бурчунун деформациядан мурунку өзгөрүүсүнүн чоңдугу. Катмарлардын бир-бирине карата кыйшаюусу катмардын жаткан багыты боюнча жана башка белгиленген багытта болушу мүмкүн.
3.33 жылышуу мульдасындагы буралуу: Төрт чарчы аянттын чек араларынын деформацияга чейинки параллель жантайышындагы айырманын анын тарабына болгон катышы. Эсептөөдө урунуучу багыттагы буралуу (кайчылаш сокку) x жана y жылышуулары боюнча чөгүү функциясынын экинчи туундусу катары аныкталат (мында х - каралып жаткан чекиттен мульданын негизги кесилишине чейинки жайылуу багыты боюнча ага каршы аралык болуп саналат; y - каралып жаткан чекиттен мульданын негизги кесилишине чейинки тегиздиктин жайылуусу боюнча ага каршы багыттагы аралык). Буралууларды жайылуу багыты боюнча жана ага перпендикулярдуу багыттагы деп бөлүшөт.
3.34 негиздин кысылуусунун өзгөрүлмөлүүлүк деңгээли, αE,sl:
Топурактын деформация модулунун эң чоң маанисинин анын эң кичине маанисине тереңдик боюнча катышы, же негиздин эң чоң вертикалдык деформациясынын анын эң кичине чоңдугуна болгон катышы.
3.35 негиздин чөгүүчү топурактарынын кысылуу касиеттеринин өзгөрмөлүүлүк даражасы, αE,sl: Табигый нымдуулуктагы чөкмө топурактын тереңдик боюнча деформациялык модулунун эң жогорку маанисинин сууга толук каныкканда (курулманын планынын чегинде) же негиздин максималдуу вертикалдык деформациясынын анын эң төмөнкү маанисине катышы.
3.36 тоннель: Темир жол жана автомобиль жолдорун, жөө өтмөктөрдү, коммуникацияларды ж.б. салуу үчүн арналган, бийиктиги 2 м же андан ашык болгон горизонталдык же жантайыңкы жер астындагы курулма.
3.37 кыртепкичтер: Тоо тектеринин жылышында жаракалардын пайда болушу менен көрүнгөн жер бетинин топтолгон деформациялары.
3.38 салыштырмалуу ийрилик радиусу, Ryc: Табигый түрдө салынган топурак бетинин ийрилиги, же пайдубал ийри сызыктуу участокто топурактын нөлдөн максималдуу мааниге чейинки өз салмагынан келип чыккан чөгүшү, ал ийри сызыктуу участоктун узундугунун квадратынын топурактын өз салмагынан келип чыккан максималдуу чөгүүсүнүн чоңдугуна болгон катышы менен аныкталуучу ийрилик.
3.39 коопсуздук чеги: Кен казуу коркунучун алдын алуу максатында жер астында калтырылган пайдалуу кендердин бөлүгү.
4 Жалпы жоболор
4.1 Пайдалуу кендердин аймагында курула турган имараттарды жана курулмаларды долбоорлоодо Кыргыз Республикасынын "Жер казынасы жөнүндө" мыйзамынын 25-беренесинин "Жер казынасын пайдалануу укугун "биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча берүүнүн тартиби", ошондой эле Кыргыз
Республикасынын "Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" мыйзамын эске алуу зарыл.
4.2 Иштелип жаткан аймактарда курула турган имараттар менен курулмаларды долбоорлоодо төмөнкүлөрдү эске алуу керек:
жер бетиндеги деформациялардын имараттарга жана курулмаларга тийгизген зыяндуу таасирин төмөндөтүүнү камсыз кылуучу иш-чараларды пландаштыруу; имараттарды жана курулмаларды коргоо боюнча конструктивдүү чаралар; имараттар менен курулмалардын бир калыпта эмес чөгүшүн азайтуучу жана кыйшаюусун түзөтүү үчүн ар кандай ыкмаларды колдонуу менен жүргүзүлүүчү иш-чаралар; жер бетиндеги деформацияларды азайтуучу кен иштетүү иштеринин тартиби каралган тоо-кен иштери боюнча коргоо чаралары; негиздин чөгүп кетишин азайтуучу курулуш аянтчаларын инженердик жактан даярдоо иштери; мурда кен иштетилген аймактарда чуңкурлардын пайда болуу мүмкүнчүлүгүн жоюу боюнча чаралар; изилдөө иштеринин жүрүшүндө аныкталган мурда кен иштетилген боштуктарды жоюу (жабуу, кайра толтуруу ж.б.); негиздин бирдей эмес деформациялары пайда болгон учурда, тышкы жана ички инженердик тармактардын, лифттердин жана башка инженердиктехнологиялык жабдуулардын нормалдуу эксплуатациялоону камсыз кылуу боюнча чаралар. Жогоруда көрсөтүлгөн коргоо чараларын аткаруу курулуштардын көтөрүүчү жана тосмо конструкцияларында эксплуатациялоо шарттарына ылайык жол берилген деформациялар менен жаракалардын пайда болуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт, ал оңдоо иштерин жүргүзүү менен жоюлат.
4.3 Эксплуатациялануучу имараттар менен курулмалардын астындагы кенди иштетүү учурунда Б тиркемесинде көрсөтүлгөн коргоо чаралары каралышы керек.
4.4 Кадимки курулуш шарттары үчүн иштелип чыккан имараттардын жана курулмалардын долбоорлорун кен казылган аймактардагы курулуштар үчүн
пайдаланууга жол берилбейт, ал үчүн аларды эсептөө жолу менен текшерүү жана зарыл болгон учурда ушул ченемдердин талаптарына ылайык кайра иштеп чыгуу талап кылынат. Кен иштетүү аймагында курулуучу имараттардын жана курулмалардын типтүү долбоорлору ар кандай топтогу кен казуу аймактарында колдонуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн бир типке келтирилиши керек.
4.5 Жаңы же жакшыртылган конструктивдүү чечимдери менен имараттар жана курулмалар, жер бетин тегиздөө жана тоо-кен иштетилүүчү аймактарда негизди даярдоо ыкмалары менен табигый шарттарда эксперименттик сыноолордун оң жыйынтыктарын алгандан кийин гана массалык курулушта колдонууга уруксат берилет.
Айрым учурларда, мамлекеттик стандарт (МамСТ 27751) боюнча жоопкерчиликтин I жана II категориясындагы имараттар менен курулмаларды жаңы конструктивдүү чечимдер менен жеке долбоорлор боюнча курууга жергиликтүү долбоорлоо уюмдары иштеп чыгып, башкы институттар жана мурдагы жер астындагы конструкциялардын долбоордук документтерин иштеп чыккан долбоорлоо уюмдары менен макулдашылгандан кийин жол берилет.
4.6 Кен иштетилген аймактарда имараттар менен курулмаларды курууда жер бетинин жана имараттар менен курулмалардын деформациясын аспаптык жол менен байкоо жүргүзүү боюнча иштер алдын ала, зарылдыгы болгон учурда курулуш мезгилинде дагы долбоордо каралышы керек.
4.7 Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" мыйзамында каралган имараттарды жана курулмалардын курулушу; (өзгөчө кооптуу, техникалык жактан татаал жана уникалдуу объектилер), эреже катары, иштетилип жаткан аймактарга уруксат берилбейт.
4.8 Имараттарды жана курулмаларды чөкмө топурактарда долбоорлоодо төмөнкүлөрдү эске алуу керек:
курулуш аянтчасынын инженердик-геологиялык шарттарынын өзгөчөлүктөрү (чөгүү деформацияларынын түрлөрүн, пайда болуу булактары жана режимдери, чөгүү катмарынын астындагы топурактын мүнөздөмөсү ж.б.); инженердик даярдык жана курулуш аянтчаларын пландоо; имараттардын жана курулмалардын нормалдуу эксплуатациялоону камсыз кылуу үчүн колдонулуучу иш-чаралардын түрлөрүн (топурактын чөкмө касиеттерин жоюу; чөгүп бараткан топуракты жер казык менен кесүү; курулуш иш-чараларынын комплекси); жергиликтүү курулуш шарттары жана имараттар менен курулмаларды долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо тажрыйбалар, анын ичинде аларды
ушундай топурак шарттарында алардын негиздериндеги деформацияларды байкоо натыйжалары. негиз топурагынын бирдей жана бирдей эмес вертикалдык (чөгүү) жана горизонталдык жылышууларынын долбоорлонуп жаткан конструкцияларга тийгизген таасири; жергиликтүү курулуш шарттары жана имараттар менен курулмаларды долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо тажрыйбалар, анын ичинде аларды ушундай топурак шарттарында алардын негиздериндеги деформацияларды байкоо натыйжалары. жаңы курулуш таасиринин аймагында айланадагы курулуштардын бар болушу жана алардын техникалык абалын.
4.9 Чөкмө шарты боюнча II түрдөгү (6.1.3) топурактардын өз салмагынан улам Ssl.g≥20 см кем эмес чөгүшү мүмкүн болгон шарттарда, долбоордук документтерде "Курулуштарды техникалык эксплуатациялоо" (КТЭ) бөлүмү болушу керек, анда эксплуатациялык уюмдар үчүн төмөнкү көрсөтмөлөр камтылууга тийиш:
курулушу (реконструкциялоону) аяктаган курулманы эксплуатациялоого кабыл алууга кошумча талаптар жөнүндө; көтөрүүчү жана тосмо конструкцияларын системалуу түрдө ввизуалдык текшерүү иштерин жүргүзүү боюнча; ички жана тышкы суу түтүктөрүнүн, ошондой эле суу жана ар кандай суюктуктар сакталган идиштердин абалын системалуу текшерип туруу жөнүндө. нымдуу технологиялык процесс бар бөлмөлөрдө, ошондой эле суу өткөрүүчү коммуникациялардын кирүүчү жана чыгуу жерлеринде топурактын нымдуулугуна мезгил-мезгили менен байкоо жүргүзүү; авариялык суу агып чыгуулар табылган учурда аларды ыкчам жоюу боюнча зарыл чаралар жөнүндө.
4.10 II типтеги чөкмө топурактарга курулуучу имараттар үчүн иштелип чыккан жана анын ичинде, кен иштетүүчү, жер титирөө коркунучу бар жана башка аймактарда да колдонулуучу типтүү долбоорлорду жергиликтүү топурактын шартына ылайыкташтырууда конструкциялардын жана пайдубалдын деформациясын эсептөөнү жеңилдетүү максатында ал долбоорлорду колдонууга боло турган 6-бөлүмдө келтирилген маалыматтарга ылайык төмөнкү критерийлер көрсөтүлүшү керек:
топурактын өз салмагынан келип чыккан мүмкүн болгон чөгүүсү Ssl.g, см; негиздин жалпы чөгүү жана кысылуу көлөмүнүн салыштырмалуу айырмасы, ∆s/L, см/м; салыштырмалуу горизонталдуу жылышуу εu, мм/м; негиздин бетинин жантаюусу i, мм/м;
негиздин деформациясынын тегиз эместигинин индекси К, мм/м, же негиздин ийрилигинин шарттуу радиусу Ryc, м.
4.11 Кадимки (өзгөчөлөнбөгөн) топурак жана кадимки шарттарда, конструкциялардын жана топурак негиздеринин деформациясы боюнча тиешелүү эсептерин аткарбастан I типтеги чөкмө топуракта курула турган имараттардын типтүү долбоорлорун чөкмө топурактарга байланыштырганда, аталган долбоорлорду чектик колдонууга жол берген критерийлер ал топурак негиздеринин болушунча кысылуучу касиеттеринин өзгөрүү деңгээлдеринин αE жана негиздин деформациясынын чектик бирдей эместигин ∆su аларды даярдоодо колдонулган ыкмаларын эске алуу зарыл:
а) чөкмө топурактардын негизинин αE.sl кысылуучулук касиетинин өзгөрүү даражасынын чектелген маанилери орточо деформация модулунун Esl тиешелүү маанисинде;
б) чөкмө топурактан турган негиздин ∆su.sl деформациясынын чектик бир калыпта эместиги;
в) чектик чөгүүнүн орточо мааниси su.
αE, Е жана ssi негиз топурактын мүнөздөмөсүнүн маанисин КЧжЭ 2.02.01, αE.sl ушул КР КЭ 6.1. бөлүмү менен аныкталат.
4.12 Топурактын чөкмөлүгү боюнча II тибиндеги өзгөчө имараттар менен курулмаларды, ошондой эле жоопкерчиликтин I жана II категориясындагы объектилерди долбоорлоо учурунда мурда пратикада ийгиликтүү колдонулбаган принципиалдуу жаңы конструкциялык чечимдерди колдонуу менен долбоорлоо жана курулуш иштери илимий-техникалык коштоо менен КЧжЭ 2.02.01 талаптарына ылайык жүргүзүлүшү керек.
4.13 МамСТ 27751 ылайык, чөкмө топурактарда жоопкерчиликтин I жана II дегээлиндеги имараттар менен курулмалардын долбоордук документтерин даярдоо учурунда төмөнкүлөрдү көзөмөлдөө керек:
жүргүзүлгөн инженердик-геологиялык изилдөөлөрдүн жетиштүүлүгү жана алардын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган корутундулардын жана сунуштардын негиздүүлүгү; аткарылып жаткан долбоордук документтер, анын ичинде конструктивдик схемалар боюнча кабыл алынган техникалык чечимдер, негизди даярдоо ыкмалары, колдонулган эсептөө моделдери жана программалык комплекстер ж.б.
4.14 Иштелип жаткан аймактарда долбоорлонуп жаткан имараттын, же курулманын долбооруна атайын паспорт тиркелет, анда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
конструктивдүү схемасынын кыскача сүрөттөлүшү, курулуш жана эксплуатациялоо учурунда жүргүзүлгөн коргоо чаралары, ошондой эле жол
берилбеген деформациялар пайда болгон учурда имаратты түздөө ыкмалары жөнүндө кыскача маалымат; жер бетинин деформацияларынын болжолдонгон өлчөмдөрү жана негиз топурагынын физикалык-механикалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтар; геотехникалык мониторингди уюштуруу жана жүргүзүү, анын ичинде имараттын же курулманын жана жер бетинин деформацияларын аспаптык байкоо жүргүзүү боюнча көрсөтмөлөр; имаратты же курулманы эксплуатациялоого өткөрүп берүү учурундагы аспаптык байкоолордун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар; кыймылсыз тирөөчү байкоочу белгилердин жайгашуу планы – аларды жер бетинин, имараттардын жана курулмалардын чөгүүсүн байкоо үчүн колдонулууга болот. жол берилбеган деформациялардын пайда болушу жөнүндө мониторингдин маалыматтарынын негизинде алынган маалыматты кабарлоо каражаттары. Паспорт эксплуатациялоочу уюмда сакталышы керек.
4.15 Чөкмө топурактарга курулуучу имарат же курулманын долбооруна атайын паспорт тиркелиши керек, анда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү зарыл:
конструктивдүү схемасынын кыскача сүрөттөмөсү, негиздин жол берилүүчү чектүү деформациялары жана курулманы нормалдуу эксплуатациялоону камсыз кылуу үчүн долбоордо кабыл алынган чаралар; объектинин курулуш процессинде жана эксплуатациялоодон кийин биринчи жылдары геотехникалык мониторингди жүргүзүү боюнча көрсөтмөлөр; бирдей эмес деформациялар пайда болгон учурда лифттердин, крандын астындагы жана башка транспорттук жолдордун горизонталдуу жана вертикалдуу абалын тегиздөө боюнча сунуштар. жаңы курулманын кварталынын, же курулуш аянтынын пландоо схемасы, анда төмөнкүлөрдү көрсөтүлөт: айланадагы колдонуудагы курулуш объектилери; колдонуудагы жана долбоордогу суу менен камсыз кылуучу инженердик коммуникациялар (суу түтүгү, канализация, жаан суусун агызуучу түтүк, жылуулук түтүгү ж.б.) түтүктөрдүн айрым бөлүктөрүн авариялык абалда өчүрүү үчүн токтотуучу түзүлмөлөрдүн жайгашкан жерин.
4.16 Геотехникалык мониторинг КЧжЭ 2.02.01, МамСТ 31937 ылайык иштетилүүчү аянттардагы жана чөкмө топурактардагы имараттар жана курулмалардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жүргүзүлүүгө тийиш.
5 Иштелип курулмалар
жаткан
аймактардагы
имараттар
жана
5.1 Иштелип жаткан аймактардагы имараттарды жана курулмаларды эсептөө үчүн негизги шарттар жана баштапкы маалыматтар
5.1.1 Иштелип жаткан аймактардагы имараттардын жана курулмалардын конструкцияларын эсептөөлөрдү топурак массасынын деформацияларын болжолдоого жана курулманын, анын пайдубал конструкциясынын жана деформациялнуучу негизинин өз ара аракеттрин эске алууга шарт түзгөн байкоолордун жана заманбап компьютердик программалык камсыздоо каражаттарынын жардамы менен жүргүзүү сунушталат.
Мындай учурда баштапкы маалыматтар төмөнкүлөр болуп саналат: жер астындагы иштетүүлөрдүн геометриялык параметрлери (массивдеги жайгашкан тереңдиги, формасы жана өлчөмү); иштетилүүчү аянттардагы курулуп жаткан же курулган имараттын же курулманын жер астындагы бөлүгүн жана пайдубал конструкциясын кошо алганда, курулуш конструкцияларынын конструктивдик схемалары жана курулуш материалдарынын физикалык-механикалык касиеттери. жер астындагы казып алуунун ыкмасы (технологиясы), колдонулган жабдуулардын түрү жана анын мүнөздөмөлөрү; жер бетинин рельефи жана кен иштетүү иштери башталганга чейинки тоо тектер массивинин чыңалуу абалы тууралуу маалыматтар, талаа өлчөөлөрдүн жана адистештирилген уюмдар тарабынан жүргүзүлгөн эсептөөлөрдүн жыйынтыктарын эске алуу менен бааланган маалыматтар; тоо тектер массивинин курамы тууралуу маалыматтар; тоо тектер массивин түзгөн тектер менен топурактардын физикалыкмеханикалык касиеттери тууралуу маалыматтар. Бул маалыматтар жер астындагы иштердин таасирин эске алуу менен курулушту эсептөөдө эске алынуучу эң төмөнкү белгиге чейинки геологиялык кесилиште каралат; имаратты же курулманы куруу жана жер астындагы иштердин жүрүшүнүн убакыт ырааттуулугу тууралуу маалыматтар.
5.1.2 Имараттар менен курулмалардын конструкцияларындагы күчтөрдүн өзгөрүшүнө жер астындагы иштердин таасирин баалоо үчүн болжолдуу ыкмаларды колдонууга жол берилет. Бул ыкмаларда жер астындагы иштердин таасири сырткы таасир катары берилет, бул учурда топурак массасынын жылышынын мульдасынын чегинде каралып жаткан имарат же курулма эске алынбай аныкталат (глобалдуу жылышуулар).
Глобалдык жылышууларды эсептөө үчүн топурак массасынын чыңалуудеформация абалынын өзгөрүшүн чектүү элементтер ыкмасы менен моделдөөчү программалык каражаттарды, ошондой эле байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктарын жалпылоонун негизинде алынган эмпирикалык формулаларды колдонууга болот. Бул учурда имараттын же курулманын жалпы жылышуулары глобалдык жылышууларды, негиздин деформациялануучу касиетин жана имараттын же курулманын катуулугун эске алуу менен эсептелген глобалдык жана жергиликтүү жылышуулардын суммасы катары каралат. Курулма менен негиздин иштөө шарттарын моделдөөдө кабыл алынган тегиздик маселелеринин алкагындагы схемалоодо (жер астындагы кен чыккан жердин узундугу боюнча же туурасынан, же жер астындагы кен казып алуунун огу боюнча жайгашкан кеңейтилген курулуш) бул аракеттер төмөнкү параметрлердин жыйындысы менен мүнөздөлөт: чөгүү η, мм; курулманын огу боюнча негиздин бетинин жантаюусу i, мм/м; ийрилик (томпоктук, чуңкурлук) р, 1/км же ийриликтин радиусу R=l/p, км, курулманын огу аркылуу өткөн вертикалдык тегиздикте; курулманын огу боюнча горизонталдык жылышуусу, мм; курулманын огу боюнча салыштырмалуу горизонталдык чоюлуу, же кысылуу деформациясы ε, мм/м; Жер бетинин деформацияларынын схемалары жана түрлөрү типтүү мисалдар менен А тиркемесинде берилген. Эгер курулманын огунун жээгинде жайгашкан мульданын бардык негизги огу (х) боюнча η(х) жана ζ(х) маанилеры берилсе, анда i(x), r(x), ε(x) параметрлери η(х), ζ(х) аркылуу белгилү айырма катыштары аркылуу аныкталат:
i (х)=(η(х+∆х) - η(х))/ ∆х;
ε(x)=(ξ(x+∆x)-ξ(x))/ ∆x. Эгерде тегиздик маселесинин схемасын баштапкы маалымат катары колдонуу мүмкүн эмес болсо, анда мульданын бардык чекиттеринде базалык беттин жылышуу векторунун бардык компоненттерин коюу жана имараттар менен курулмалардын конструкцияларынын мейкиндик иши эске алынышы керек. Мульда жылышуусунун чегинде жер бетинин деформацияларынын мейкиндик мүнөзүн жалпылап сүрөттөгөн кошумча параметрлер төмөнкүлөр болуп саналат:
буралуу s, 1/км; кесүү у, мм/м. Эгерде каралып жаткан тоо-геологиялык шарттарда жер астын иштетүүнүн болжолдуу маалыматтары боюнча (мисалы, тик жантайма катмарларды иштетүүдө) мульда бетинин формасы үзгүлтүксүз өзгөрүшү мүмкүн болсо, анда мульданын чегинде алардын болжолдуу жайгашуусун көрсөтүү менен кырлардын чоңдугу h, см аныкталышы керек. Долбоордо каралган учурларда, жер бетинин деформацияларынын өсүү ылдамдыгы v, мм/(м мес) эске алынат.
5.1.3 Иштелип жаткан аймактарда имараттар менен курулмаларды долбоорлоо учурунда баштапкы маалымат катары (иштетүүнүн календардык пландары бар учурда) күтүлүүчү максималдуу же (календардык пландар жок учурда) ыктымал жер бетинин жылышуулары жана деформацияларынын өлчөмдөрү мульданын жылышынын бардык чекиттеринде, же анын болжолдуу негизги багыттарындагы чекиттерде кабыл алынышы керек.
5.1.4 Учурдагы курулуш шарттарында ар кандай максаттар үчүн жер астындагы сызыктуу курулуштарды (тоннелдер, коллекторлор, түтүктөр ж.б.)
курууда курулуштун натыйжасында пайда болгон деформацияларды эсептөө зарыл (А тиркемесин кара). Эсептөөдө интегралдык мүнөздөмөлөрдүн таасиринин интенсивдүүлүгүн (топурактын ашыкча болушу ж.б.) эске алууга уруксат берилет.
5.1.5 Иштетилүүчү аянттар 5.1-таблицага ылайык мульданын негизги огу боюнча жер бетинин деформацияларынын маанилерине жараша топторго бөлүүгө болот.
5.1 – т а б л и ц а
Аймактар тобу
Иштетилүүчү аймактардын жер бетинин деформациялары салыштырмалуу ийириликтин горизонталдык жантаюу i, мм/м радиусу R, км деформация мм/м 12 ≥ ε ˃ 8 20 ≥ ε ˃ 10 1≤Р<3 8≥ε˃5 8≥ε˃7 3≤Р<7 5≥ε˃3 5≥ε˃5 7 ≤ Р < 12 3≥ε˃0 3≥ε˃0 12 ≤ Р < 20
Кен байлыктарды казып алуу учурунда жер бетинде кырлар пайда болгон иштетилүүчү аянттарды 5.2-таблицага ылайык топторго бөлүү керек.
5.2 – т а б л и ц а
Аймактар тобу Кырлардын бийиктиги h, см
Iк 25 ≥ h ˃ 15
IIк 15 ≥ h ˃ 10
IIIк 10 ≥ h ˃ 5
IV к 5≥h˃0
5.1.6 Имараттарды жана курулмаларды эсептөөдө жүктөм факторлору катары эсептөөдө эске алынган жер бетинин деформацияларынын эсептелген маанилери жер бетинин деформацияларынын күтүлгөн (болжолдуу) маанисин
5.3-таблицага ылайык алынган ашыкча жүктөмдүн тиешелүү коэффициенттерине көбөйтүү жолу менен аныкталууга тийиш.
5.3 – т а б л и ц а
Жылышуулардын жана деформациялардын түрлөрү Чөгүү η Горизонталдык жылышуу ξ Жантаюу I Чыңалуунун горизонталдык чоюлушу же кыылуусу ε Ийри ρ Кыр h Буралуу s Кесүү γ
аталышы nη nξ ni nε nρ nh ns nγ
Коэффициент, n деформацияларды жана жылышууларды эсептөө үчүн күтүлгөн ыктымалдуу 1,2(0,9) 1,1(0,9) 1,2(0,9) 1,1(0,9) 1,4(0,8) 1,2(0,8) 1,4(0,8) 1,2(0,8) 1,8(0,6) 1,4(0,8) 1,8 1,4
1,4(0,6) 1,2(0,8) 1,4 1,2
Э с к е р т ү ү – Ар кандай типтеги деформациялардын маанисинин төмөндөшү курулуштардын эмгек шарттарын начарлатышы мүмкүн болгон учурда, жер бетинин эки же андан көп типтеги максималдуу деформацияларынын бир эле учурда аракетин эсептөөдө п < 1 коэффициенттери эске алынышы керек.
5.1.7 Жер бетинин деформацияларынын таасири боюнча имараттарды жана курулуштарды эсептөөдө 5.4-таблица боюнча кабыл алынган m иш шарттарынын тиешелүү коэффициенттерин киргизүү зарыл.
5.4 – т а б л и ц а
Деформация
Салыштырмалуу горизонталдык
Аталышы
mε
Иш шарттарынын коэффициенттери m Имараттын (курулманын) бийиктигинин узундугуна болгон катышы h/l болгондо 0,5ке чейин
0,5тен 1ге чейин
1ден жогору
1,0
0,8
0,7
5.4 – таблицанын аягы
Деформация
Жантаюу i Ийрилик р Буралуу s Кесүү
Аталышы mi mρ ms mγ
Иш шарттарынын коэффициенттери m Имараттын (курулманын) бийиктигинин узундугуна болгон катышы h/l болгондо 0,5тен 1ге 0,5ке чейин 1ден жогору чейин 1,0 0,8 0,7 1,0 0,7 0,5 1,0 0,7 0,5 1,0 0,8 0,7
Эскертүүлөр 1 Имараттын (курулманын) кесилишин кароодо l катары анын туурасы кабыл алынышы керек. 2 План боюнча тегерек болгон имарат (курулма) үчүн 1 анын сырткы диаметри катары кабыл алынышы керек. 3 Мунара тибиндеги имарат (курулма) үчүн l < 15 м mi = 1,5 кабыл алуу керек. 4 60 метр жана андан узун көпүрө крандарынын жолу үчүн mi = 0,5 деп алуу керек.
5.1.8 Эгерде кен иштетүүнүн жана геологиялык изилдөөнүн шарттары окшош болгон, б.а. кен иштетүүнүн имаратка тийгизген таасирин баалоо талап кылынган учурларда, η(x), ξ(х), графиктеринин ордуна имараттын же анын белгилүү узундуктагы l бөлүгүнүн i, ρ, ε, сыяктуу жалпы көрсөткүчтөрү колдонулуп келсе, анда төмөнкү чоңдуктар аныкталат:
Тиешелүү түрдө жердин бетинин эсептик ийрилигинен улам пайда болгон имараттын (курулманын) негизинин эки чекитинин ортосундагы эсептик чөгүүнүн айырмасы ∆ηR ∆ηR = nρ mρ (x12 – x22)/2R жана бир калыптагы орточо жантаюудан пайда болгон
∆ηi= ni mi i (x2 – x1), формулалары менен аныкталат мында х1, x2 (х1 < х2) – каралып жаткан чекиттерден имараттын же анын бөлүгүнүн борбордук огуна чейинки аралыктар n, m – тиешелүү түрдө 5.3 жана 5.4-таблицалары боюнча аныкталуучу ашыкча жүктөмдүн жана иш шарттарынын коэффициенттери; горизонталдык деформациялардын натыйжасында имараттын (курулманын) же анын бөлүгүнүн борбордук огуна карата негиздин ар кандай чекитинин эсептелген жылышуулары: ∆l= nξ mξ ε x
5.1.9 Кырдын эсептелген багыты жана эсептелген жайгашуусу имараттын, же курулманын көтөрүүчү конструкциясына эң чоң күч келтире турган түрдө алынышы керек.
5.2 Иштелип жаткан аянттардагы аймактарды пландоо жана куруу
пайдалуу
кендер
жаткан
5.2.1 Пайдалуу кендердин өндүрүштүк запасы бар аймактарды курулуш үчүн тандоодо белгиленген курулуштун максатка ылайыктуулугу имараттар менен курулмаларды жайгаштыруунун мүмкүн болгон варианттарынын экономикалык натыйжалуулугун салыштырма эсептөөлөрү менен такталышы зарыл. Бул эсептөөлөрдө курулуш чыгымдары эске алынышы керек:
а) имараттарды жана курулмаларды жерди иштетүүнүн таасиринен коргоо жана курулуш өндүрүштүк базасын кеңейтүү боюнча чаралар;
б) имараттарды жана курулмаларды оңдоо;
в) жабдуулардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу;
г) зарыл болгон учурда, тоо-кен өнүктүрүү планын түзөтүүгө байланыштуу.
5.2.2 Иштелип жаткан аянттарда шаарларды жана башка конуштарды пландаштыруу жана өнүктүрүү долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон картографиялык материалдар төмөндөгүлөрдү камтышы керек:
а) курулуш аймагынын топографиялык планынын көчүрмөсү;
б) курулуш аймагынын гипсометриялык пландарынан жана геологиялык бөлүктөрүнөн казылып алынган жана казуу пландалган пайдалуу кендердин запасын көрсөтүү;
в) иштетилген аймактын геологиялык картасы, анда минералдык катмарлардын жана тектоникалык бузулуулардын чөкмөлөрү жана иштетилүүгө тийиш болбогон кооптуу зоналар көрсөтүлөт.
Картографиялык материалдарда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
а) коопсуздук тирөөчтөрү менен корголгон аймактар;
б) эски вертикалдык жана жантайыңкы оюктардын башаты;
в) пайда болгон жана пайда боло турган чуңкурлардын зоналары;
г) жер астындагы суулардын жана ташкын суулардын капташы мүмкүн болгон зоналар;
д) курулуш аянтчасында жана ага жакын жерлерде мурда түзүлгөн кырлардын жайгашуусу;
е) курулууга тийиш болбогон кен таштарынын калдыктарынын долбоордук чектеринен механикалык коргоочу жана санитардык зоналары;
ж) жер бетинин деформацияларынын чоңдугу боюнча ар кандай топтордун, же деформациялардын изолиниялары менен курулуш аянтчасынын планынын аймактарынын контурлары;
з) пайдалуу кендердин баланстык жана баланстан тышкаркы запастары жайгашкан аймактардын контурлары.
Э с к е р т ү ү – Бардык картографиялык материалдарды бирдей масштабда, бирок 1:5000ден кичине эмес, ал эми узундугу чоң объектилер үчүн – 1:10 000 кем эмес масштабда берүү сунуш кылынат. Мындай шкаладагы материалдар жок болгон учурда, 1:25,000 шкаласын колдонууга уруксат берилет.
5.2.3 Долбоордук документтерди иштеп чыгууда деталдуу пландоо долбоорлору жана курулуш долбоорлорунун курамына негизги чиймелердин масштабында түзүлгөн тоо-кен жана геологиялык чектөөлөрдүн схемалары камтылышы керек. Схемаларда курулуш шарттарына жараша аймактардын категориялары: турак жай райондорун жана кичи райондорду өнүктүрүү үчүн жарактуу, жарым-жартылай жарактуу, жарактуу эмес, убактылуу жараксыз көрсөтүлүшү керек.
Аймактарды категорияларга бөлүү сунушталган Ж тиркемесине ылайык жүргүзүлүшү керек.
5.2.4 III жана IV топторуна караганда деформациясы чоң болгон иштетилүүчү аянттарда шаарларды жана конуштарды курууну пландоодо курууга жарактуу аймактарды натыйжалуу пайдалануу каралышы керек.
Аймактардын топторунун ар кандай айкалышы бар объекттерде, эреже катары, курулушту коргоо чараларын колдонуу менен курулушу мүмкүн болгон функционалдык зоналардын жана жеке имараттардын (курулмалардын) жайгашкан жерин эске алуу зарыл.
5.2.5 Функционалдык зоналардын жана турак жай аймагынын элементтеринин кен казылган аймактардын топтору боюнча жайгашуусу
5.5-таблицада берилген.
Курулуш үчүн жараксыз жерлер жашыл тилкелер, аянттар, сейил бактар жана эс алуу аянтчалары үчүн бөлүү керек.
5.5 – т а б л и ц а
Кен иштетүүгө бөлүнгөн аймактарды оптималдуу топторго бөлүштүрүү" 1 Мектептердин жана балдар мекемелеринин жер IV, III тилкелери Маданий-тиричилик кызмат көрсөтүү IV, III мекемелеринин жана ишканаларынын жер тилкелери Турак жай аймагынын функционалдык зоналары жана элементтери
5.5 – таблицанын аягы
Кен иштетүүгө бөлүнгөн аймактарды оптималдуу топторго бөлүштүрүү" 3 Коммуналдык- чарбалык багыттагы тилкелери IV, III, II 4 Коомдук имараттар (кабаттардын санына IV, III карабастан) 5 Спорт курулмалары 6 Кабаттуу турак үйлөрдүн астындагы жер тилкелери: IV, III, II 5ке чейин 5 тен 9га чейин IV, III 7 Магистралдык көчөлөр IV, III 8 Турак жай көчөлөрү жана унаа жолдор IV, III, II, I Турак жай аймагынын функционалдык зоналары жана элементтери
5.2.6 Бир сериядагы имараттардын стандарттык долбоорлору ар кандай тоогеологиялык шарттарда жана аймактардын топторунун мүмкүн болушунча кеңири чөйрөсүн өнүктүрүүнү камсыз кылган, ар кандай сандагы жана узундуктагы бөлүктөрү менен имараттардын варианттарын камтыгандай эсеп менен иштелип чыгуусу керек.
5.2.7 Шаарлар менен кыштактарды пландоо жана куруу долбоорлорун иштеп чыгууда имараттардын октору жана көчө торлору мульда жылышуусунун негизги огуна параллель болушу керек, ал эми имараттардын узундугу жердин бетинин эң аз деформациялануучу багытында жайгаштырылышы керек.
5.2.8 Катмарлуу кендерди иштетүү учурунда пайдаланыла турган аянтчаларда курулуучу каркасы жок имараттардын узунунан созулган огу, жердин бетинде кырлар пайда болбогон учурда, негизинен катмардын жаткан багыты боюнча багытталышы керек. Кырлардын пайда болушу күтүлгөн аянтчаларда имараттарды алардын ортосуна жайгаштыруу, же узунунан созулган огун катмардын жаткан багытына перпендикулярдуу багытта жайгаштыруу туура болот. Геологиялык бузулуулар чыккан жерлерде имараттардын узунунан созулган октору жантаюу тарабына багытталышы керек.
5.3 Иштелип жаткан аймактарда куруу үчүн инженердик изилдөөлөргө жана долбоордук, уруксат берүүчү документтерди даярдоого кошумча талаптар
5.3.1 Иштетилип жаткан аймактарда курулуучу имараттар менен курулмалардын долбоорлорун тоо-кен геологиялык жана геотехникалык негиздемелерге таянып иштеп чыгуу керек, анда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү зарыл:
казылган катмарлар боюнча геологиялык жана гидрогеологиялык маалыматтар; жер астындагы казууларда өтмөктөрдү пландоо, ал эми пайдалуу кендерди иштетүү учурунда – пайдалуу кенди иштетүүнүн келечеги көрсөтүлгөн тоо-кен иштеринин пландары; пайдалуу кендерди иштетүү системалары жөнүндө маалымат; жер бетиндеги деформациялардын күтүлгөн (болжолдуу) маанилери жөнүндө маалыматтар; пландалган курулуш жана тоо-кен иштерине коргоо чараларынын тизмеси; Кыргыз Республикасынын тоо-кен жана өнөр жай көзөмөлү органдарынан курулушка алынган уруксаты.
5.3.2 Иштетилип жаткан аймактардагы имараттарды жана курулуштарды долбоорлоо үчүн инженердик изилдөөлөрдүн материалдары кошумча төмөндөгүлөрдү камтышы керек:
а) жер бетинин чөгүшүнө байланыштуу иштетүү аймагынын геоморфологиялык, гидрогеологиялык жана гидрологиялык шарттарынын өзгөрүшүн баалоо (чөгүү, жер көчкү, жер астындагы суулардын деңгээлинин мезгилдик жана көп жылдык өзгөрүүлөрүн эске алуу менен аймактарды суу каптоо мүмкүнчүлүгү);
б) аянттын гидрогеологиялык шарттарынын өзгөрүшүнө байланыштуу топурактын физикалык-механикалык касиеттеринин мүмкүн болгон өзгөрүшүн баалоо;
в) эски вертикалдык жана жантайыңкы иштетүүлөрдүн башаттарынын жайгашкан жери жөнүндө маалымат;
г) мурда кен иштетилген аянттар жөнүндө маалыматтар, иштетилген жерлердин тоо тектери менен толтурулуу даражасы, алардын чек аралары (тоокен иштеринин пландары жок болсо), тоо тектердин каптоочу катмарлары (тоо тектердин курамы, катмардагы боштуктардын абалы жана өлчөмдөрү);
д) 5.5.8, б.
каралган учурларда - басымдын жогорулашында жана бошотууда топурак сыноолору жөнүндө, негиздин деформациясынын сызыктуу эместигин мүнөздөгөн маалыматтар;
е) 5.5.8, в. каралган учурларда - жүктөмдүн ар бир баскычында деформацияларды өз убагында каттоо менен топуракты сыноолордун маалыматтары.
5.3.3 Аймактык геологиялык уюмдардын маалыматтары боюнча, чөкмө астындагы тектоникалык дизъюнктивдүү жаракалар же тоо тектеринин тектоникалык дизъюнктивдүү бузулуулар болгон аймактарда курулуш учурунда казылып алынган мейкиндикте боштуктардын жайгашкан жерин, жаракалардын чыгышы жана мүмкүн болсо катмарлардын аралашуу тегиздигинин жантаюу
бурчтарын жана тоо тектердин жылышынын амплитудаларын аныктоо үчүн изилдөө иштеринин комплексин жүргүзүү зарыл.
5.3.4 Келечекте чөгүү, ошондой эле көчкү пайда болуусу мүмкүн деп болжолдонгон иштетилип жаткан аймактарда имараттарды жана курулмаларды курууга жол берилбейт.
Чыгуучу жана чыгып калган катмарлардын, ошондой эле тектоникалык бузулуулар бар (чөкмөлөр астындагы чыккан катмарлар менен кошо) участоктордо, ошондой эле мурда иштетилген райондордо курууга курулуштун зарылдыгын тиешелүү техникалык-экономикалык негизделген учурда жана жер бетинин деформацияларын болжолдоо мүмкүнчүлүгү бар болгондо гана жол берилет.
5.3.5 Метан жана башка зыяндуу газдардын жер бетине чыгышы үчүн кооптуу аймактарда имараттар менен курулмаларды долбоорлоо алардын кирип кетүүсүнөн коргоо чараларын эске алуу менен жүргүзүлүүгө тийиш.
5.3.6 КЧжЭ 2.06.15 талаптарына ылайык пайдалуу кендерди иштетүүнүн натыйжасында техногендик суу ташкындары же суу астында калышы мүмкүн болгон аймактарда курулуш учурунда аймакты инженердик коргоо камсыз кылуу каралууга тийиш.
Аймактарды суу каптоону же суу астында калууну божомолдоо жана тийиштүү коргоону долбоорлоо адистештирилген уюмдун корутундусунун негизинде ишке ашырылышы керек.
5.4 Иштелип жаткан аймактарда имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо принциптери
5.4.1 Имараттар жана курулмалар, алардын багытына жана иштөө шарттарына жараша, катуу, ийилчээк же аралаш конструкциялык схемалар боюнча долбоорлонууга тийиш. Конструкцтивдүү схеманын түрү киргизилген коргоо чараларынын зарылчылыгын, мүнөзүн жана курамын аныктайт.
5.4.2 Катуу конструкциялык схема боюнча долбоорлоодо төмөнкү себептерден улам негиздин деформациясы болгон учурда, көтөрүүчү конструкциялардын айрым элементтеринин өз ара кыймылынын мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу зарыл:
имараттарды жана курулуштарды деформациялык жик менен өзүнчө бөлүктөргө бөлүү; көтөрүүчү негизги конструкцялардын жеке бөлүктөрүн жана аларды бирибири менен байланыштыруучу элементтерди бекемдөө; кабаттар боюнча дубалдарда темир бетон курчоолорду орнотуу;
темир-бетон тосмо жана жер таман элементтеринен горизонталдык дисктерди орнотуу; имараттардын жана курулмалардын пайдубалдарын жыш плиталар, кайчылаш устундар, устун-дубалчалар ж.б. түрүндө орнотуу. Ийкемдүү конструкциялык схема боюнча долбоорлоодо төмөнкүдөй себептерден улам жер бетинин бирдей эмес деформацияларына кошумча күчтөрдүн жардамысыз курулуштарды ылайыкташтыруу мүмкүнчүлүгүн кароо зарыл: жер астындагы бөлүгүндө горизонталдык жылма жиктерди орнотуу; көтөрүүчү жана коргоочу конструкциялардын элементтеринин ортосуна шарнирдүү жана ийилчээк байлагыч киргизүү; көтөрүүчү конструкциялардын катуулугун төмөндөтүү; ийкемдүү кошумча жана компенсациялоочу түзүлүштөрдү киргизүү; коңшу курулуштардын ортосундагы ажырымдарды көбөйтүү. Бул чаралар негиздин деформацияланган учурунда конструкциялык элементтер үчүн жетиштүү таяныч аянтын камсыз кылуу эсеби менен колдонулушу керек: айрым өз ара аракеттенген конструкциялык элементтердин ортосундагы жиктердин аба жана суу өткөрбөй калышы; негизинин деформацияланган учурунда конструкциялык элементтердин туруктуулугу. Аралаш конструкциялык схема боюнча долбоорлоодо имараттардын жана курулмалардын жер астындагы жана жер үстүндөгү бөлүктөрүнүн ар кандай конструкциялык схемаларын колдонуу менен катуу жана ийкемдүү схемалардын айкалышын кароо зарыл.
5.4.3 Татаал формадагы имараттар жана курулмалар деформациялык жик аркылуу бөлүктөргө бөлүнөт. Бөлүктүн ичиндеги имараттардын жана курулмалардын бийиктиги бирдей болот, ал эми бөлүктөрдүн узундугу жер бетинин деформацияларынын эсептелген маанилерине, пайдубалдын топурагынын физикалык-механикалык касиеттерине, кабыл алынган конструкциялык схемага жана технологиялык талаптарга жараша эсептелүүгө тийиш.
Бөлүмдөрдүн ортосундагы деформациялык жик негизи деформацияланган учурда бөлүмдүн эркин жантайышын же айлануусун камсыз кылууга тийиш. Деформациялык жиктин өлчөмү 5.5.14 көрсөтмөлөрүнө ылайык эсептелиши керек. Деформациялык жиктер имараттардын жана курулмалардын жанаша бөлүмдөрүн бүт бийиктиги боюнча, анын ичинде чатырды жана пайдубалын бөлүп турушу керек.
5.4.4 Деформациялык жик аймагындагы көтөрүүчү дубалдардын пайдубалдары, эреже катары, үзгүлтүксүз жайгаштырылат. Деформациялык жиктин чоңоюп кетпеши үчүн, бөлүнгөн пайдубалды колдонууга жол берилет.
Рамалык-байланыштыруучу же байланыштыруучу схемалар боюнча курулган каркас имараттардын деформациялык жигиндеги эки колоннанын астындагы пайдубалдарды калган колонналардын астындагы пайдубалдар горизонталдуу багытта плиталар, байланыштыруучу элементтер жана башкалар менен бири-бирине байланыштырылбаса, бөлбөй коюуга жол берилет. Байланыштар болгон учурда жылуучу жигин орнотуу менен жалпы бетон (темир бетон) жаздыктагы симметриялуу эмес кош пайдубалды орнотууга жол берилет.
5.4.5 Негизди коргоо жана инженердик даярдоо боюнча курулуш чаралары конструкциялардын (курулмалардын) жол берилген ченемден ашып кеткен деформацияларын жана кыйшаюуларын жокко чыгарбаган учурларда, имараттар жана курулмалар алардын бирдей эмес чөгүүлөрүн төмөндөтүүчү жана алардын кыйшаюуларын жоюуга багытталган чараларды, анын ичинде тегиздөөнү колдонууну эске алуу менен долбоорлонууга тийиш.
Имараттарды жана курулмаларды коргоонун варианттары жана аларды тегиздөө боюнча чаралар техникалык - экономикалык салыштыруунун негизинде кабыл алынышы керек.
5.4.6 Лифт шахталары жер бетинин деформацияларынан келип чыккан жантаюуларды эске алуу менен долбоорлонууга тийиш. Шахтанын дубалдарынын вертикалдык тегиздиктен эсептелген четтөөлөрү стандарттарда жол берилгенден ашып кеткен учурларда, долбоордо лифт шахтасынын абалын жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү каралышы керек.
5.4.7 Имараттарга жакын жайгашкан инженердик курулуштар 5.5.14 берилген көрсөтмөлөргө ылайык деформациялык жик менен имараттардан бөлүнүп турушу керек.
5.4.8 Технологиялык жабдуулардын пайдубалдары жабдуулардын түрүнө жана аны иштетүү үчүн технологиялык талаптарына жараша атайын коргоо чараларын колдонууну кароо менен долбоорлонууга тийиш. Бул учурда, пайдубалдар сунушталган Е тиркемесиндеги көрсөтмөлөргө ылайык иштелип чыгышы керек.
5.5 Иштелип жаткан аймактардагы имараттарды жана курулмаларды эсептөөгө карата негизги талаптар
5.5.1 Иштетилүүчү аймактарда курулууга арналган имараттардын жана курулмалардын конструкциялары, төмөнкүдөй деформацияларды эске алуу
менен, чектөөчү абалдардын биринчи жана экинчи топтору үчүн МамСТ 27751 ылайык эсептелүүгө тийиш:
а) негиздер-анын вертикалдуу жана горизонталдуу жылышуулары түрүндө көрүнгөн кен иштетүүнүн таасиринен;
б) курулмадан топуракка берилген басымдан.
5.5.2 Туруктуу, узак мөөнөттүү, кыска мөөнөттүү мүмкүн болгон жүктөмдөрдөн жана кен иштетүүдөн келип чыккан таасирлерден турган атайын жүктөмдөр айкалышына конструкцияларды эсептөө эң жагымсыз таасирлердин айкалышы боюнча жүргүзүлүшү керек (5.5.3-5.5.5).
5.5.3 Кен иштетүүдөн келип чыккан таасирлердин мүмкүн болгон айкалыштары болуп төмөнкүлөр саналат:
(а) чыңалуунун салыштырмалуу горизонталдык деформациясы плюс ε, томпоктуктун ийрилиги плюс ρ, жантайма i;
б) горизонталдык кысуу деформациясы минус ε, чуңкурдун ийилгендиги минус ρ, жантайма I;
в) жердин үстүндөгү кыр (кырдын бийиктиги h) жана ага тиешелүү горизонталдык деформация ε жана жантайма I.
Жер бетинин ырааттуу вертикалдык деформациялары (ийилгендик) учурунда а, б пунктчасында көрсөтүлгөн деформациялардын айкалыштарын эске алуу керек, тепкичтүү деформациялар (кыр) учурунда - в пунктчасындагы деформациялардын айкалышы. Эгерде жылышуу мульдасынын мейкиндик мүнөзүн эске алуу зарыл болсо, анда кошумча түрдө буралуу s жана кыйшаюу γ деформацияларын эске алуу керек.
5.5.4 Деформациялардын мындай түрлөрүнөн келген күчтөр жүктөмдөрдүн жана таасирлердин башка түрлөрүнүн күчтөрүнө салыштырмалуу жетишерлик аз экендиги аныкталса, жер бетинин деформацияларынын айрым типтери курулуштарды эсептөөдө эске албоого жол берилет.
5.5.5 Негиздердин бирдей эмес деформацияларынын таасиринен пайда болгон имараттардын (курулмалардын) конструкцияларындагы деформациялардын күчтөрүн жана жаракалардын ачылуу кеңдигин аныктоо үчүн колдонулган негиздердин деформациясынын эсептелген маанилери 5.1.8 берилген формулалар боюнча кабыл алынат.
5.5.6 Кен иштетүүнүн таасиринен конструкциялардагы күчтөрдү аныктоого төмөнкүлөр керек:
а) жер үстүндөгү деформациялардын белгилүү бир түрлөрү жер астында иштеп чыгуу учурунда максималдуу мааниге жетип, бир эле учурда конструкцияда бир белгинин күчтөрүн пайда кылган маалыматтар бар болгон
учурда (күчтөр бириктирилген), деформациялардын бул түрлөрүндөгү эки күч (5.1) формуласы боюнча, үч күч (5.2) формуласы боюнча жыйынтыкталат (5.1) (5.2) мында Х1, Х2, Х3 – жер бетинин деформацияларынын ар кандай түрлөрүнүн күчтөрү;
б) эгерде казуу иштери жүргүзүүдө жер бетинин деформациясынын ар бир түрү максималдуу маанилери ар башка убакытта жетсе, анда деформациянын ар бир түрүнөн пайда болгон конструкциянын иштеши үчүн эң жагымсыз шарттарды түзгөн күчтөрдүн айкалышын эсептөөчү күч катары кабыл алуу керек.
5.5.7
Курулмалардын конструкцияларындагы күчтөр менен деформацияларды аныктоо үчүн колдонулган эсептөө схемалары курулмалардын иштөөнүн чыныгы шарттарын жана негиз менен өз ара аракеттенүүнүн өзгөчөлүктөрүн тиешелүү тактык менен чагылдырышы керек. Зарыл учурларда алар конструкциялардын материалдарынын мейкиндиктеги иштешин, геометриялык жана физикалык сызыктуу эмес болушун, ошондой эле жылышуусун эске алышы керек. Курулуш конструкцияларынын иштешинин сызыктуу эмес факторлорун комплекстүү түрдө эске алуу зарыл: физикалык жана конструкциялык сызыктуу эместик, жүктөмдүн өзгөрмө мүнөзү ж.б. Конструкциялардагы күчтөргө ар бир фактордун таасиринин деңгээлин ишенимдүү баалоосуз, бир эле факторду эсепке алууга жол берилбейт. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн сызыктуу эмес факторлорду чектүү элементтер ыкмасы менен эсептөө мүмкүн болбосо, анда курулуш конструкцияларынын эсептөөлөрүн жана топурак массасынын чыңалуудеформация абалын баалоо үчүн сандык ыкмаларды колдонгон инженердик ыкмаларды колдонуу керек. Көрсөтүлгөн ыкмалар курулуш менен негиздин өз ара аракетин сүрөттөө үчүн «контакттуу» моделдерди жана үстүнкү конструкциялардагы күчтөрдү аныктоо үчүн курулуш механикасынын ыкмаларын колдонууга негизделген.
5.5.8 Конструкцияларды негиз менен курулуштун биргелешип иштешинин шартын эске алуу кен иштетүүдөн келип чыккан таасирлерге эсептөө керек.
Негиз менен пайдубалдын байланыш бетиндеги контакттуу чыңалуулардын (нормалдуу жана негиз менен пайдубалдын байланышы) маанилерине жараша, негиздин модели төмөнкүдөй алынышы керек:
а) сызыктуу-серпилгич тутум;
б) топурактын турукташкан абалында негиздеги деформациялар менен жүктөмдөрдүн ортосундагы сызыктуу эмес байланышты, жүктөө жана бошотуу
учурунда негиздин деформациялык касиеттеринин айырмаланышын, пайдубал менен негиздин ортосундагы байланыштын бузулуусун чагылдырган сызыктуу эмес-серпилгич эмес тутум;
в) курулуш жана эксплуатациялоо мезгилдеринде (топурактын турукташпаган абалында) негиздин деформациялык касиеттерин чагылдырган реологиялык тутум.
Эсептөө үчүн негиздин моделдерин тандоодо курулуштун конструкциялык өзгөчөлүктөрүн, имараттын (курулуштун) функционалдык максатын жана 5.5.9 берилген көрсөтмөлөрдү эске алуу менен тандоо керек. Пайдубал менен байланышкан негиздин деформациялык касиеттерин аныктоодо, негиздин катуулук эки коэффициентин бир эле убакта колдонууга жол берилет: кысылуу учурунда – С, жылышуу учурунда – D, же алардын бирин гана колдонууга болот.
5.5.9 Негиздин моделин тандоо үчүн, негизди сызыктуу серпилгич тутум катары кабыл алып эсептөө жүргүзүү керек.
Эгерде бул эсептөөнүн натыйжасында алынган негиз менен пайдубал бетинин айрым тилкелериндеги нормалдуу ρ жана жанындагы τ чыңалуулар төмөнкү шарттарга жооп берсе: 0,5𝑝𝑝𝑛𝑛 ≤ 𝑝𝑝 ≤ 1,5𝑅𝑅; 𝑝𝑝 > 1,5𝑅𝑅 тилкеде 𝐹𝐹 ≤ 0,2𝐹𝐹𝑝𝑝 ; �, 𝜏𝜏 ≤ 0,5𝜏𝜏𝑚𝑚𝑚𝑚𝑚𝑚 же 𝜏𝜏 > 0,5𝜏𝜏𝑚𝑚𝑚𝑚𝑚𝑚 тилкеде 𝐹𝐹 ≤ 0,2𝐹𝐹𝜏𝜏
(5.3)
анда эсептөөнү сызык-серпилгичтүү тутумду пайдалануу менен жүргүзүүгө жол берилет. (5.3) формуласында: ρn – кен иштеринин таасири пайда болгонго чейинки абалдагы курулмадан негизге баштапкы нормалдуу басым, R – КЧжЭ 2.02.01 талаптарына ылайык аныкталган негиз топурагынын эсептелген каршылыгы; τmax – КЧжЭ 2.02.01 талаптарына ылайык аныкталган пайдубал түбүндөгү чыңалууга тиешелүү чектүү мааниси; F – чыңалуулары ашыкча ρ жана τ болгон негиздин пайдубал менен байланышкан аянты; Fρ, Fτ – негиз менен пайдубалдын ортосундагы байланыш аянттары, аларда нормалдуу жана тийиштүү чыңалуулар пайда болот. Эгерде (5.3) шарттар аткарылбаса, анда эсептөө сызыктуу эмес серпилгич эмес тутум түрүндөгү негиздик моделди колдонуу менен жүргүзүү керек.
5.5.10 Негиздин горизонталдуу деформациясынан улам пайда болгон имараттардын жана курулмалардын көтөрүүчү конструкцияларындагы күчтөр
имараттын (курулманын) конструкциялык өзгөчөлүктөрүнө, пайдубалдын тереңдигине, топурак менен байланыш аянтына, негиздин топурагынын физикалык-механикалык касиеттерине, анын ичинде жер кыймылы учурундагы өзгөрүүлөрүнө жана таасир эткен жүктөмдөргө жараша аныкталышы керек:
а) пайдубалдын түбүндөгү жылышуу күчтөрү же жик боюнча сүрүлүү күчтөрү (5.5.11 жана 5.6-таблицаны кара);
б) пайдубалдын каптал беттериндеги жылышуу күчү;
в) пайдубалдын үстүнкү беттерине жылма топурактын нормалдуу басымы.
5.11 Жылма жик боюнча сүрүлүү коэффициенттери 5.6-таблицага ылайык кабыл алууга болот.
5.6 – т а б л и ц а
Жылдыруу жигинин конструкциясы Эки катмар пергамин менен майдаланган графит катмары Ошол эле слюда пластиналары Ошондой эле, инерттүү чаң. Полиэтилен плёнкасынын графит катмары менен эки катмары
Катмар аралык материалдын сарптаплышы, кг/м2
Жылдыруу жиги боюнча сүрүлүү коэффициенти
0,5
0,20
1,0 1,0
0,30 0,40
0,4
0,15
Э к е р т ү ү – Жылдыруу жигинин тегиздиги тапталган болушу керек. Жиктин өлчөмүнүн вертикалдык четтөөлөрү жиктин узундугунун 1 м ге 5 ммашпашы керек.
5.5.12 Имараттарды жана курулмаларды эксплуатациялоо процессинде домкрат менен тегиздөөнү эске алуу менен долбоорлоодо конструкциялардын негиздин бирдей эмес деформацияларына жана аны тегиздөө баскычындагы таасирлерине эсептөөлөрдү аткаруу керек. Тегиздөөгө эсептөө менен тегиздөөчү түзүлмөлөрдөн келген борборлоштурулган жүктү кабыл алган, анын ичинде негиздин тегиздөөчү түзүлмөлөрдөн келген басымды кабыл алуудагы имараттын пайдубал-жер төлө бөлүгүнүн курулуш конструкцияларынын жүктөмдү көтөрүмдүүлүгү жана туруктуулугу, пайдубалды орнотуу тереңдиги, анын ичинде негиздин тегиздөөчү түзүлмөлөрдөн келген басымды кабыл алуудагы туруктуулугу текшерилиши керек.
5.5.13 Иштелип жаткан аймактарда жер бетинин деформацияларынын маанилери: ε ≤ 1 мм/м, R ≥ 20 км, i ≤ 3 мм/м жана h ≤ 1 см, суюктуктар үчүн темир-бетон идиштерди жана технологиялык жабдуулардын кээ бир түрлөрүн
кошпогондо, имараттарды жана курулмаларды коргоо боюнча чаралар адатта талап кылынбайт.
5.5.14 Бөлүмдөрдүн ортосундагы деформациялык жик өлчөмдөрү төмөнкү шарттарга жооп бериши керек:
фундаменттин базасынын деңгээлинде аd аd ≥ mεnεεL0; (5.4) карниздин аu деңгээлинде аu ≥ mεnεεL0+θH; (5.5) L0 – деформациялык жикке перпендикулярдуу багыттагы каркасы жок имараттардын (курулмалардын) жана байланыш-кергич же башка конструкциялык чечимдери бар пайдубалдуу каркас имараттардын коңшу бөлүктөрүнүн борборлорунун ортосундагы аралык, же байланышпаган пайдубалдары бар каркас имараттардын катуулук блокторунун борборлорунун ортосундагы аралык (5.1-сүрөт). H – пайдубалдын түбүнөн дубалдын үстүнө чейинки аралык (бийиктиги төмөн болгон бөлүмдө); θ – төмөнкү формулалар менен аныкталган негиздин деформацияларынан жанаша бөлүктөрдүн өз ара эсептелген бурчтук жылышы: жер бетинин акырындап деформацияланган участоктору үчүн
R – жер бетинин ийилгендигинин ийрилик радиусу;
(5.6)
топтолгон деформациялар (кырлар) көрүнгөн аянттар үчүн (5.7) мында L/ – кичинекей бөлүмдүн узундугу болуп саналат; L/ мааниси кырлардын ортосундагы аралыктан ашпашы керек.
5.1-сүрөт– Бөлүктөр ортосундагы деформациялык жиктин өлчөмдөрүн аныктоо үчүн схемалар
Бөлүктөрдүн ортосундагы деформациялык жиктин өлчөмү 20 см кем эмес кабыл алуу керек.
5.5.15 Типтүү конструкциялык схемалары менен имараттардын жана курулмалардын долбоорлоо жана эсептөөнүн өзгөчөлүктөрү тиркемелерде берилген: В - каркастуу имараттар, Г - каркассыз имараттар, Д - инженердик курулмалар жана түтүктөр.
5.5.16 Кен иштетүү иштери жүргүзүлүп жаткан аймактын жана курулманын биргелешкен деформациясынын чектелген маанилери төмөнкүлөрдү сактоо зарылчылыгынан келип чыгат:
а) курулманын деформацияланышына технологиялык же архитектуралык талаптар (бүтүндөй курулманын, же анын элементтеринин жана жабдууларынын долбоорлоо деңгээлдеринин жана абалынын өзгөрүшү, анын ичинде лифттердин, кран жабдууларынын, элеватордун көтөрүүчү түзүлүштөрүнүн ж.б.у.с. нормалдуу иштешине талаптар);
б) конструкциялардын бекемдигине, туруктуулугуна жана жаракаларга туруктуулугуна, анын ичинде курулманын жалпы туруктуулугуна талаптар.
6 Чөгүп кете турган жер кыртыштарындагы имараттар жана курулмалар
6.1 Долбоорлоо маалыматтар
үчүн
топурак
шарттары
жөнүндө
баштапкы
6.1.1 Топурактын шарты боюнча баштапкы маалыматтар, инженердикгеологиялык курулуш, гидрогеологиялык шарттар, топурактын негизги физикалык-механикалык касиеттери жана башкалар менен бирге, чөкмө
топурактардагы имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо үчүн төмөнкү өзгөчө мүнөздөмөлөр кирет:
а) топурактын чөкмөлүгү (εsl, чөкмөлүгү, баштапкы чөгүү басымы ρsL, баштапкы чөгүү нымдуулугу wsl) 6.1.2 кара;
б) 6.1.3 ылайык, чөкмө топурактардан турган аянттардын мүнөздөмөлөрү;
в) 6.1.4, 6.1.5 ылайык чөкмө топурак менен көрсөтүлгөн негиздердин параметрлери.
6.1.2 МамСТ 23161 боюнча чөкмө топурактардын өзгөчө касиеттери төмөнкүлөр болуп саналат: салыштырма чөгүү εsl, ал топурак катмарынын белгиленген басым астында сууга нымдалышынан мурун жана кийин каптал жагынан кеңейүү мүмкүнчүлүгү жок болгондогу калыңдыгынын өзгөрүшүнүн анын табигый баштапкы калыңдыгына болгон катышы катары аныкталат. Бул көрсөткүч топурак толугу менен сууга каныкканда, басымдын өзгөрүү интервалында аныкталат. Бул жерде минималдык басым ρmin, тигинен багытталган чыңалууга σzg тең болуп, ал каралып жаткан тереңдиктеги топурактын өз салмагынан келип чыгат жана вертикалдуу пландаштыруудагы бөлүктүү кесүүнү (төгүндүнү) эске алат. Ал эми максималдуу басым ρmin, тигинен багытталган чыңалуунун σzg ошол эле тереңдиктеги топурактын өз салмагынан келип чыккан жана пландаштыруучу төгүндүнү жана пайдубалдан, жер тамандан, технологиялык жабдуулардан ж.б. келген жүктөмдөрдөн (σzg ) келип чыккан суммасына барабар болот, башкача айтканда ρmax = σzgi + σzp. Эгерде εsl, ≥ 0,01;
болсо, анда топурак чөкмө топурак катары каралат; баштапкы чөгүү басымы ρsl, жерге болгон минималдуу басым ( σzg - же σzg + σzp), анын чөгүшү сууга толук каныкканда көрүнө баштайт. ρsl, мааниси катары – компрессиялык сыноолордун жыйынтыгы боюнча басым εsl = 0,01 кабыл алынат; баштапкы чөгүү нымдуулугу
– бул чөкмө топурактарда тигинен багытталган чыңалуулар σzg же σzg + σzp таасири астында чөгүү касиеттери баштала турган (εsl ≥ 0,01) минималдуу нымдуулук. Бул көрсөткүч топурак толук сууга каныкпаган учурларда, мисалы, курулуш аянтчасын изоляциялоодо, нымдын капиллярдык көтөрүлүшүндө, жер үстүндөгү суулардын жай сиңишинде, тыгызланган чопо топурактан жасалган суу өткөрбөгөн экран аркылуу топурактын нымданышында колдонулат.
6.1.3 Чөкмө топурактардан турган аянттын өзгөчө мүнөздөмөлөрү төмөнкүдөй болуп саналат:
топурактын чөкмөлүгү боюнча төмөнкүчө бөлүнөт: топурактын сырткы жүктөмдөн чөгүшү мүмкүн болгон топурактын 1-тиби, ал эми топурактын өз салмагынан чөгүшү жок, же 5 см ашпайт;
I типтеги топурактардын шарты боюнча негизинен сырткы жүктөмдөн топурактын чөгүүсү болушу мүмкүн, ал эми өз салмагынан болгон чөгүү жок же 5 см ашпайт; II типтеги топуратын шарты боюнча сырткы жүктөмдөн топурактын чөгүүсү менен бирге, өз салмагынан болгон чөгүү дагы болушу мүмкүн, ал эми анын чоңдугу 5 см ашат; чөкмө катмардын калыңдыгы Hsl, учурдагы же пландаштырылган (кесүү же толтуруу менен) бетинен чөкмөлүгү εsl < 0,01 болгон чөкмө эмес топурак катмарынын үстүнкү чегине чейин аныкталат; топурактын өз салмагынан болгон мүмкүн болгон чөгүшүнүн чоңдугу Ssl.g, чөкмө катмардын калыңдыгы Hsl, ичинде, вертикалдуу пландаштыруу иштери башталганга чейин, же аяктагандан кийин.
6.1.4 I типтеги топурак шартында чөкмө топурактуу негиз төмөнкү параметрлер менен мүнөздөлөт:
чөкмө топурактардагы негиздин кысылуу өзгөрмөлүүлүк даражасы αE,sl; чөкмө топурактын деформация модулунун орточо мааниси же негиздин орточо чөгүүшү S ; максималдуу чөгүү smax менен; негиздин деформациясынын салыштырма айырмасы ∆s/l=∆(s+ssl,ρ)/L кысуудагы негиздин катуулук коэффициенти С менен. Эскертүүлөр 1 Негиздин кысылуу өзгөрмөлүүлүк даражасы αE,sl чөгүүчү топурактардын деформация модулунун тереңдик боюнча орточо эсептелген эң чоң мааниси Emах табигый нымдуулукта, эң кичине мааниси толук сууга каныккан абалда Emin,sl катышы менен аныкталат. Бул катыш имараттын же курулманын планынын чегинде аныкталат. 2 Негиздин чөкмө топурактарынын деформация модулунун орточо мааниси E sl имарат же курулуш планынын чегиндеги төмөнкү формула боюнча аныкталат: E sl = (Emах + Emin,sl)/2. 3 Имараттын же курулманын негизинин орточо деформациясы S чөгүүнүн чоңдугу st,, отуруунун чоңдугу ssl,i жана А пайдубалынын аянтынын, б.а. s = ∑ (st + s sl ,i )At / ∑ At / суммасы менен аныкталат.
6.1.5 II типтеги топурак шарттарында чөкмө топуракта тургузулган имараттарды жана курулмаларды долбоорлоодо деформациялардын төмөнкү түрлөрү эске алынышы керек (6.1 жана 6.2-сүрөт):
топурактын чөгүшү Ssl өз салмагынан ssl,g жана тышкы жүктөмдөн ssl,ρ; жер бетинин жана негизинин чөкмө оюктардын ийри сызыктуу бөлүгүнүн чегиндеги горизонталдуу жылышуусу usl ; салыштырмалуу горизонталдык тартылуу же кысуу деформациялары εu; жер бетинин же негизинин жантаюусу жана ийрилиги isl;
чөкмө катмардын астындагы чөкпөгөн топурактардын Hu,l кошумча кысылуу зонасындагы Hu,l нымдуулук жана чыңалуу абалынын өзгөрүшүнөн улам пайда болгон кошумча чөгүүсү su,l; туруктуулугун жоготуунун натыйжасында тоо этегинин деформацияланышы.
6.1-сүрөт – Пайдубал негизинин чөгүшүн эсептөө схемасы d – пайдубалдын тереңдиги; Hsl – чөгүү катмары; hsl,ρ – чөгүүнүн (дефомацияланган) жогорку зонасы; ssl,ρ пайдубалдын жүктөмүнөн; hsl,g – чөгүүнүн төмөнкү зонасы; ssl,g топурактын өз салмагынан; h'sl,g – кошумча жүктөмдү эске алуу менен бирдей; hn – нейтралдуу зона;
h'n – ошондой эле кошумча жүктөмдү эске алуу; Нu,l – астындагы топурактын кошумча кысуу зонасы, su,l,1 – топурактын өз салмагынан, табигый нымдуулугунан жана курамына жараша σzg вертикалдык чыңалуусу; 2 – топурактын сырткы жүктөмдөн жана өз салмагынан σzρ жалпы вертикалдык чыңалуусу; 3 – баштапкы чөгүү басымынын тереңдик боюнча өзгөрүшү ρsl ; 4 – нымдуулуктун жогорулашы, чөгүүчү топурактын тыгыздалышы жана башка себептерден улам пайда болгон кошумча тигинен басым σz,ul; 5 – ошондой эле σ'z,u,l – пландалган топурак төшөлмөсүнүн салмагынан келип чыккан негиздин топурагына кошумча жүктөмдөн; имараттын жана курулманын юирдей бөлүштүрүлгөн жүктөмүнөн; 1 – кабаттын жер тамандарынан ж.б.; r – топурактын чөккөн аянтындагы ssl,g ийри сызык бөлүгүнүн эсептик узундугу.
6.2-сүрөт – Нымдалган топурактын үстүнкү бетинде анын өз салмагынан чөгүшүндө деформацияларынын өнүгүшүнүн мүнөзү
А – сызыктуу нымдоо булагы; Б – бетине жайылган нымдоо булагы,
а – нымдуулук зонасынын көндөй кесилими, б – топурак бетинин чөгүү ийри сызыгы; в – бетинин кыйшаюусу (4) жана ийилүү (5) ийри сызыктары; г – топурак бетинин горизонталдуу ийри жылышуусу; 1 – жер бетинин абалы; 2 – нымдоо аянты; 3 – суунун жайылышынын төмөнкү чек арасы; Bw – нымдоо аянтынын туурасы; bw – чөгүүнүн горизонталдуу тилкесинин туурасы; β – суунун жайылуу бурчу; Нsl – чөгүү катмарынын калыңдыгы; r – топурактын өз салмагынан келип чыккан ийри сызыктуу чөгүү тилкесинин эсептик узундугу; b – суунун жайылуу зонасынын туурасы; isl – жер бетинин кыйшаюусу; usl – жер бетинин горизонталдуу жылышуусу; I жана II – топурактын бошоңдоо жана тыгыздалуу зоналары; r0 – тыгыздалуу жана бошоңдоо зоналарынын туурасы
6.1.6 Экинчи типтеги топурак шартындагы чөкмө топурактардагы имараттардын жана курулмалардын конструкцияларын эсептөөдө негиздердин эсептөө мүнөздөмөсү катары 6.1.4, 6.1.5 келтирилген көрсөткүчтөр менен катар И тиркемесинин И.19 пункту боюнча эсептелген ийрилик радиусу Ryc да болуп саналат.
6.2 Аянттарды пландоо жана куруу
6.2.1 Курулуш үчүн белгиленген аянттар төмөнкү участоктордо жайгаштырылышы керек:
Hsl чөгүү катмарларынын минималдуу тереңдиги менен; ssl.g топурактын өз салмагынан келип чыккан мүмкүн болгон чөгүүнүн эң аз маанилери менен; деградацияланган чөкмө топурак менен; астындагы чөгүүчү катмарды түзгөн кысылуусу төмөн топурактар, эң ишенимдүү жер казык пайдубалдардын, же чөгүүчү катмарды толугу менен кесип өтүүчү терең салынган пайдубалды натыйжалуу колдонууга мүмкүндүк берип, ошондой эле тыгыздалган, бекемделген, арматураланган массивдерди түзүүгө шарт түзөт. Чөкмө топуракта негиз менен курулманын биргелешкен деформациялары төмөнкү талаптарды сактоо зарылчылыгынын негизинде белгиленген чектөөчү маанилерден ашпашы керек: курулуштун деформациясы үчүн технологиялык же архитектуралык талаптар (анын ичинде долбоорлоо деңгээлдерине жана бүтүндөй курулманын абалына, лифттердин, кран жабдууларынын, лифттердин көтөрүүчү түзүлүштөрүнүн кадимки иштешине талаптар) - su,s; конструкциялардын бекемдигине, туруктуулугуна жана жаракаларга туруштук берүүгө, анын ичинде курулуштардын жалпы туруктуулугуна талаптар
- suf.
6.2.2 Турак жай имараттарын жана өнөр жай ишканаларынын, ошондой эле жеке имараттардын жана курулмалардын пландаштыруу жана өнүктүрүү долбоорлору жер үстүндөгү суулардын агып чыгышы үчүн жаратылыш шарттарын максималдуу сактоону камсыз кылууга тийиш. Жер үстүндөгү
сууларды агызууга тоскоолдук кылган курулмаларды жайгаштырууга жол берилбейт. Чөгүү боюнча II типтеги топурак шарты бар жана чөгүү катмарынын калыңдыгы Hsl жогору болгон жер тилкелерде, адатта, топуракты кесүүнү караштыруу керек, айрыкча чөгүү боюнча I типке өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар учурларда терең жер төлө жана жер астындагы кабаттары бар имараттарды жана курулмаларды жайгаштыруу керек. Топурак менен толтуруу аркылуу курулуш аянтчаларын жана жеке аянттарда пландаштырууну төмөнкү жайларда гана жүргүзүү керек: сайларда, чуңкурларда ж.б. рельефтин төмөнкү бөлүктөрүндө. Бул иштер, адатта, топурак шарты I типтен II типке өтпөй турган учурларда жана II типтеги топурак шартында курулуш олуттуу начарлабаган учурларда жүргүргүзүлөт.
6.2.3 Эгерде жер тик тоо этеги түрүндө болсо, туруктуу аянтты жайгаштыруу кошумча аянттар аркылуу жүргүзүлүшү керек. Кошумча аянттардан суу агызуу тоо этегинин түбүндө жайгашкан арыктар аркылуу да, тез агымдар менен да жүргүзүлүшү керек.
6.2.4 Нымдуу технологиялык процесстери бар имараттар жана курулмалар курулган аянттын төмөнкү бөлүктөрүндө, чөгүү катмары төмөндөтүлгөн аймактарда Hsl, ошондой эле ssl.g чөгүү катмарынын астында дренаждык катмары бар аймактарда жайгаштырылууга тийиш. Бул курулмалар, эреже катары, башка курулмалардан төмөнкүдөй аралыкта жайгаштырылышы керек: I типтеги топурак шарттарында чөкмө катмарынын калыңдыгы 1,5 кем эмес, ошондой эле чөкмөлүгү боюнча II типтеги суу өткөргүч топурак бар жерде; аз суу өткөргүч топурак бар жерде чөкмөлүк боюнча II типтеги топурак шарттарында чөкмө катмарынын калыңдыгынан кеминде 3 эсе чоң болгондо.
6.2.5 Топурактын мүмкүн болгон туруктуу нымдануу булактарынан курумлага чейинки аралык II типтеги топурак шарттарында имараттардын жана курулмалардын аймагында, алардын тегерегинде туурасы 0,2Hsl кем эмес тилке топурактын чөкмө касиеттери толугу менен жоюлган шартта, ошондой эле чөкмө топурактын бүт калыңдыгы жер казыктар, тыгызданган, бекитилген массивдер же терең пайдубалдар менен толугу менен кесилген шартта, топурактын чөгүү касиеттери толугу менен жоюлган шартта чектебөөгө жол берилет.
6.3 Имараттардын жана курулмалардын бекемдигин жана нормалдуу эксплуатациялоону камсыз кылуу боюнча чаралар
6.3.1 Чөкмө топурактарда курулуш үчүн имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо, алардын нымдалышы мүмкүн болгон учурда, төмөнкү чаралардын бирин колдонуу менен жүргүзүлүшү керек:
а) топурактын чөкмө касиеттерин жоюу:
топурак шарттары I типтеги жер тилкелерде - оор нерселер менен ныктоо, топурак жаздыктарын орнотуу, чуңкурларды орнотуу, топуракты бекемдөө; чөкмөлүгү боюнча II типтеги топурак шарттары менен участоктордо – топурак казыктары менен терең ныктоо, алдын ала нымдоо, анын ичинде терең жардыруу менен бириктирүү, топурак катмарларын кагуу, жер казык, бекемделген топурактан тирөөчтөр менен арматуралоо жолу аркылуу.
б) Hsl калыңдыгындагы чөкмө топурак катмарын кагып киргизилген, куюп жасалган, бургуланган жер казыктар жана терең салынган пайдубалдар менен кесип өтүү, алар Hsl жана Hu.l тереңдиктеринен төмөндө жаткан жүктү көтөрүү жөндөмдүүлүгү жогору болгон чөкпөгөн топурактарга тирөө менен жүргүзүлөт (6.1-сүрөттү кара);
в) курамына төмөнкүлөр кирген чаралар комплекси: зонасынын чегиндеги топурактын чөгүү касиеттерин hsl.ρ (6.1-сүрөттү кара) жогоруда I типтеги аянтчалар үчүн келтирилген мисалдын негизинде жоюу;
суу өткөрүүчү коммуникациялардын абалын көзөмөлдөө, суу өткөрүүчү булактарды өз убагында жок кылууну камсыз кылуу максатында суу өткөрбөй турган топурактын бардык калыңдыгы боюнча интенсивдүү нымдоону жана топурактын чөгүшүнө жол бербөө максатында жүргүзүлүүчү суудан коргоо ишчаралары;
6.4-бөлүмдө каралган катуу имараттар менен курулмалардын бекемдигин жогорулатууга, же ийкемдүү конструкциялуу имараттар менен курулмалардын деформацияга туруктуулугун арттыруу; негиз топурактын бир калыпта эмес деформациясы пайда болгон учурда имараттар менен курулмалардын нормалдуу иштешин камсыз кылуу багытталган конструктивдүү иш-чаралар.
6.3.2 Суудан коргоо иштерине төмөнкүлөр кирет: жалпы планды туура түзүү; курулуш аянтын пландаштыруу; hsl.ρ зонасындагы топурактын чөгүү касиеттерин жок кылуу иштеринин жүрүшүндө имараттар менен курулмалардын астында суу аз өткөрүүчү экрандарды орнотуу; чуңкурлар менен траншеяларды сапаттуу толтуруу; имараттар менен курулмалардын айланасында кеңейтилген пайдубал жээк жасоо; ички жана сырткы суу түтүктөрүн суу агып кетүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарып, аларды эркин текшерип, оңдоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылып жабуу; авариялык сууларды имараттардан, курулмалардан жана инженердик коммуникациялардан сыртка чыгаруу ж.б.
6.3.3 I типтеги чөкмө шарттары бар аянтчаларда курулуш үчүн арналган жоопкерчиликтин I жана II деңгээлиндеги имараттарды жана курулмаларды долбоорлоодо, эреже катары, чөгүүнүн жогорку зонасындагы топурактын чөкмө касиеттерин hsl.ρ (6.3.1, а) толугу менен жоюуну, же чөгүү катмарларын толук кесүүнү 6.2.1 көрсөтүлгөн ыкмалар менен кароо зарыл. Мындай учурларда,
конструкцияларды долбоорлоо кошумча конструктивдик жана суу коргоочу чараларсыз, кадимки чөкмө эмес топурактардагыдай жүргүзүлүшү керек.
6.3.4 Чөкмөлүгү боюнча II типтеги топурак шарттары бар аянтчаларда курулууга арналган имараттарды жана курулмаларды долбоорлоодо, пайдубалдын деформацияларын төмөндөтүү үчүн, эреже катары, топурактын абалын чөгүү боюнча II типтен I типке өткөрүү же 6.2.1, 6.3.1, б. көрсөтүлгөн ыкмаларды колдонуу менен чөгүү катмарларын кесүү зарыл.
Чөкмө катмарларды толугу менен кесип өткөн тыгыздалган, бекемделген жана арматураланган топурак массивдеринин, ошондой эле казыктардын же терең салынган пайдубалдын өлчөмдөрүн жана алардын көтөрүмдүүлүгүн аныктоодо аларды курчап турган топурактар өз салмагынан улам чөккөндө пайда болгон терс сүрүлүү күчтөрүнөн келип чыккан кошумча жүктөмдөрдү эске алуу керек. Топуракты чөкмөлүгү бонча II типтен I типке өткөрүү боюнча ишчараларды аткаруу мүмкүн болбогондо, же максатка ылайыксыз болгондо (техникалык-экономикалык көрсөткүчтр боюнча) (эскертүүгө кара), II типтеги чөгүүчү топурактардын чөгүү касиеттерин толугу менен жок кылуу ишчараларын (6.3.1, а) жана II типтеги чөкмө топурактарды толугу менен кесип өтүү иш-чараларын (6.3.1, б, 6.2.1-кара) толугу менен аткаруу мүмкүн болбогон учурда
6.3.1, в пунктунда каралган иш-чаралар комплексин колдонуу керек; бул учурда курулуштук коргоо чараларынын көлөмү жана курамы имараттар менен курулмалардын конструкцияларынын чек ара абалын эсептөөнүн негизинде аныкталат, бул эсептөөдө топурактын чөгүүсүнөн улам пайда болгон негиздин бир калыпта эмес деформацияларынын таасири эске алынат (6.4.1 - 6.4.23).
Э с к е р т ү ү – Топурактын чөкмөлүгү боюнча II типтен I типке өткөрүү топурактарды алдын ала нымдап, тыгыздап, анын ичинде тереңдикте жардыруу менен, ошондой эле чөкмө топурак катмарын жарым-жартылай кесүү, К тиркемеге ылайык аткарылуучу жер астындагы кабаттарды орнотуу жолу менен жүргүзүлөт.
6.4 Долбоорлоо боюнча негизги жоболор
Конструктивдүү чечимдер боюнча негизги жоболор
6.4.1 Чөкмө топурактарда имараттарды жана курулмаларды долбоорлоодо:
а) алардын чөкмө касиеттери толугу менен жок кылынганда (6.3.1, а) жана
6.2.1 көрсөтүлгөн ыкмалар менен толугу менен кесилип алынганда, чөкмө топуракта жана кадимки (атайын эмес) шарттарда курулуш учурунда колдонулган дээрлик бардык курулуш схемалары жана архитектуралык-пландоо чечимдери колдонулушу мүмкүн;
б) топурак шарттарынын II түрүндө чаралардын жыйындысын колдонууга негизделген (6.3.1, в) катуу же аралаш конструкциялык схемасы бар имараттардын жана курулмалардын конструкциясын колдонуу максатка ылайыктуу, б.а. көтөрүүчү дубалдар, анын ичинде ички каркасы менен, же монолиттүү темир-бетондон курулган каркас дубалдары, же катуу конструкциялык схема боюнча долбоорлонгон, мисалы, темир-бетон пайдубал плитасы түрүндө долбоорлонгон пайдубал-жер астындагы бөлүгү бар каркас, монолиттүү темир-бетон дубалдары жана жер астындагы бөлүгүнүн үстүндө шыпы бар түйүндүү тасмалуу пайдубалдар;
в) ийкемдүү конструкциялык схемасы боюнча чаралардын комплексин колдонуу менен (6.3.1, в. кара) II типтеги топурак шартында гана тиешелүү негиздөө менен адатта, имараттар менен курулмалар III (төмөнкү) деңгээлдеги жоопкерчиликке же II деңгээлдеги жоопкерчиликке таандык болгондо жана топурактын өз салмагынан келип чыккан чөгүүсү ssl.g < 30 см, астындагы топурактардын кошумча чөгүүсү su.l < 10 см болгон учурларда гана жол берилет.
6.4.2 6.4.1, б стандарттарына ылайык имараттарды жана курулмаларды катуу конструкциялык схема боюнча долбоорлоодо, негиздердин деформациялары болгон учурда, көтөрүүчү конструкциялардын айрым элементтеринин өз ара жылышуусун, аларда, ошондой эле тосмо жана башка конструкцияларында жаракалардын пайда болуу мүмкүнчүлүгүн төмөнкүлөрдүн эсебинен жокко чыгаруу керек:
имараттар менен курулмаларды деформациялык жиктер менен бөлүктөргө бөлүү; көтөрүүчү конструкциялардын элементтерин жана алардын ортосундагы байланыштардын бөлүктөрүн бекемдөө; дубалдарга темир бетондон кабаттык курчоолоорду орнотуу; кабаттар менен чатырлардын деңгээлинде темир бетондон горизонталдуу катуу дисктерди орнотуу; имараттар менен курулмалардын пайдубалдарын тыгыз плиталар, кесилишкен тасмалуу мамылар, дубал-мамылар ж.б. түрүндө жасоо; Э с к е р т ү ү –. Жогоруда көрсөтүлгөн чаралар 6.4.1 ылайык имараттар менен курулмаларды долбоорлоодо жарым-жартылай колдонулушу мүмкүн, ал эми II типтеги топурак шартындагы чөкмө топурактарда su.l >10 см болгондо топурактын чөгүү касиеттери толугу
менен жоюлган учурларда жана 6.2.1 ылайык толугу менен кесилгенде su.l > 5 см болгон учурларда.
6.4.3 6.4.1 ылайык имараттарды жана курулмаларды долбоорлоодо, ийкемдүү конструкциялык схемага ылайык төмөндөгүдөй себептерден улам жер бетинин бирдей эмес деформацияларына кошумча таасир берилбестен, курулуштарды ылайыкташтыруу мүмкүнчүлүгүн кароо зарыл:
көтөрүүчү жана тосмо конструкциялардын элементтеринин ортосуна шарнирдүү жана ийкемдүү байланыштарды киргизүү; көтөрүүчү конструкциялардын катуулугун төмөндөтүү; ийкемдүү кошумча жана компенсациялоочу түзүлүштөрдү киргизүү; байланышкан конструкциялардын ортосундагы ажырымдарды көбөйтүү. Бул чаралар төмөнкүлөрдү камсыз кылуу үчүн колдонулушу керек: негиздин деформацияланган учурунда конструкциялык элементтердин таяныч аянтынын жетишерлик болушу; кыймылдуу конструкциялардын элементтеринин ортосундагы аба менен суу өтпөгөн жиктердин болушу; негиздин деформацияланган учурунда конструкциялык элементтердин туруктуулугу.
6.4.4 Аралаш конструкциялык схема боюнча долбоорлоо учурунда зарыл болгон учурда катуу (6.4.2 кара) жана ийкемдүү (6.4.3-кара) схемалар боюнча чараларды айкалыштыруу менен жер астындагы жана жер үстүндөгү бөлүктөрдүн ар кандай курулуш схемаларын колдонуу каралышы керек, анын ичинде:
ийкемдүү конструкциялык схема боюнча долбоорлонгон имараттар жана курулмалар үчүн, эреже катары, катуу конструкциялык схема боюнча пайдубалды орнотуу; катуу конструкциялык схема боюнча долбоорлонгон көп кабаттуу имараттар жана курулмалар үчүн, кээде ийкемдүү конструкциялык схема боюнча жер астындагы пайдубалды орнотуу; катуу конструкциялык схема боюнча долбоорлонгон имараттардын жана курулуштардын бөлүктөрү мүмкүн болгон бирдей эмес чөгүү деформацияларын эске алып долбоорлонууга тийиш.
6.4.5 6.4.1, б жана 6.4.1, в. ылайык долбоорлонгон планда татаал формадагы имараттар менен курулмаларды деформациялык жиктер менен тик бурчтуу же ага жакын жөнөкөй формадагы бөлүктөргө бөлүү керек. Бөлүктөрдүн ичиндеги имараттар менен курулмалардын бийиктигин бирдей кабыл алуу керек, ал эми бөлүктөрдүн узундугу чөгүү деформациясынын эсептик маанилерине, негиздин физикалык-механикалык касиеттерине, кабыл алынган курулуш схемасына жана имараттар менен курулмаларды эксплуатациялоонун технологиялык талаптарына жараша эсептөө менен аныкталат.
Бөлүктөрдүн ортосундагы деформациялык жиктер имараттардын жана курулмалардын бардык бийиктиги боюнча, анын ичинде чатыры жана пайдубалы боюнча бөлүнүп турушу керек, негизи деформацияланган учурда бөлүмдүн эркин жантаюусун же айлануусун камсыз кылат. Деформациялык жиктин туурасы 6.4.6 көрсөтмөлөрүнө ылайык эсептелиши керек, бөлүмдүн бийиктигине, узундугуна жана топурак шарттарынын мүнөздөмөлөрүнө жараша болот.
Э с к е р т ү ү – I түрдөгү топурак шартындагы чөкмө топурактарда деформациялык жиктердеги алып жүрүүчү дубалдар менен колонналардын астындагы пайдубалдарга түшүүчү жүктөмдөрдүн айырмасы 1,2 эседен ашпаган учурда аларды кесип бөлбөстөн, үзгүлтүксүз жасоого жол берилет.
6.4.6 Иш-чаралар комплексинин негизинде долбоорлоодо катуу конструкциялык схемасы менен имараттардын жана курулмалардын бөлүмдөрүнүн ортосундагы деформациялык жиктин туурасы төмөнкү формулалар боюнча аныкталууга тийиш:
пайдубалдын түбүнүн деңгээлинде r ≥ L
пайдубалдын негизинин деңгээлинде L/2<r<L
карниздин деңгээлинде
(6.1)
(6.2)
(6.3) мында εu – И тиркемесинин (И.21) формуласы менен аныкталган салыштырмалуу горизонталдык деформациянын мааниси; L – имарат бөлүгүнүн узундугу; r – И тиркемесинин формуласы (И.14) боюнча аныкталган топурактын өз салмагынан чөгүшүнүн ийри сызыктуу бөлүгүнүн эсептелген узундугу; H – имараттын пайдубалдын түбүнөн дубалдын үстүнө чейинки бийиктиги; Ssl.g – топурактын өз салмагынан чөгүүсүнүн өлчөмү; γu – имараттын негизи менен биргелешкен иштөөсүн эске алуучу иш шарттарынын коэффициенти, r < L жана γu жана r ≥ L болгондо γu = (r/L)2 барабар катары кабыл алынат. Бөлүктөр ортосундагы деформациялык жиктин туурасы төмөнкүдөй болушу керек: H ≤ 10 м болгондо ad= 10 см; H ≥ 30 м - 30 см; 30 > H > 10 ad интерполяция менен аныкталат.
6.4.7 Лифт шахталары II типтеги топурак шартындагы аянттарда пайда болгон топурактын өз салмагынан чөгүп кетишинен мүмкүн болгон жантаюуларды жана горизонталдык жылышууларды эске алуу менен долбоорлонууга тийиш. Шахталардын дубалдарынын вертикалдык тегиздиктен эсептелген четтөөлөрү лифттер үчүн белгиленген мамлекеттик стандарттардын деңгээлинен ашып кеткен учурларда, шахтада лифттин горизонталдык абалын жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү долбоордо каралышы керек, буга байланыштуу
планда анын өлчөмдөрү (6.3) формуласы боюнча эсептелген кеңейтүү бирикмесинин туурасынан 0,5 эсеге көбөйтүлүшү керек.
6.4.8 Имараттарга жакын жайгашкан инженердик курулмаларды имараттардан деформациялык жиктер бөлүп турушу керек, алардын туурасы 6.4.5 жана 6.4.6 берилген көрсөтмөлөргө ылайык аныкталат.
6.4.9 Чөгүү деңгээли боюнча II типтеги чөкмө топурактарда долбоорлонгон имараттардын жана курулмалардын пайдубалдарында жер төлөлөрдүн дубалдарында, же жер астындагы бөлүктөрүндө инженердик коммуникацияларды киргизүү жана чыгаруу үчүн бир катар чараларды колдонуу менен орнотууда, төмөнкүдөй бийиктиктеги тешиктер же оюктар каралышы керек: тешиктин үстүнөн түтүктүн үстүнө чейинки аралык 0,25ssl.g – өз салмагынан келип чыккан чөгүүнүн эсептелген маанисинен жана su – долбоорлонгон имараттын же курулманын орточо чөгүүнүн чегинен кем эмес, ал эми түтүктүн астынан фундаменттин таманына чейинки аралык 0,2 м кем болбошу керек.
6.4.10 Чөгүү деңгээли боюнча II типтеги чөкмө топуракта бир катар чараларды колдонуу менен долбоорлонгон бир кабаттуу каркас имараттар менен курулмаларды көпүрөлүү, эшек жана башка крандар менен жабдылганда, кран жолун түзөтүүнү, металл колонналарды вертикалдуу багытта 0,5ssl.g же 0,5su өлчөмүндө көтөрүүнү жана кран рельсинин башынын 0,25us – мүмкүн болгон горизонталдуу жылышын (6.4.3) формуласы боюнча К тиркемесинин көрсөтмөлөрүн эске алуу менен эсептеш.
6.4.11 Чөгүү деңгээли боюнча II типтеги чөкмө топурактагы технологиялык жабдуулардын астындагы пайдубалдарды долбоорлоодо анын вертикалдуу жана горизонталдуу багыттагы абалын эксплуатациялоо талаптары менен аныкталган өлчөмдө түзөтүү зарылчылыгын жана мүмкүндүгүн, ошондой эле 6.3.1 каралган чараларды эске алуу менен негиздин топурактарынын мүмкүн болгон деформацияларын эске алуу керек.
6.4.12 Чөкмөлүк деңгээли боюнча II типтеги топурак шартында курулуп жаткан имараттар менен курулмалардын долбоорлорунда геотехникалык мониторингди жүргүзүү боюнча көрсөтмөлөр болушу керек.
Курулуш иштери үчүн негизги эсептөө талаптары:
6.4.13 Чөкмө топурактарга долбоорлонгон имараттар менен курулмалардын конструкцияларын МамСТ 27751 ылайык эки жол менен эсептөө керек:
биринчиси – алып көтөрүмдүүлүгү боюнча, экинчиси – деформация боюнча. Бул учурда имарат менен курулмалардан конструкцияларына берилген жүктөмдөрдөн, ошондой эле негизги чөкмө топурактардын физикалыкмеханикалык касиеттеринин өзгөрүшүнө жана алардын чөгүү жана горизонталдуу жылышуу сыяктуу бир калыпта эмес деформацияларынын өнүгүшүнө байланыштуу чектик абалдар эске алынышы керек.
6.4.14 Туруктуу, узак мөөнөттүү, кыска мөөнөттүү мүмкүн болгон жүктөмдөрдөн жана топурактын чөгүүсүнөн келип чыккан атайын жүктөмдөрдүн айкалыштары боюнча конструкцияларды эсептөөнү эң жагымсыз таасирлердин айкалыштары боюнча жүргүзүү керек (6.4.15 - 6.4.17), ал айкалыштар сызыктуу, пландуу чектелген же аянттык нымдоо булактарынан, үстү жактан авариялык нымдашуу учурунда же жер астындагы суулардын деңгээли көтөрүлгөндө пайда болот. Эгерде чөкмө катмарды толугу менен кесип өтүүчү ыкмалар жана пайдубалдар колдонулса, мисалы, жер казыктуу пайдубалдар, тыгыздалган, бекемделген, арматураланган массивдер, же терең салынган пайдубалдар, анда алардагы терс сүрүлүү күчтөрүнөн келип чыккан кошумча жүктөмдөрдү эске алуу керек.
6.4.15 Чөкмө топурактарга куруу пандаштырылып жаткан имараттар менен курулмалардын конструкцияларынын чыңалуу-деформация абалы алардын негизи менен биргелешкен эсептөөлөрүнүн алкагында аныкталышы керек.
Негиздин деформациясынын эсептөө схемаларын тандоодо жана эсептөөлөрдү жүргүзүүдө төмөнкү ыкмалардын бирин колдонууга жол берилет:
а) Топурак массасынын чөгүү деформацияларын моделдештирүүгө жана фундамент конструкциясынын деформацияланып жаткан негиз, анын ичинде казык негиз менен өз ара аракеттешүүсүн эске алууга мүмкүндүк берүүчү компьютердик лицензияланган программаларды колдонуу менен математикалык моделдештирүү ыкмасын колдонуу менен;
б) Эксперименталдык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын негизинде иштелип чыккан жана долбоорлоо практикасында текшерилип, ченемдик документтер менен сунушталган жабык чечимдерди жана эмпирикалык формулаларды колдонуу менен;
6.4.16 Математикалык моделдөөдө чыңалууларды жана деформацияларды аныктоо үчүн туура эсептөө схемалары менен моделдерди (ЧЭМ, ЧАМ, СЧА)
колдонуу керек, сызыктуу, аянттык жана башка нымдоо булактарынан чөкмө топурактарга суунун таралышы жөнүндө эксперименталдык жана эсептөө маалыматтарын, топурактардын физикалык-механикалык касиеттери, нымдуулук жана чыңалуу талааларынын таасиринен улам алардын өзгөрүшү жөнүндө маалыматтарды колдонуу керек. Топурактын өз салмагынан келип чыккан чөгүү деформацияларын нымдуу топурак массивинде, андагы вертикалдык чыңалуулар баштапкы чөгүү басымынан ашып, салыштырмалуу чөгүү 0,01 ашып кеткен жерде моделдөө керек. Сызыктуу жана аянттык нымдоо булактарынан топурактарды нымдоодо чөгүүлөр моделдөө жүргүзүлүүчү нымдуу топурак массивинин өлчөмдөрүн жана конфигурациясын И тиркемедеги (И.5) маалыматтарды эске алуу менен 6.2-сүрөттөн аныктоого болот.
Бул учурда сызыктуу жана аянттык нымдоо булактарынан нымдалганда топурактын чөгүүсүн эске алуу керек, алардын туурасы тиешелүү түрдө 1 жана 2 м кем болбошу керек. Нымдалган топурак массивиндеги чөгүүнүн сандык моделдөөсү андагы топурактын өз салмагынан, пайдубалдын жүктөмүнөн, пландоочу толтуруулардын салмагынан жана башка жүктөмдөрдөн келип чыккан чыңалуулар таасир эткенде, биринчи жакындатууда эки ыкма менен жүргүзүг жол берилет: чөкмө топурак массивинин чыңалуу-деформация абалын табигый нымдуулуктагы жана сууга каныккан абалдагы деформация модулу менен салыштырмалуу эсептөө (эки ийри сызык ыкмасы менен чөгүүнү аныктоого окшош); сууга каныккан чөкмө топурак массивинин эсептөө схемасында күтүлгөн чөгүүнүн көлөмдүк деформацияларына туура келген көлөмдүк деформацияларды берүү.
6.4.17 Негиздердин, ошондой эле имараттар менен курулмалардын конструкцияларынын чыңалуу-деформация абалын аныктоодо, ошондой эле биринчи жана экинчи чектик абалдагы негиздерди эсептөө үчүн туюк чечимдерди жана эмпирикалык формулаларды колдонууда топурактарды нымдоонун жана чөгүү деформацияларынын өнүгүшүнүн шарттуу эсептөө схемаларын (6.2-сүрөт)
колдонууга жол берилет, алар талаа шартындагы ири масштабдуу изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына негизделип, азыркы учурдагы ченемдик документтер менен жөнгө салынат.
6.4.18 Чөкмө топурактарды нымдоонун натыйжасында пайда болгон негиздин деформация схемаларын тандоодо, эреже катары, нымдоо булагынын жайгашуусунун эки негизги учурун кароо керек: биринчиси – имараттын же курулманын ортосунда, экинчиси – имараттын же курулманын четинде (6.3-сүрөт, 6.4-сүрөт).
6.4.19 Чөкмөлүгү боюнча I типтеги топурак шартында, жогорку деформациялуу hsl.p зонасындагы топурактын чөгүшү толугу менен, же жарымжартылай жоюлбаган негиздин тигинен жылышуусунун эсептөө схемасын имараттын же курулманын пайдубалынан берилүүчү тышкы жүктөмдүн жана топурактын өз салмагынын биргелешкен таасири, ошондой эле hsl.p зонасынан (6.1-сүрөттү кара)
төмөндөгү топурактын физикалык-механикалык касиеттеринин өзгөрүшүн эске алуу менен кабыл алуу керек, аны катмарлуу катуулуктагы негиз катары (топурак сууланган зоналарда бир калыпта эмес чөгүү болгон участоктор менен) кабыл алуу керек. Катмарлуу катуулуктагы негиздин а0 (6.3-сүрөттү кара) жер тилкесинин узундугун пайдубалдын тереңдигине, суу булагынын жайгашуу тереңдигине,
топурактын чөгүү зонасы hsl.p, суунун капталга жайылуу бурчу β жана башка факторлорго жараша И тиркемесине ылайык аныктоо керек. Негиздин жергиликтүү нымдалышында анын катуулугунун өзгөрүү схемасын катуулук коэффициенттеринин минималдуу C1 жана максималдуу C маанилеринен сызыктуу мыйзам боюнча алууга жол берилет (6.3-сүрөттү караңыз). C1 жана C коэффициенттеринин маанилери И тиркемесине ылайык аныкталат.
6.4.20 Чөкмөлүгү боюнча II типтеги топурак шартында куруу үчүн долбоорлонуп жаткан имараттар менен курулмаларды эсептөөдө чөгүү оюгунун имарат же курулмага карата эң жагымсыз жайгашуусунда каралышы керек (6.2,
6.3 - сүрөттү кара.)
а) имараттын же курулманын ортосунда L ≥ 2r болгондо ийилүү жана ортоңку бөлүгүндө кысылуунун салыштырма горизонталдуу деформациясы минус εu.sl жана томпоктун ийрилиги менен оюктун четтеринде чоюлуунун салыштырма горизонталдуу деформациясы плюс εu.sl ийилүү болгондо;
б) имараттын же курулманынн астында L<2r+bo болгондо ийилүүнүн ийрилиги жана кысылуунун салыштырма горизонталдуу деформациясы минус εu.sl болгондо;
в) имараттын же курулманын четинде томпоктун ийрилиги менен чоюлуунун салыштырма горизонталдуу деформациясы плюс εu.sl болгондо.
Э с к е р т ү ү – Эгерде топурак өз салмагынан улам чөккөндө, ал эми ssl.g ≤ 20 см болсо, анда жоопкерчиликтин III деңгээлиндеги имараттар менен курулмалардын конструкцияларын эсептөөдө жер бетинин горизонталдуу деформацияларын эске албоого жол берилет.
6.3-сүрөт – Чөкмөлүгү боюнча I типтеги топурак шартындагы негиздин катуулугунун өзгөрүү схемалары а – имараттын же курулуштун ортосундагы негиздин нымдалышы; б – ошол эле, четинде
6.4.21 Эгерде мындай деформациялардан келип чыккан күчтөр башка (негизги) түрлөрүндөгү жүктөмдөрдөн жана таасирлерден келип чыккан күчтөргө караганда жетишсиз экендиги аныкталса, эсептөөлөрдө жер бетинин айрым
деформацияларын (горизонталдуу жылышуулар, кыйшаюулар ж.б.) эске албоого болот.
6.4.22 Имараттар менен курулмалардын конструкцияларындагы күчтөрдү жана деформацияларды аныктоо үчүн колдонулган деформацияларды эсептөө схемалары имараттар менен курулмалардын чыныгы иштөө шарттарын жана негиз менен өз ара аракеттенүү өзгөчөлүктөрүн керектүү тактыктагы деңгээлде чагылдырышы керек. Зарыл учурларда аларда конструкция материалдарынын мейкиндикте иштөөсүн, геометриялык жана физикалык сызыктуу эмес болушун, ошондой эле жымышуучулугун эске алуу керек.
Курулуш конструкцияларынын иштешинин сызыктуу эмес факторлорун комплекстүү кароо керек: физикалык жана конструктивдик сызыктуу эместик, жүктөмдүн өзгөрмө мүнөзү ж.б. Конструкциялардагы күчтөрдүн чоңдугуна ар бир фактордун таасир этүү даражасын ишенимдүү баалоосуз, кандайдыр бир жактуу факторду эске алууга жол берилбейт.
6.4-сүрөт – II типтеги топурак шартындагы негиздин өз салмагынан келип чыккан чөгүү жана катуулук коэффициенттерин эсептелген өзгөрүүлөрү а – имараттын ортосунда жайгашкан (ийилүү) нымдоо булагы; а' – имарат ийилгенде катуулук коэффициентинин өзгөрүү схемасы; б –имараттын четтеринде жайгашкан (ийилүү)
нымдоо булагы; б' – имарат ийилгенде катуулук коэффициентинин өзгөрүү схемасы; 1 – топуракты нымдоо булактары; 2 – өз салмагынан келип чыккан топурактын чөгүү ийрилиги
6.4.23 Конструкцияларды топурактын чөгүүсүнөн жана анын физикалыкмеханикалык касиеттеринин өзгөрүшүнөн келип чыккан таасирлерге эсептөө керек, бул учурда имараттын же курулманын негизи менен бирге иштөө шартынан келип чыгат. Негиз менен пайдубалдын байланышынан пайда болгон нормалдуу жана тийиштүү чыңалуулардын маанилерине жараша негиздин моделин төмөнкүдөй кабыл алууга болот:
а) сызыктуу-серпилгич тутум:
б) сызыктуу эмес серпилгич эмес тутум, туруктуу абалдагы топурак негизиндеги деформация менен жүктөмдүн ортосундагы сызыктуу эмес
байланышты, жүктөө жана бошотуу учурундагы негиздин деформациялык касиеттеринин айырмасын, пайдубал менен негиздин ортосундагы байланыштын бузулушун чагылдырат.
в) курулуш жана эксплуатациялоо мезгилдериндеги ар кандай убакытттарда негиздин деформациялык касиеттерин чагылдырган реологиялык тутум (топурактын туруксуз абалында)
Негиз менен пайдубалдын байланышындагы негиздин деформациялык касиеттерин кысуу учурундагы бир катуулук коэффициентин - С колдонуу менен аныктоого, ал эми И тиркемесине ылайык аныкталган G жылдырууда негиздин катуулук коэффициентин кошумча колдонуу менен вертикалдуу жана горизонталдуу деформацияларды бир учурда эсепке алууга жол берилет.
6.4.24 Имараттар менен курулмалардын конструкцияларында ssl.g > 0,3 м чоңдуктагы өз салмагынан келип чыккан топурактын чөгүүсүнөн пайда болгон күчтөрдү аныктоодо төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:
а) вертикалдуу (чөгүү ssl.g, алардын салыштырмалуу айырмачылыгы ∆ssl/L ж.б.) жана горизонталдуу жылышуулардын биргелешкен таасири боюнча эсептөөнү жүргүзүү, бул учурда эсептөө үчүн бул жылышуулардан конструкцияларда бир убакта пайда болгон жалпы күчтөрдү кабыл алуу керек;
б) эгерде негиздин бетинин деформациясынын айрым түрлөрү өзүнүн максималдуу маанилерине жеткендиги тууралуу маалыматтар болсо, ошол эле учурда конструкцияда бир белгидеги күчтөрдү пайда кылса (күчтөр кошулат), анда ушул деформация түрлөрүнөн келип чыккан эки күчтү 6.4 формула боюнча, ал эми үч күчтү 6.5 формула боюнча кошуу керек:
(6.4) (6.5) мында Х1, Х2, Х3 – негиздин бетинин ар кандай деформацияларынан келип чыккан күчтөр (мисалы, чөгүүдөгү вертикалдык жана горизонталдуу жылмышуулардан, ошондой эле жер титирөөдөн, жер көчкүдөн ж.б.).
6.4.25 Имараттардын жана курулмалардын конструкциясындагы күчтөрдү жана деформацияларды аныктоодо колдонулган эсептөө схемалары чыныгы шарттарды жана негиз менен өз ара аракеттенүүнү эске алуу менен түзүлүшү керек.
Керек учурда бул схемалар конструкциялардын материалдарынын мейкиндиктеги иштешин, геометриялык жана физикалык сызыктуу эместигин, жылмышуу жөндөмүн эске алуу керек. Курулуш конструкцияларынын иштешинин сызыктуу эмес факторлорун комплекстүү түрдө эске алуу керек: физикалык жана конструкциялык сызыктуу эмес болуу, жүктөмдүн өзгөрмө мүнөзү ж.б. Конструкциялардагы күчтөрдүн
чоңдугуна ар бир фактордун таасиринин деңгээлин ишенимдүү баалоосуз, кандайдыр бир жактуу факторду эске алууга жол берилбейт. Эгерде жогорудагы көрсөтүлгөн татаал факторлорду эске алуу мүмкүн эмес болгон учурда имараттардын жана курулмалардын конструкцияларын эсептөөнүн сандык ыкмаларын жана топурак негиздин чыңалган-деформациялануучу абалын баалоочу ыкмаларды колдонушубуз керек. Бул ыкмалар конструкция менен негиздин өз ара аракеттенүүсүн түшүндүрүү үчүн «контакттык моделдерди» жана конструкциядагы күчтөрдү аныктоо үчүн курулуш механикасынын мыйзамдарын колдонот.
6.4.26 Негиздин моделин тандоо үчүн негизди сызыктуу-серпилгич тутуму түрүндөгү негиздин моделин колдонуп эсептөө жүргүзүү керек.
Эгерде бул эсептөөнүн натыйжасында алынган нормалдуу ρ жана тийиштүү τ чыңалуулардын маанилери негиз менен пайдубалдын өзүнчө бөлүктөрүндөгү айрым участоктордо төмөнкү шарттарга жооп берсе: 0,5ρn ≤ ρ ≤ 1,5R; (6.6) ρ ˃ 1,5 R участогунда А ≤ 0,24 Аρ; τ ≤ 0,5τmax же τ > 0,5τmax жер тилкесинде А ≤ 0,2Аτ, анда эсептөөнү сызыктуу-серпилгич тутумду колдонуп жүргүзүүгө уруксат берилет. (6.6) формулада ρn – курулмадан негизге чөгүү пайда болгонго чейин таасир эткен баштапкы нормалдуу басым; R – КЧжЭ 2.02.01 талаптарына ылайык аныкталган негиздин топурагын эсептөө менен алынган каршылыгы R; τmax – КЧжЭ 2.02.01 талаптарына ылайык аныкталган пайдубал түбүндөгү тийиштүү чыңалуунун кПа чектик мааниси. А – негиз менен пайдубалдын байланышкан жеринде ρ жана τ чыңалуулар чектен ашкан аянты м; Аρ жана Аτ – негиз менен пайдубалдын байланышкан жеринде нормалдуу жана тийиштүү чыңалуулар пайда болгон бөлүктөрдүн аянттары м. Эгерде (6.6) шарты аткарылбаса, анда сызыктуу эмес серпилгич эмес тутум түрүндөгү негиздин моделин колдонуу менен эсептөө керек.
6.4.27 Имараттар менен курулмалардын көтөрүүчү конструкцияларында топурак негизинин жеке салмагынан улам чөгүп кетишинен пайда болгон горизонталдык деформациялардын таасиринен келген күчтөрдү имараттын же курулманын жер астындагы бөлүгүнүн конструктивдик өзгөчөлүгүнө, пайдубалдын тереңдиги, топурак менен аянттын байланышын, топурактын физикалык-механикалык касиеттери, анын ичинде, курулуш процессинде жана эксплуатациялоо мезгилиндеги өзгөрүшүн, пайдубалга учурдагы жүктөмдөргө жараша төмөнкүлөрдү эске алуу менен аныкталат:
а) пайдубалдын түбүн жылыштыруучу күч;
б) пайдубалдын каптал бетинде пайда болгон жылышуу күчтөрү;
в) жылышкан топурактын пайдубалдын алдыңкы бетине нормалдуу басымы.
6.4.28 Имараттар менен курулмаларды долбоорлоодо кран жолдорун, лифт шахталарын жана башка конструкцияларды түзөтүү менен бирге, пайдалануу учурунда кээ бир конструкцияларды, бөлүктөрдү, чөгүү жиктери менен бөлүнгөн бөлүктөрдү жана жалпысынан имараттар менен курулмаларды домкраттар менен көтөрүү же пайдубал астындагы топуракты жарым-жартылай казып алуу аркылуу төмөндөтүү, имараттын же курулманын астындагы чөкмө топурактарды нымдоо жолу менен жөнгө салуу аркылуу тегиздөө мүмкүнчүлүгүн эске алуу керек. Буга байланыштуу, негиздин бир калыпта эмес деформациясына жана тегиздөө этабында конструкциялардын кошумча эсептөөлөрүн жүргүзүү керек.
Тегиздөө эсептөөлөрүндө тегиздөөчү түзүлүштөрдөн (домкраттар, анын ичинде тегиздөөчү түзүлүштөрдөн ага берилген басымдан улам негиздин туруктуулугун текшерүү да кирет) келген жүктөмдөрдү кабыл алуучу имараттын пайдубалы жана жер төлө бөлүгүнүн конструкцияларынын көтөрүмдүүлүгүн жана туруктуулугун текшерүү керек. Э с к е р т ү ү – Жоопкерчиликтин III деңгээлиндеги имараттар менен курулмалардын, ошондой эле жергиликтүү топурак шартында курулуш жана эксплуатациялоо боюнча жетиштүү оң тажрыйбасы бар массалык курулуш объектилеринин конструкцияларына топурактын чөгүүсүнүн таасирин эсептөөлөрдү жүргүзбөөгө жол берилет.
А тиркемеси Жер бетинин типтүү жылышуулары менен деформацияларынын мисалдары
А.1-сүрөт – Катмарлуу кенди иштетүүдө жер бетинин жылышуусунун жана деформациясынын түрлөрүнүн иллюстрациясы
а – көмүр катмарлары кыйгач жатканда кыскача тилке боюнча вертикалдык кесилиш; б – ошол эле, көмүр катмарлары тик жатканда; в – катмардын узуну боюнча тик кесилиши; 1 – чөгүү ийри сызыктары;
2 – жантаюу эпюралары; 3 – ийрейүү эпюралары; 4 – салыштырмалуу горизонталдуу деформациялардын эпюралары; 5 – горизонталдуу жылышуулардын эпюралары; б – катмар; 7 – казып алуу иштери; 8 – казып алуу иштери башталганга чейинки жер бетинин абалы; ηmax – жер бетинин максималдуу чөгүшү; β0, γ0, δ0 – жылышуунун чек аралык бурчтары; ψ1, ψ2, ψ3, – толук жылышуу бурчтары; θ – максималдуу чөгүү бурчу; α – катмардын түшкөн бурчу.
А.2-сүрөт – Жер астындагы туннель иштеринен улам пайда болгон негиздин деформациясын эсептөө схемасынын мисалы
S0 – жер астындагы иштердин таасиринен негиздин бетинин максималдуу чөгүшүнүн мааниси (адатта, жер астындагы боштуктун борборунун үстүндө); В – чөгүү мульдасынын туурасы, башкача айтканда, бетиндеги чөгүү нөлгө барабар же долбоор талаптарына ылайык
минималдуу мааниге барабар болгон чекиттердин ортосундагы аралык; Н – жайгашуу тереңдиги, D0 – жер астындагы иштетүүнүн мүнөздүү өлчөмү; μ – жылышуунун чек аралык бурчу (иштетүүнүн контурун жылышуу мульдасынын чек аралык чекиттери менен байланыштырган сызыктардын жантаюу бурчу); δ – технологиялык ашыкча казып алуу чоңдугу (өткөрүлгөн иштин чыныгы диаметри менен туннелдин сырткы каптамынын диаметринин айырмасы)
Негиздин бетинин кесилиш формасын "типтүү" ийри сызык менен, мисалы, "Гаусс ийри сызыгы" деп сүрөттөө кабыл алынган. Sм (х) = S0 exp (-х2/а2) "Типтүү" ийри сызыктардын параметрлери жана түрү табигый байкоолордун маалыматтарынын негизинде, иштин технологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жана (жетиштүү баштапкы маалыматтар болгон учурда) сандык эсептөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча аныкталат.
Б тиркемеси Иштелип жаткан аймактарда эксплуатацияланып жаткан имараттарды жана курулмаларды коргоо чаралары
Б.1 Эксплуатацияланып жаткан имараттар жана курулмалар үчүн коргоонун төмөнкүдөй чаралары каралышы керек:
а) тоо-кен иштери, имараттардын жана курулмалардын пайдубалдарынын жана негиздеринин деформацияларын азайтуу;
б) геотехникалык, имараттардын жана курулмалардын пайдубалдарынын жана негиздеринин деформацияларын азайтуу же жоюу;
в) конструкциялык, имараттардын жана курулмалардын негиздеринин деформацияларына сезгичтигин азайтуу, ошондой эле алардын конструкцияларынын деформацияларын азайтуу же жоюу.
Коргоо чаралары катары төмөнкүлөр дагы кызмат кылышы мүмкүн: иштетилген объектини эксплуатациялоо мүнөзүн өзгөртүү, алдын ала пландалган оңдоо же жөндөө иштери.
Б.2 Эксплуатацияланып жаткан имараттарды жана курулмаларды коргоонун тоо-кен чараларына төмөнкүлөр кирет:
а) иштелип бүткөн мейкиндикти толук же жарым-жартылай толтуруу;
б) катмарларды убакыттын өтүшү менен бөлүп иштетүү, тоо-кен иштерин мейкиндикте жайылтуу; катмарларды белгилүү бир ырааттуулукта иштетүү;
объектилердин негизиндеги деформацияларды азайтууну камсыз кылган айрым жер тилкелеринде тоо-кен иштерин бир эле учурда жүргүзүү;
в) пайдалуу кендерди аянт жана кубаттуулук боюнча толук эмес казып алуу;
г) казуу зонасында жана тоо-кен казууларынын (анын ичинде алдын ала коргоочу бирикмени түзүү) каптоолорунун контурларынын артында тоо тектерин алдын ала бекемдөө жана бекитүү;
д) жабык казуу жана анын жүктөмү бар өтмө комплекстерин колдонуу;
е) тоо-кен казууларынын кесилиштерин жана өлчөмдөрүн азайтуу;
ж) тоо-кен казуулары менен иштетилип жаткан имараттардын жана курулмалардын пайдубалдарынын ортосундагы аралыктарды көбөйтүү;
з) өтмө комплекстери жылдырылгандан кийин бир эле учурда же дароо каптоонун артындагы мейкиндикке бекитүү (катууланган) эритмелерди куюу;
и) монолиттүү пресс-бетон каптоону колдонуу;
к) казууда топурактын ашыкча алынышын азайтууну жана казманы эртерээк бекемдөөнү камсыз кылган өтүү ыкмасын жана технологиялык режимин тандоо ж.б.
Б.3 Эксплуатацияланып жаткан имараттарды жана курулмаларды коргоонун геотехникалык чараларына төмөнкүлөр кирет:
а) негиз топурактардын курулуш касиеттеринин начарлашынан сактоочу иш-чаралар;
б) негиздердин деформацияларын азайтуу жана аларды тоо тектеринин жылышууларына ылайыкташтыруу максатында топурактардын курулуш касиеттерин өзгөртүүгө багытталган иш-чаралар;
в) имараттардын жана курулмалардын пайдубалдарын бекемдөө;
г) имараттардан жана курулмалардан жүктөмдөрдү төмөнкү топурак катмарларына өткөрүп берүү;
д) имараттардын жана курулмалардын топурак негиздерин алардын ортосуна бөлүүчү дубалдарды орнотуу аркылуу тоо-кен казмаларынан бөлүү;
е) пайдубалдардын астынан топурактарды бургулоо, катууланган эритмелерди чектелген көлөмдөгү топуракка куюу (компенсациялык куюу)
аркылуу имараттарды жана курулмаларды тегиздөө жана бирдей эмес чөкмөлөрдү азайтуу;
ж) негиздердин горизонталдык деформацияларынан келип чыккан күчтөрдү азайтуу үчүн убактылуу компенсациялык траншеяларды казуу ж.б.
Б.4 Эксплуатацияланып жаткан имараттарды жана курулмаларды коргоонун конструкциялык чараларына төмөнкүлөр кирет:
а) имараттарды жана курулмаларды деформациялык жиктер менен бөлүү;
б) айрым конструкциялык элементтерди же жалпы курулманы тарткычтар же темир-бетон курчоолор менен бекемдөө;
в) байланыш-тирөөчтөрдү орнотуу;
г) тик көтөргүч аркылуу имараттарды жана курулмаларды тегиздөө ж.б.
Б.5
Коргоо чаралары варианттарды техникалык-экономикалык салыштыруунун негизинде, корголуучу объектилердин багытын, жоопкерчилик деңгээлин, конструкциялык өзгөчөлүктөрүн, пайдалануу режимдерине минималдуу таасирин, алардын негиздеринин деформацияларынын болжолдоолорунун жыйынтыктарын жана бар тажрыйбаны эске алуу менен тандалып алынышы керек. Коргоо чараларын тандоо аларды аткаруудан келип чыгышы мүмкүн болгон технологиялык таасирлерди эске алуу менен жүргүзүлүшү керек. Пайдалуу кендерди казып алууда казып алуу учурларынан тышкары, тоо-кен коргоо чараларына артыкчылык берилиши керек. Эгерде бул чаралар жетишсиз болсо же аларды ишке ашыруу мүмкүн болбосо, биринчи кезекте корголуучу объектилердин пайдалануу режимин бузбай турган геотехникалык чараларды колдонуу керек.
В тиркемеси Иштелип жаткан аймактардагы каркастуу имараттарды долбоорлоо жана эсептөө өзгөчөлүктөрү
В.1 Иштелип жаткан аянттарда курулуп жаткан каркастуу имараттарды, негизинен, ийкемдүү жана айкалышкан конструкциялык схемалар боюнча долбоорлоо керек.
Э с к е р т ү ү – I, Iк жана IIк топтогу иштетилип жаткан аймактардагы имараттарды долбоорлоодо металл каркастуу имараттарга артыкчылык берүү керек.
В.2 Тиешелүү техникалык-экономикалык негиздемеси болгон учурда, каркастуу имараттарды катуу конструкциялык схемалар боюнча долбоорлоого жол берилет.
В.3 Каркастуу имараттардын конструкциялык чечимдерин жер бетинин деформациясынын эсептелген маанилерине, курулуш аянтынын инженердикгеологиялык шарттарына жана объекттин эксплуатациялык талаптарына жараша тандоо керек.
В.4 Көп кабаттуу каркастуу имараттарды аралаш конструкциялык жана байланышуучу тутумдар түрүндө долбоорлоо керек (бул тиркеменин В.1-сүрөтү).
Көп кабаттуу каркастуу имараттардын конструкциялык тутумдарын тандоодо колонналардын чоң торлору менен каркастарга артыкчылык берүү зарыл.
В.1-сүрөт – Көп кабаттуу имараттардын каркас рамаларынын схемалары
а – аралаш конструкциялык тутуму бар каркас рамасы; б – байланышуучу тутуму менен каркас рамасы
В.5 Көп кабаттуу байланышуучу тутум менен жасалган каркастуу имараттардын пайдубалдарын кесилишти негиздин бирдей эмес деформациясынын таасирине эсептөө менен кесилиштүү тилке түрүндө долбоорлоо керек.
В.6 Көп кабаттуу каркастуу имараттардын элементтеринин шарнирдүү түйүндөрүн бириктирүүчү компенсатор-төшөмө аркылуу ригелдерди колонналардын консолуна тирөө менен аткарууга жол берилет (В2-сүрөт).
В.2-сүрөт – Ригель менен колоннанын биригүү түйүнүнүн конструкциясы
1 – колонна; 2 – шарнир менен таянычтуу ригель; 3 – ригелдин бекитме темир бөлүгү; 4 – төмөнкү жана жогорку байланыш пластиналары; 5 – колоннанын бекитме темир бөлүгү.
В.7 Көп кабаттуу каркастуу имараттарды кен иштетүүдөн келип чыккан кыйшаюунун таасирине деформацияланган схема боюнча эсептөө керек, эгерде каркас тилкелериндеги эсептик жүктөмдөрдөн келип чыккан узундугу боюнча күчтөр оор күчтүн 10% ашык болсо.
В.8 Бир кабаттуу каркастуу имараттардын тиешелүү түрдөгү туурасынан жана узунунан рамаларынын эсептик схемаларын (В.3, В.4-сүрөттөр) ушул тиркеменин В.1-таблицасына ылайык тандоо керек.
В.9 Бир кабаттуу каркастуу өндүрүштүк имараттарды долбоорлоодо, эреже катары, аралыгы 6 жана 12 метр болгон колонналарды колдонуу керек.
Колонналарынын акыркы четки катардагы аралыгы 6 м, ортоңку катарында 12-18 м болгон каркастарды жана устун конструкцияларын колдонуу IV, III жана IVк топтогу иштетилүүчү аймактарда кароого жол берилет.
В.10 Бир кабаттуу каркастуу имараттарды долбоорлоодо пайдубал негиздеринин төмөнкүдөй жылышууларын эске албай коюуга болот:
вертикалдык, эгерде колонналардын пайдубалдарынын чөгүү айырмасы өзгөчө жүктөмдөр айкашына эсептелгенде КЧжЭ 2.02.01 көрсөтүлгөн маанилерден ашпаса; горизонталдуу, эгерде алардын маанилери ушул тиркеменин
В.2-таблицасында келтирилген чектүү горизонталдуу жылышууларынын маанилеринен ашпаса.
В.3-сүрөт– Бир кабаттуу каркастуу имараттардын туурасынан рамаларынын схемалары а- е – каркас элементтеринин туташтыруу түрлөрү
В.4-сүрөт – Бир кабаттуу каркастуу имараттардын узунунан рамаларынын схемалары (крандарды колдонуу менен жана колдонбостон)
а-в – каркас элементтеринин туташуу типтери
В.1 – т а б л и ц а
Бирикмелер
Иштетилүүчү аянттардын топтору
Чийменин номери
IV; IVk; III
В3, a
II; I; IVk
В3, б
II; I; IVk
B3, в
I; IV; IIIk
В3, г
Имараттын туруктуулугун колонналар камсыз кылуу колонналар жана боюнча жана ригелдер пайдубалдар кошумча ишчаралар А туурасынан кеткен рамалар ШарнирдүүКатуу кыймылсыз Ортоңку катарлардын мамычалары үчүн - катуу, Ошол эле четкилери үчүн шарнирдүүкыймылсыз Колонналардын бир бөлүгү үчүн шарнирдүүкыймылсыз, Катуу колонналардын бир бөлүгү үчүн шарнирдүүкыймылдуу Ортоңку Бир катарлардын деңгээлде байланышколонналары үчүн - тирөөчтөрдү Шарнирдүүорнотуу катуу, кыймылсыз четкилери үчүн шарнирдүүкыймылсыз
В.1 – таблицанын уландысы
Иштетилүүчү аянттардын топтору
IIk; Ik
IIk; I; IVk
Чийменин номери В3, д
В3, е
Бирикмелер колонналар жана ригелдер
колонналар жана пайдубалдар
А туурасынан кеткен рамалар
Ошол эле
Шарнирдүүкыймылсыз
Ортоңку катарлардын колонналары үчүн - катуу, четкилери үчүн шарнирдүүкыймылсыз
Шарнирдүүкыймылсыз
Б узунунан кеткен рамалар
IV; IVk; III
В4, а
Шарнирдүүкыймылсыз
Катуу
II; I; IVk
В4, б
Ошол эле
Ошол эле
Имараттын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча кошумча иш-чаралар
Ошол эле, 2 деңгээлде
Имараттын ортоңку бөлүгүндө колонналардын ортосунда тигинен кеткен байланыштарды жана пайдубалдардын ортосунда байланыштирөөчтөрдү орнотуу Имараттын ортоңку бөлүгүндө колонналардын ортосунда тигинен кеткен байланыштарды жана пайдубалдардын ортосунда байланыштирөөчтөрдү орнотуу Ошол эле
В.1 – таблицанын аягы
Иштетилүүчү аянттардын топтору
Чийменин номери
Бирикмелер мамычалар жана ригельдер
мамычалар жана пайдубалдар
Имараттын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча кошумча иш-чаралар
Б узунунан кеткен рамалар
I; IIк; IIIк
I; IIк; IIIк
В4, в
В4, в
Шарнирдүүкыймылсыз
Шарнирдүүкыймылсыз
Катуу
Имараттын ортоңку бөлүгүндө сызыктуу кыймылдуу туташтырмалар менен вертикалдуу байланыштарды, ал эми пайдубалдардын ортосунда эки деңгээлдеги байланыштирөөчтөрдү орнотуу.
Катуу
Имараттын ортоңку бөлүгүндө сызыктуукыймылдуу бириктирүүлөрдү колдонуу менен тигинен кеткен байланыштарды, ал эми пайдубалдардын ортосунда - эки деңгээлде байланыштирөөчтөрдү орнотуу
Э с к е р т ү ү – Iк жана жарым-жартылай IIк топтогу иштетилүүчү аянттардагы көпүрө крандуу имараттарда каркасты тегиздөөнү караштыруу максатка ылайыктуу.
В.2 – т а б л и ц а
Каркастын түрү Кесилиш аянты 0,15 м2 ашык болгон темирбетон колонналарынын жасалган Ошол эле, кесилиш аянты 0,1- 0,15 м2 чейин Болот колонналарынан жасалган
Пайдубал негиздеринин горизонталдык жылышууларынын чектик маанилери раманын тегиздигинде байланыштарды карай 0,002 h
0,004 h
0,004 h
0,006 h
0,010 h
0,020 h
Э с к е р т ү ү – И чоңдугу катары раманын биринчи кабатындагы колонналардын бийиктиги кабыл алынат.
В.11 Эгерде өзүнчө турган пайдубалдарга таянган колонналардын көтөрүмдүүлүгү жер бетинин деформацияларынан келип чыккан күчтөрдү кабыл алуу үчүн жетишсиз болуп, ал эми колонналарды андан ары бекемдөө, же бөлүктөрдүн узундугун азайтуу максатка ылайыксыз болгон учурларда, пайдубалдардын ортосунда бир же эки деңгээлде байланыш-тирөөчтөрдү орнотуу каралышы керек.
Эки деңгээлдеги байланыш-тирөөчтөрдү I, IIк, IIIк топтогу иштетилген аймактарда колдонуу максатка ылайыктуу. Байланыш-тирөөчтөрдө топурактын жылышынын таасиринен келип чыккан күчтөрдү азайтуу үчүн, пайдубалдын түбүнүн бетон менен тийишкен жеринде жылышуучу жик орнотуу керек. Эгерде жогоруда саналган иш-чаралар колонналардын талап кылынган көтөрүмдүүлүгүн камсыз кылбаса, имараттын конструкциялык схемасын өзгөртүү, же кайчылаш устун тутумдары, бүтүн темир-бетон плиталар ж.б. түрүндө пайдубалдарды орнотуу каралышы керек.
В.12 Бир кабаттуу каркас имараттардын (бөлүктөрдүн) туурасынан кеткен багытта туруктуулугу колонналарды пайдубалдарга бекитүү менен камсыз кылынышы керек (В.3-сүрөттү кара). Узунунан кеткен багытта бардык ортоңку катардагы колонналарды боюнча алардын ортосунда тигинен кеткен байланыштары бар катуулук блокторун орнотуу зарыл (В.4-сүрөтүн караңыз).
Катуулук блогунун чегинде колонналардын пайдубалдары байланыш-тирөөчтөр менен байланыштырылышы керек.
Бир кабаттуу имараттардын каркастарынын туруктуулугун узунунан жана туурасынан кеткен колонналар катарлары боюнча атайын катуулук элементтерин (диафрагмаларды, чоңойтулган кесилиштеги колонналарды, көп кабаттуу тиркемелерди) орнотуу менен камсыз кылууга жол берилет. Негиздин бирдей эмес деформацияларында тигинен кеткен байланыштардагы күчтөрдү азайтуу үчүн, аларды бирдей эмес чөкмөлөрдө байланыштарга карата блоктун колонналардын жылышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган сызыктуу-кыймылдуу бириктирүүлөрдү колдонуу менен аткаруу керек (В.4-сүрөттү кара). Көп кабаттуу имараттардын туурасынан жана узунунан кеткен багыттардагы туруктуулугу колонналарды пайдубалдарга бекитүү, колонналардын ортосунда тигинен кеткен байланыштарды орнотуу же ригелдерди колонналарга бириктирүүнүн катуу түйүндөрү менен камсыз кылынышы керек. Имараттын же анын бөлүктөрүнүн мейкиндиктеги туруктуулугун камсыз кылган тигинен кеткен байланыштар имараттын (бөлүктүн) ортоңку бөлүгүндө мейкиндик блокторго топтолушу керек. Каркас менен мейкиндик блокторунун биргелешип иштешин камсыз кылуу үчүн, жабуулар горизонталдык тегиздикте жетиштүү катуулукка ээ болушу керек.
В.13 Каркастуу имараттын бөлүгүнүн чектик узундугун жана туурасын жер бетинин деформацияларынын эсептик чоңдуктарына жараша аныктоо керек.
Бөлүктөрдүн ортосундагы деформациялык жиктер жуп рамалар же арыштуу конструкциялардын шарнирдүү-кыймылдуу таянычы түрүндө долбоорлонуп, аларды ийилчээк толтургучтар (пороизол, поролон, макро тешиктүү резина ж.б.) менен толтурулган компенсаторлор менен жабылышы керек.
В.14 Бир кабаттуу каркастуу имараттардын жабуулары үчүн, эреже катары, эң жөнөкөй статикалык аныкталган конструкцияларды колдонуу керек.
В.15 Бөлүнбөгөн жабуу тутумдарын колдонуунун максатка ылайыктуулугу ар бир учурда негиздин бирдей эмес деформацияларына статикалык эсептөө менен негизделиши керек.
В.16 Бүктөлүүчү, жука дубалдуу мейкиндик конструкцияларын (жыйнаккабыктарды) ж.б. жабуу катары колдонуу негиздин бирдей эмес деформацияларынын, технологиялык жабдуулардын динамикалык таасирлеринин, асма же көпүрө крандардын таасирин, имаратты тегиздөө зарылдыгын (айрым учурларда) жана башка факторлорду эске алып, статикалык эсептөө менен негизделиши керек.
В.17 Негиздин бирдей эмес деформацияларынан улам чатырдын бузулушунан каркастуу имараттардын жабууларын суунун киришинен коргоо үчүн, жабуунун каптал жана узунунан кеткен (ички суу агуучу) дубалдарга
кошулган жерлеринде коңшулаш аралыктардын жабууларынын тийишкен жерлеринде компенсаторлорду (деформациялык жиктерде жылуулук изоляциясы менен) орнотуу, ошондой эле компенсаторлорду орнотуучу жиктерди жана жабуу плиталарынын ортосундагы тигиштерди гидроизоляциялык катмардын ичинде туурасы 1 м кошумча рубероид тилкелери менен чаптоо керек.
В.18 Каркастуу имараттар үчүн тосмо конструкциялары катары стандартташтырылган чоң өлчөмдөгү дубал панелдерин колдонуу керек, аларды имараттын каркасынын элементтерине ийкемдүү бекитүү менен, тосмо конструкцияларга каркас деформацияланганда жүктөмдөр минималдуу болушун, же таптакыр жок болушун камсыз кылуу керек.
Дубал тосмо конструкциялары горизонталдык багытта эки бурчунан шарнирдүү-кыймылдуу, ал эми калган эки бурчунан шарнирдүү-кыймылсыз бекитилиши керек. Имараттын коңшулаш колонналарынын чөкмөлөрүнүн жол берилүүчү айырмасы ∆h төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында ∆n – дубал панелдеринин ортосундагы боштуктун чоңдугу; l – коңшулаш мамычалардын окторунун ортосундагы аралык; Н n – дубал панелдин бийиктиги.
В.19 Өзүнчө көтөрүүчү таш дубалдарды колдонууда, аларды имараттын каркасынын колонналарынын жанынан кесип, ранд-устундарга жана каркас элементтерине бекитүү менен долбоорлоо керек. Имараттын каркасынын октору боюнча өтүүчү ички дубалдарды колонналарга ийкемдүү анкерлер менен бекитип, сырткы дубалдарга, такталарга жана ригелдерге кошулган жерлерде, ошондой эле технологиялык жана санитардык-техникалык түтүктөр менен кесилишкен жерлерде кеминде 50 мм боштуктарды калтыруу керек.
В.20 Топуракка төшөлгөн катуу жер тамандар (бетон, ксилолит ж.б.)
долбоорлоодо аларды капталдары 6 м ашпаган карталарга бөлүү керек. Карталардын ортосундагы жиктин туурасын (5.4) формуласы боюнча аныктоо керек, мында L0 чоңдугу катары каралып жаткан багытта коңшулаш карталардын борборлорунун ортосундагы аралык кабыл алынат. Карталардын ортосундагы жиктерди эластикалык толтургуч (битум мастикасы, пороизол жип ж.б.) менен толтуруу керек. Бетон арматураланган төшөлмлөрдү байланыш-тирөөч катары колдонууга жол берилет. Бул учурда аны карталарга бөлүүгө болбойт.
В.21 Тепкич аянтынын дубалдарын имараттын (бөлүктүн) мейкиндиктеги туруктуулугун камсыз кылган катуу блоктору катары колдонууга жол берилет.
Жабдууларды жана коммуникацияларды орнотуу үчүн жабуулардагы тешиктердин өлчөмдөрүн алардын горизонталдык тегиздикте өз ара жылышуу
мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен аныктоо керек. Казып алуу учурунда жабдууларды түздөө мүмкүнчүлүгүн кароо зарыл.
В.22 Өндүрүштүк имараттарда көтөрүүчү-ташуучу каражаттар катары асма жана төшөлмө көтөрүүчү-ташуучу жабдууларга артыкчылык берүү керек.
Крандардын нормалдуу иштешин камсыз кылуу үчүн, кран астындагы конструкцияларды түздөө жана асмаларды жөндөө мүмкүнчүлүгүн караштыруу керек.
В.23 Көпүрө крандуу имараттарда кран астындагы бөлүнгөн устундарды колдонуу керек. Имаратты бөлүктөргө бөлгөн жерлерде кран астындагы устундардын консолдук таянычын же атайын компенсатордук устундарды орнотуу каралышы керек, алардын деформациялануу жөндөмдүүлүгү деформациялык тигиштин күтүлүүчү чоңдугуна жараша аныкталууга тийиш.
В.24 Крандардын имарат элементтерине жакындашуу өлчөмдөрүн кран жолдорун мүмкүн болуучу түздөөлөрдү эске алуу менен дайындоо керек.
Мамычанын кран үстүндөгү бөлүгүнүн бийиктигин көбөйтүүгө же төмөндөтүлгөн таяныч бөлүгү бар металл кран астындагы устундарды колдонууга жол берилет.
В.25 Жер бетинин деформацияларынан улам пайда болгон көпүрө крандардын кран астындагы жолунун жантаюусунун чоңдугу төмөнкү чектик маанилерден ашпашы керек:
туурасынан кеткен багытта i = 4∙10-3; » узунунан кеткен багытта » i = 6∙10-3. Жолдорду түздөөнүн зарыл даражасын жана крандардын жакындашуу өлчөмдөрүн жер бетинин эсептик деформацияларына жана кран астындагы жолдордун жантаюусунун чектик маанилерине жараша аныктоо керек. Жер бетинин жылышынын активдүү баскычы аяктагандан кийин, кран астындагы жолдор "Жүк көтөрүүчү крандарды орнотуу жана коопсуз эксплуатациялоо эрежелерине" ылайык түздөлүшү керек.
Г тиркемеси Иштелип жаткан аймактарында каркассыз имараттарды долбоорлоонун жана эсептөөнүн өзгөчөлүктөрү
Г.1 Иштелип жаткан аймактарда каркассыз имараттар айрым көтөрүүчү конструкциялар бузулганда имараттардын бөлүктөрүнүн прогрессивдүү кыйрашына жол бербеген катуу же аралаш конструкциялык схемалар боюнча долбоорлонушу керек:
узунунан кеткен көтөрүүчү дубалдары жана туурасынан кеткен катуулук диафрагмалары (тепкич аянттарынын дубалдары, лифт шахталары ж.б.); туурасынан жана узунунан кеткен көтөрүүчү дубалдары менен.
Э с к е р т ү ү – Каркассыз турак жай жана коомдук имараттардын жер үстүндөгү бөлүгү, эреже катары, катуу конструкциялык схема боюнча долбоорлонушу керек.
Г.2 Имараттардын көтөрүүчү дубалдары, эреже катары, имараттардын узунунан жана туурасынан кеткен окторуна карата симметриялуу жайгаштырылып, имараттын узундугу жана туурасы боюнча катуулуктун бирдей бөлүштүрүлүшүн камсыз кылышы керек.
Туурасынан кеткен дубалдар имараттын бүткүл туурасы боюнча туташ долбоорлонушу керек. Эгерде пландаштыруу талаптарына ылайык туурасынан кеткен дубалдардын туташ жайгашуусу бузулса, аларды ички узунунан кеткен дубал менен байланыштыруу каралышы керек, бул узунунан жана туурасынан кеткен дубалдардын бирдиктүү кайчылаш система катары биргелешип иштешин камсыз кылышы керек. Мында туурасынан кеткен дубалдардын жылышы (ок боюнча) 0,6 мден ашпаган чоңдукка жол берилет. Узунунан кеткен дубалдардын жылышынын чоңдугу 1,8 м ашпоого тийиш, мында узунунан кеткен дубалдардын сынуу орду туурасынан кеткен көтөрүүчү дубалдар менен байланыштырылышы керек.
Г.3 Каркассыз имараттардын, анын ичинде орнотулган жайлары бар имараттардын конструкциялары, аларга түшкөн жүктөмдөрдөн жана негиздин бирдей эмес деформацияларынын таасиринен келип чыккан күчтөрдү кабыл алуу үчүн бирдиктүү мейкиндик тутумдун элементтери катары долбоорлонушу керек.
Бул максатта төмөнкүлөрдү караштыруу керек: бардык тышкы жана ички дубалдар боюнча жабык пайдубалдык жана цоколдук курчоолорду орнотуу; ири блоктуу жана кирпич имараттарда бардык тышкы жана ички дубалдар боюнча кабаттар менен темир-бетон курчоолорду, ал эми панелдүү имараттарда тышкы жана ички дубал панелдеринин конструкциялары менен айкалышкан кабаттар менен курчоолорду орнотуу;
пайдубалдардын конструкцияларын анын үстүндөгү конструкциялар менен тигинен вертикалдык байланыштар аркылуу бириктирүү; жабуу панелдерин бири-бири менен жана көтөрүүчү дубалдар менен бириктирүү, ошондой эле панелдердин ортосундагы жиктерди 100 маркасындагы цемент аралашмасы менен толтуруу. Панелдүү имараттарда пайдубалдык жана цоколдук курчоолорду цоколдук темир-бетон панелдеринин конструкциялары менен айкалыштырууга жол берилет.
Г.4 Имараттардын типтүү долбоорлордо жер үстүндөгү бөлүктүн жалпы көлөмдүк-пландык жана конструкциялык чечимдерин каралышы керек. Жер астындагы бөлүктүн конструкциялык чечимдери курулуштун ар кандай шарттарына ылайыкташтырылып, бир нече вариантта иштелип чыгышы керек.
Г.5 Каркассыз имараттардагы деформациялык жиктер туурасынан кеткен жуп дубалдар түрүндө каралышы керек. Дубалдардын калыңдыгы имараттарга карата сырткы абанын эсептик температурасына жараша коюлуучу жылуулук техникалык талаптарга жооп бериши керек.
Г.6 Ири панелдүү имараттарда элементтердин ортосундагы бириктирүүлөр төмөнкү ыкмалардын бири менен аткарылышы керек:
чыккан арматураларды ширетүү жана шпонкаларды бетон менен толтуруу менен шпонкалар түрүндө; жумушчу арматурага ширетилген болот кыналган бөлүктөрдү ширетүү аркылуу; илмектүү чыгарууларды скобалар менен бириктирүү жана андан кийин толтуруу аркылуу. Дубал элементтеринин ортосундагы жиктердеги бириктирүүчү элементтердин кесилиши эсептөө жолу менен аныкталууга тийиш. Панелдерди горизонталдык жиктеринде 100 маркасынан төмөн болбогон цемент аралашмасынан жасалган тигиштер каралышы керек. Жиктердеги болот кыналган бөлүктөр жана бириктирүүчү элементтер дат басуудан корголушу керек.
Г.7 Таш имараттарда бурчтарды жана дубалдардын кесилиштерин диаметри
4-6 мм арматурадан жасалган, өлчөмү 7x7 см болгон торчолор менен арматуралоо керек, алар горизонталдык жиктерге элементтин бийиктиги боюнча 1 м сайын төшөлүп, дубалдардын окторунун кесилиштеринен ар бир тарапка 1,2-1,5 м аралыкта бекитилет. Жабуу жана чатыр панелдеринин панелдүү имараттардын көтөрүүчү дубалдарына таянуу тереңдиги 12 см ден кем болбошу керек.
Г.8 Каналдар, тилке оюктар (штроба), тешиктер (ниша) менен алсызданган конструкциялар эсептөөгө же конструкциялык талаптарга ылайык кошумча арматура орнотуу менен бекемделиши керек.
Г.9
Каркассыз имараттардын пайдубал-жер төлө бөлүгүнүн конструкцияларын заводдо даярдалган курама буюмдарды колдонуу менен көбүнчө курама-монолиттүү түрдө долбоорлоо керек. Эгерде мындай чечимдер жетиштүү бекемдикти жана катуулукту камсыз кылбаса, имараттын жер астындагы бөлүгүн монолиттүү түрдө долбоорлоо керек. Катуулукту жогорулатуу максатында имараттын пайдубал-жер төлө бөлүгүндө кошумча дубалдарды орнотуу каралышы мүмкүн.
Г.10 Узунунан кеткен дубалдардын тилкелеринде ок боюнча 1,5 м ашпаган аралыкка жылдыруу менен лоджияларды орнотууда дубалдын тегиздигинде, ошондой эле лоджиялардын контуру боюнча түз сызыктуу темир-бетон дубалдык жана пайдубалдык курчоолор каралышы керек.
Дубалдык курчоолордун түз сызыктуу элементтери катары лоджиялардын үстүндөгү жабуу конструкцияларын колдонууга жол берилет, алар бүктөм жерлеринде бекемделип, негизги курчоонун конструкциялары менен ишенимдүү байланышта болушу керек. Лоджия дубалдарынын бири, эреже катары, имараттын туурасынан кеткен дубалынын уландысы болушу керек. Балкондор жана эркерлер жабуулардын консолдук чыгарылышында орнотулушу керек. Тегиздөөнү эске алуу менен долбоорлонгон имараттарда лоджиялардын жабууга таянычы каралышы керек.
Д тиркемеси Кен иштелген аймактарда инженердик курулмаларды жана түтүктөрдү долбоорлоо жана эсептөө өзгөчөлүктөрү
Д.1 Мунара түрүндөгү курулмалар катуу конструкциялык схемалардын негизинде долбоорлонууга тийиш.
Эсептик кыйшаюулар чектүү маанилерден ашып кеткенде, пайдубалдын түбүнүн өлчөмдөрүн чоңойтуу, мүмкүн болсо, курулманын оордук борборун төмөндөтүү, аркан түзүлүштөрдү, ошондой эле эксплуатациялоо процессинде курулманы тегиздөө боюнча иш-чаралар каралышы зарыл.
Д.2 Транспорттук галереялар ийкемдүү схемалар боюнча долбоорлонушу керек. I, Iк жана II, IIк топтогу кен иштетилген аймактар үчүн (5.1,
5.2-таблицалар) транспорттук галереялардын көтөрүүчү конструкциялары, эреже катары, металлдан жасалышы керек.
Д.3 Транспорттук галереялар тирөөчтөрдө жиктери бар бөлүнгөн конструкция түрүндө каралышы керек, мында галереяны тирөөчтөрдө горизонталдык тегиздикте анын узунунан кеткен огуна ченем боюнча түздөө мүмкүнчүлүгү камсыз кылынышы керек. Транспорттук галереянын имаратка таянычы кыймылдуу болуп долбоорлонушу керек. Деформациялык жиктер жапкычтар менен жабылышы керек.
Д. 4 Iк-IIIк топтогу иштелип жаткан аймактарда транспорттук галереялардын тирөөчтөрү алардын негизиндеги жер бетинин тепкичтеринин таасирине эсептелген жалпы пайдубалдарда долбоорлонушу керек.
Д.5 Узун жер астындагы курулмалар (тоннелдер, каналдар, өтмөктөр ж.б.)
төмөнкүдөй долбоорлонушу керек: узунунан кеткен багытта - деформациялык жиктер менен айрым катуу бөлүктөргө бөлүнгөн ийкемдүү схемалар боюнча; туурасынан кеткен багытта - ийкемдүү жана катуу конструкциялык схемалар боюнча.
Д.6 Жер астындагы узун курулмалардын бөлүктөрүнүн узундугу конструкциянын көтөрүмдүүлүгүнө, жүктөмдөрдүн чоңдугуна жана негиздин деформацияларынын таасирине жараша кабыл алынышы керек.
Коңшулаш бөлүктөрдүн ортосундагы деформациялык жиктерди жер астындагы суулардын киришинен эластикалык толтургучтарды, компенсациялык кыстармаларды ж.б. колдонуу менен коргоо керек.
Д.7 Авариялык сууларды агызуу үчүн каралган жер астындагы узун курулманын узунунан кеткен эңкейиштери жер бетинин мүмкүн болуучу жантаюуларын эске алуу менен орнотулушу керек.
Д.8 Жер астындагы узун курулмаларга төшөлгөн инженердик коммуникациялардын нормалдуу эксплуатациясын камсыз кылуу үчүн атайын ийкемдүү тирөөчтөрдү жана компенсациялык түзүлүштөрдү орнотуу каралышы керек.
Д.9 Иштелип жаткан аймактарда курулуучу көлөмдүү тереңдетилген курулмалар КЧжЭ 2.04.01, КР КЧ 40-01, КР КЧ 40-02 талаптарын эске алуу менен ийкемдүү, аралаш, же катуу конструкциялык схемалар боюнча долбоорлонушу керек.
Д.10 Жабык көлөмдүү тереңдетилген курулмаларды долбоорлоодо ийкемдүү жана аралаш конструкциялык схемаларга артыкчылык берилиши керек.
Негиздин бир калыпта эмес деформациясына ылайыкташтырылган ийкемдүү суу өткөзбөй турган жиктерди курулуш блоктордун бириккен жерлеринде, ошондой эле алардын чатырында, түбүндө жана бөлмөлөрдү бөлүүчү дубалдар менен бириккен жерлеринде жасоо менен ийкемдүү курулуш схемасы ишке ашырылат.
Д.11 Ачык көлөмдүү тереңдетилген курулмаларды долбоорлоодо катуу жана аралаш конструкциялык схемаларга артыкчылык берилиши керек.
Стационардык жабдуулары бар ачык көлөмдүү тереңдетилген курулмалар катуу схемалар боюнча долбоорлонушу керек. Туруктуу жабдуусу жок ачык түрдөгү жер астындагы курулуштарды төмөнкүдөй долбоорлоо керек: планда тик бурчтуу формада – катуу конструкциялык схема боюнча; тегерек формада – жер астындагы суу болгон учурда катуу конструкциялык схема боюнча, ал эми жер астындагы суу жок болгон учурда деформациялык жик менен дубалдардан бөлүнүп турган түбү бар аралаш схема боюнча.
Д.12 Жер астындагы суунун деңгээли жогору болгон жерлерде курулуучу сыйымдуу жер астындагы имараттарды долбоорлоодо ийкемдүү жиктердин конструкциясы эки тараптуу гидростатикалык басымды кабыл алууга тийиш.
Д.13 Иштелип жаткан аянттарда түтүк жолдорун долбоорлоо учурунда шаарлар менен кыштактардын аймагындагы магистралдык түтүк жолдоруна, мунай өнүмдөрүнүн түтүк жолдоруна карата колдонулуучу азыркы ченемдерди, ошондой эле жылуулук, газ, суу менен камсыздоо жана канализациянын тышкы жана ички тармактарына жана системаларына карата трассаны тандоо, жабуу ыкмалары, конструкциялык чечимдер, ташылып жаткан өнүмдөрдүн параметрлери, коррозиядан жана башка таасирлерден коргоо, жылуулук изоляциясы, башкаруу системалары, экологиялык коопсуздук жана түтүк жолдорунун ишенимдүүлүгүн жана жанындагы объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ушул талаптарга карама-каршы келбеген башка талаптар боюнча ченемдерди сактоо керек.
Д.14 Казылып алынган болот түтүктөрдүн иштен чыкпоосу кадимки курулуш шарттарында аракеттенүүчү жүктөмдөрдүн жана казып алуунун натыйжасында топурак массивинин горизонталдык жана тигинен жылышууларынан келип чыккан кошумча таасирлердин айкалышында бекемдикке, туруктуулукка, деформацияларга (өзүн-өзү компенсациялоого)
эсептөө жолу менен аныкталат.
Д.15 Казылып алынган түтүктүн текшерүүчү эсеби анын трассасын, негизги өлчөмдөрүн, казып алуу участогундагы топурактын тигинен жана горизонталдык жылыштарынын болжолдуу эсептөөлөрүн тандап алгандан кийин жүргүзүлөт.
Түтүктөрдүн чыңалуу-деформацияланган абалынын эсебин көбүнчө сандык ыкмалар менен аткаруу керек. Түтүктөрдүн эсептик моделдери (схемалары) конструкциялык өзгөчөлүктөрдү жана түтүктөрдүн деформациялануучу топурак чөйрөсү менен өз ара аракеттенүү шарттарын чагылдырышы керек.
Д.16 Долбоорлордо жер казуунун таасири астында болот түтүктөрдүн герметикалуулугун бузуунун алдын алуу боюнча конструкциялык жана технологиялык чараларды караштыруу керек. Казылып алынган түтүктөр үчүн крандар, жапкычтар, вентилдер, клапандар жана башка жабуучу арматура долбоордук басымга карабастан, болоттон гана жасалышы керек. Кайырма кырлар (түз жана жооп берүүчү), тыгыздагыч, жабуучу арматуранын бекитүүчү бөлүктөрү эсептик күчтөрдө жана казып алуудан келип чыккан бурчтук жылыштарда герметикалуулук талаптарына жооп бериши керек. Компенсаторлор жана ийкемдүү тиркемелер кепилденген запасы менен жылмакай деформация зоналарындагы узунунан жана бурчтук жылыштарды, ошондой эле тепкич зоналарындагы локалдык жылыштарды кабыл алууну камсыз кылышы керек, казылып алынган түтүктүн кызмат мөөнөтүнө барабар болгон узак мөөнөттүүлүк ресурсуна ээ болушу, же оңдоого жарамдуу болууга тийиш, б.а. түтүктү эксплуатациялоону токтотпостон герметикалуулукту калыбына келтирүүгө мүмкүндүк бериши керек. Акыркы талап иштен чыгышы түтүктүн жана чектеш объектилердин орточо жана оор бузулушуна алып келбеген, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирбеген түзүлүштөргө гана тиешелүү.
Д.17 Долбоорлордо ташылып жаткан чөйрөнүн ички басымынан, температуралык чыңалуудан жана кен иштетүүнүн кесепетинен келип чыккан чыңалуулардын биргелешкен таасирин азайтуу боюнча коргоо чаралары каралышы керек; казуунун кесепетинен пайда болгон коркунучтуу чыңалуу зоналарында түтүктөрдү жарым-жартылай же толугу менен ачыкка чыгаруу менен топурактын таасирин азайтуу; тоңуу тереңдигинен төмөн боштук калтыруучу толтургучтарды колдонуу жана башкалар.
Д.18 Секциялык түтүктөр топурак чөйрөсүнүн деформацияларынын шарттарында бириктирүүлөрдүн герметикалуулугун камсыз кылуу менен
долбоорлонушу керек. Долбоорлордо узартылган учу кең түтүктөр (раструб) жана түтүктөрдүн бүткүл эксплуатациялоо мезгилинде ийкемдүүлүгүн сактаган узак мөөнөттүү тыгындары бар секциялык түтүктөрдү колдонуу керек.
Д.19 Өзү агуучу түтүктөрдү минималдуу жол берилген эңкейиштерди сактоо шартынан долбоорлоо керек.
Е тиркемеси Имараттарды жана курулмаларды эксплуатациялоо мезгилинде аларды тегиздөөнү эске алуу менен долбоорлоо өзгөчөлүктөрү
Е.1 Имараттарды жана курулмаларды, айрым конструкциялык элементтерди жана технологиялык жабдууларды тегиздөө табигый шарттарда жетиштүү эксперименталдык текшерүүдөн өткөн ыкмалар менен жүргүзүлүшү керек.
Тегиздөөнү атайын түзүлүштөрдүн (мисалы, гидравликалык тик көтөргүчтөрдү) жардамы менен; негиздин деформациялануу жөндөмдүүлүгүн локалдык өзгөртүү аркылуу (негиздеги топуракты бургулоо, негиздин топурагын жөнгө салынуучу нымдоо) жүргүзүүгө уруксат берилет. Тегиздөө ыкмасын тандоо имараттын (курулманын) конструкциялык чечимине, курулуш аянтынын топурак шарттарына, чоңдугуна, ал эми казылып алынган аймактар үчүн - жер бетинин деформацияларынын өсүү ылдамдыгына жараша жүргүзүлөт. Эскертүүлөр Имараттарды жана курулмаларды тегиздөө, негиздин бирдей эмес деформацияларынын таасиринен коргоо чарасы катары башка коргоо чараларын (конструкциялык, негизди даярдоо ж.б.) колдонууну жокко чыгарбайт. 2 Тегиздөөнү эске алуу менен иштелип чыккан имараттардын жана курулмалардын долбоорлорунун принциптүү конструкциялык чечимдери бул тармакта адистешкен уюм жана буйрутма берүүчү менен макулдашылышы керек.
Е.2 Каркассыз имараттарды жана курулмаларды пайдубал бөлүгүндө тик көтөргүч менен тегиздөө мүмкүнчүлүгү менен долбоорлоодо тешиктерди (тик көтөргүчтөрдү жайгаштыруу үчүн) жана имараттын (курулманын) көтөрүлүүчү жана таяныч бөлүктөрүнүн ортосунда горизонталдуу бөлүүчү жикти кароо, ошондой эле тегиздөөчү түзүлүштөрдү орнотуучу жерлерге эркин жетүүнү камсыз кылуу керек. Түзүлүштөрдү жайгаштыруучу жерлерде төшөлмөдөн шыптын чыгып турган конструкцияларына чейинки бийиктик 1,9 м ден кем болбошу керек.
Тегиздөөгө тийиш болгон имараттардын жана курулмалардын долбоорлорунда эксплуатациялоо мезгилинде аспаптык байкоо жүргүзүү үчүн маркаларды куруу учурунда кыстармаларды коюу каралышы керек.
Е.3 Лифт шахталары имараттын тегизделүүчү (көтөрүлүүчү) бөлүгүнө таянуу менен же пайдубалдардын конструкцияларынан жана имараттын жер үстүндөгү бөлүгүнүн конструкцияларынан бөлүүчү жик жана лифт шахталарынын тигинен четтөөлөрүн оңдоо үчүн жетиштүү өлчөмдөгү боштуктар менен бөлүнгөн өз алдынча пайдубалдарда өзүнчө долбоорлонушу керек. Лифт шахталарынын пайдубалдарында тегиздөөчү түзүлүштөрдү орнотуу үчүн тешиктер каралышы керек.
Е.4 Жылуулук менен камсыздоо, ички суу түтүктөрү жана канализация системалары имаратты (курулманы) тегиздөө процессинде түтүктөрдүн нормалдуу эксплуатациясын камсыз кылган конструкциялык төмөнкүдөй ишчараларды эске алуу менен долбоорлонушу керек:
түтүктөрдү тегиздөөчү түзүлүштөрдү жайгаштыруу үчүн арналган тешиктерден тышкары төшөө; тик түтүктөрдү жана бөлүштүрүүчү түтүктөрдү имараттын (курулманын) горизонталдуу бөлүүчү жиктен жогору жайгашкан конструкцияларына, таяныч жана көтөрүлүүчү бөлүктөрүнүн ортосуна бекитүү; түтүктөрдү дубалдар жана пайдубалдар аркылуу өткөрүү жана түтүктөр менен курулуш конструкцияларынын ортосунда боштуктарды камсыз кылуу үчүн тешиктерди орнотуу; түтүктөрдүн горизонталдык жана тигинен жылышын камсыз кылган компенсаторлорду орнотуу; муздак жана ысык суунун бардык тик түтүктөрүнө жабуучу вентилдерди орнотуу.
Е.5 Тегиздөөгө тийиш болгон каркас түрүндөгү конструкциялык схемасы бар каркас имараттарды жана курулмаларды долбоорлоодо мамычалардын, пайдубалдардын жана катуу блокторундагы байланыштарды мамычаларга бекитүүчү түйүндөрдүн конструкциялык чечими (тегиздөө технологиясына ылайык) тегиздөөчү түзүлүштөрдү жана алар үчүн таяныч шаймандарды орнотууга мүмкүндүк бериши керек.
Кран астындагы устундарды колонналарга бекитүү аларды тигинен жана горизонталдык тегиздиктерде түздөөгө тоскоол болбошу керек. Байланыштарды жана тосмо конструкцияларды колонналарга бекитүү, ошондой эле дубал панелдеринин учтарынын ортосундагы боштуктун чоңдугу имаратты тегиздөөдө конструкциялардын өз ара вертикалдык жылышына жол бериши керек. Имараттын жабуу плиталарын бекитүү вертикалдык тегиздикте ийкемдүү жана жабуу дискинин тегиздигинде катуу болушу керек.
Е.6 Тик көтөргүч менен тегиздөөгө тийиш болгон курулмалар жана жабдуулар үчүн плиталык жана массивдүү пайдубалдар төмөнкүлөрдү орнотуу менен долбоорлонушу керек:
пайдубалдын астынкы (таяныч) жана үстүнкү цоколдук бөлүктөрүнүн ортосунда бөлүүчү жикти; тик көтөргүчтөрдү жайгаштыруу үчүн пайдубалдын таяныч же цоколдук бөлүгүндөгү тешиктер;
эксплуатациялоо процессинде жана тегиздөө иштери учурунда пайдубалдын цоколдук жана таяныч бөлүктөрүнүн ортосунда байланыш ролун аткаруучу камсыздандыруучу элементтер.
Е.7 Имараттарды жана курулмаларды пайдубалдын түбүнөн топуракты бургулоо (жарым-жартылай алып салуу) менен тегиздөө, эреже катары, мейкиндикте катуулугу жогору болгон имараттардын (курулмалардын)
долбоорлорунда каралышы керек. Бургулоого тийиш болгон имараттардын негиздери деформация модулу Е≤25 МПа болгон топурактардан турушу керек. Е>25 МПа болгондо, долбоорлордо КЧжЭ 2.02.01 көрсөтмөлөрүнө ылайык аткарылуучу топурак жаздыктарды орнотуу каралышы керек.
Е.8 Имараттарды жана курулмаларды тегиздөө мезгилинде тегизделүүчү объектилердин конструкцияларынын абалына туруктуу визуалдык жана инструменталдык байкоо жүргүзүү зарыл.
Ж тиркемеси
Ж.1 – таблица
Курулуш шарттары боюнча пайдалуу кендер жаткан аймактардын категориялары
Курулуштун тоо-кен жана инженердик-геологиялык шарттары Аймактын Аймактын Курулуштун өзгөчө тоо-кен иштери жер бетинин категокурулушка тоо-кен шарттары объектинин деформациялары риясы жарамдуулугу казмаларынын эксплуатациялоо аймактардын болушу мезгилинде тобуна туура келет Курулушка жарамдуу – Эски тоо-кен Пландалган эмес Аймактын астында казуу жүргүзүлбөгөн казмалары жок өнөр жайлык эмес пайдалуу кендердин болушу. Пайдалуу Эски тоо-кен Ошол эле кендер иштетилип казмалары бүткөн жана жер чуңкурлардын пайда бетинин деформация болуу процесстери аяктаган мүмкүнчүлүгүн же казып алуу жокко чыгарган долбоорлонуп жаткан тереңдикте болгон объектилердин амортизация мөөнөтү аяктагандан кийин күтүлүүдө
Ж.1 – таблицанын уландысы
Аймактын категориясы
Аймактын курулушка жарамдуулугу
Курулуштун тоо-кен жана инженердик-геологиялык шарттары
Курулушка жарамдуу – Эски тоо-кен Чуңкурлардын казуу жүргүзүлгөн казмалары жок пайда болуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган тереңдикте пландалууда
II- IV IIк- IVк
Эски тоо-кен казмалары чуңкурлардын пайда болуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган тереңдикте болгон
III- IV IIIк- IVк
Курулуштун өзгөчө шарттары Аймакта төмөнкүдөй участоктор жок: мүмкүн болгон техногендик суу каптоо жана суу астында калуу; тик тектоникалык бузулуулардын чыгуулары жана синклиналдык бүктөмдөрдүн октук беттеринин чыгуулары; мүмкүн болгон жер көчкүлөрдүн пайда болушу
Ж.1 – таблицанын уландысы
Аймактын категориясы
Аймактын курулушка жарамдуулугу
Курулушка жарамдуулугу чектелген – казуу жүргүзүлөт
Курулуштун тоо-кен жана инженердик-геологиялык шарттары Эски тоо-кен казмалары жок, же чуңкурлардын пайда болуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган тереңдикте
Чуңкурлардын пайда болуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган тереңдикте пландалууда
Эски тоо-кен казмалары жок же чуңкурлардын пайда болуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган тереңдикте
Ошол эле
Курулуштун өзгөчө шарттары
1,1к
Аймакта төмөнкүдөй участоктор жок: мүмкүн болгон техногендик суу каптоо жана суу астында калуу; тик тектоникалык бузулуулардын чыгуулары жана синклиналдык бүктөмдөрдүн октук беттеринин чыгуулары; мүмкүн болгон жер көчкүлөрдүн пайда болушу. I жана Iк Аймактын I жана Iк топтору үчүн топторуна караганда деформациядеформациялары чоң лар максимал- болгон участоктору бар. дуу маанилерден ашат
Ж.1 – таблицанын уландысы
Аймактын категориясы
Аймактын курулушка жарамдуулугу
Курулушка жараксыз
Курулуштун тоо-кен жана инженердик-геологиялык шарттары
Курулуштун өзгөчө шарттары
Эски тоо-кен казмалары жок, же чуңкурлардын пайда болуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган тереңдикте
Чуңкурлардын пайда болуу мүмкүнчүлүгү бар болгон тереңдикте пландалууда
Топко карабастан
Жер бетинде чуңкурлар жана чоң жаракалар пайда болушу мүмкүн.
Эски тоо-кен казмалары чуңкурлардын пайда болуу мүмкүнчүлүгү бар болгон тереңдикте
Тоо-кен иштерин пландоого карабастан
Ошол эле
Ошол эле
Ж.1 – таблицанын уландысы
Аймактын категориясы
Аймактын курулушка жарамдуулугу
Курулушка жараксыз
Курулуштун тоо-кен жана инженердик-геологиялык шарттары Жер бетине чыгуучу даярдоо казмалары, өзөктөр жана шахталар бар, алардын таасир зонасында чуңкурлардын пайда болуу мүмкүнчүлүгү бар болгондо Эски тоо-кен казмаларынын бар же жок экендигине карабастан.
Курулуштун өзгөчө шарттары
Тоо-кен иштеринин өнүгүшүнө карабастан
Топко карабастан
Казмалардын айланасында жер бетинин чуңкурлары пайда болушу мүмкүн.
Пландалууда
Топко карабастан
Аймакта төмөнкүдөй участоктор бар: мүмкүн болгон техногендик суу каптоо жана суу астында калуу; тик тектоникалык бузулуулардын чыгуулары; синклиналдык бүктөмдөрдүн октук беттеринин чыгуулары; мүмкүн болгон жер көчкүлөрдүн пайда болушу
Ж.1 – таблицанын аягы
Аймактын категориясы
Аймактын курулушка жарамдуулугу
Курулуштун тоо-кен жана инженердик-геологиялык шарттары
Курулушка Запастар иштетилип бүткөндөн кийин, же тийиштүү ишубактылуу жараксыз чараларды жүргүзгөндөн кийин курулуш шарттары боюнча 3, 2 же 1-категорияга өтүүчү 4-категориядагы курулушка жараксыз аймактар
Курулуштун өзгөчө шарттары
-
И тиркемеси Чөгүп кете турган жер кыртыштарындагы негиздердин деформацияларын жана катуулук коэффициенттерин эсептөө I типтеги чөкмө топурак шарттары
И.1 Негиз топурактарынын чоң аянттарда үстүнкү бетинен интенсивдүү нымдалганда жана жер астындагы суулардын деңгээли көтөрүлгөндө чөгүшү төмөнкү формула боюнча аныкталат
, (И.1) мында εsl.i – МамСТ 23161 боюнча толук сууга каныкканда аныкталуучу i топурак катмарынын салыштырмалуу чөгүүсү; hi – i-го топурак катмарынын калыңдыгы, см; ksl.i – И.2 көрсөтмөлөрүнө ылайык аныкталуучу коэффициент; n – топурактардын чөгүү зоналары hsl.ρ жана hsl.g бөлүнгөн катмарлардын саны (5.1-сүрөттү кара). (И.1) формуласы боюнча топурактардын чөгүшүн эсептөөдө: салыштырмалуу чөгүүсү εsl.i ≥ 0,01 болгон топурак катмарлары гана эске алынат, ал эми εsl.i < 0,01 болгон топурак катмарлары эске алынбайт; чөгүүчү калыңдык Hsl жана чөгүү зоналары hsl.ρ жана hsl.g литологиялык кесилишке ылайык калыңдыгы 2 м ашпаган айрым катмарларга бөлүнүшү керек, алардын ичинде жалпы тигинен кеткен чыңалуулардын (σzρ + σsl.g) өзгөрүшү 200 кПа ашпоого тийиш.
И.2 (И.1) формуласына кирген ksl,i коэффициенти пайдубалдын туурасы b ≥
12 м болгондо чөгүү зонасынын чегиндеги бардык топурак катмарлары үчүн бирге барабар деп кабыл алынат; b ≤ 3 м болгондо төмөнкү формула боюнча эсептелет: (И.2)
мында ρ – пайдубалдын түбү боюнча орточо басым, кПа; ρsl.i – салыштырмалуу чөгүүсү εsl.i = 0,01 болгондо ρi басымына барабар кабыл алынган i- катмардын баштапкы чөгүү басымы; ρ0 – 100 кПа барабар болгон басым. 3 м ≤ b ≤ 12 м болгондо ksl,i интерполяция жолу менен аныкталат. топурактын өз салмагынан чөгүшүн аныктоодо ksl,i =1 деп кабыл алуу керек.
И.3 Топурактын чөгүү касиеттерин деформациялануучу катмардын hsl.ρ жогорку бөлүгүндө гана оор ныктоо менен тыгыздап, же суу аз өткөрүүчү
экранды түзүү менен чополуу же кумдуу топурак жаздыгын орнотуу аркылуу жоюуда, төмөндө жайгашкан чөкмө топурактын салыштырмалуу чөгүүсү εsl.i толук эмес сууга каныкканда (wsl ≤ w ≤ wsat) кабыл алынат жана төмөнкү формула боюнча аныкталат (И.3) мында w – топурактын табигый жайгашуудагы нымдуулугу (бул жана андан кийинки нымдуулук бирдик бөлүктөрүндө); Wsat – топурактын толук сууга каныккандыгына туура келген нымдуулук; wsl – баштапкы чөгүү нымдуулугу; εsl. – топурак толук сууга каныккандагы салыштырмалуу чөкмөлүгү.
И.4 Деформациялануучу чөгүү зонасынын hsl.ρ калыңдыгы (6.1-сүрөттү кара) пайдубал түбүнөн жалпы вертикалдык чыңалуулар σz = σzρ + σsl.g = ρsl болгон тереңдикке, же σz,min ˃ ρsl маанилери болгон тереңдикке чейинки топурак катмарынын калыңдыгына барабар деп кабыл алынат.
И.5 Жогорку деформациялануучу зонанын hsl.ρ чегинде пайдубалдын жүктөмүнөн ssl.ρ топурактын чөгүшү нөлдөн, анын толук чоңдугуна чейин өзгөрүп турган а0 участогунун узундугу, м (6.3-сүрөттү кара), төмөнкүгө барабар деп кабыл алынат:
А0 = hsat mβ tg β, (И.4) мында hsat – м нымдоо булагынын түбү, hsl.ρ зонасынын төмөнкү чегине чейинки сууга каныккан топурак зонасынын калыңдыгы; mβ – негиз топурактарынын катмарланышынан улам суунун нымдоо булагынын чегинен капталдарга жайылуу бурчунун чоңоюшун (же кичирейишин) эске алган коэффициент жана төмөнкүлөр үчүн кабыл алынат: бир тектүү топурак катмарлары үчүн mβ = 1; бир тектүү эмес катмарлар үчүн: үстүндө фильтрация коэффициенти аз болгон топурактар, анын ичинде суу аз өткөрүүчү экранды орнотууда mβ = 0,7, ал эми чоң болгондо mβ = 1,4; көп катмарлуу (үчтөн ашык катмар) болгондо mβ = 1,7 ÷ 2. β – суунун нымдоо булагынан капталдарга жайылуу бурчу, төмөнкүлөр үчүн кабыл алынат: сары топурак сымал кумдуу топурактар жана сары топурактар үчүн 35°; сары топурак сымал чополуу топурактар үчүн 50°; ал эми аларды оор ныктоо менен тыгыздаганда, же топурак жаздыктарда коэффициентти тиешелүү түрдө 1,5 жана 1,3кө жогорулатуу менен жайылтканда.
И.6 Сызыктуу деформациялануучу жарым мейкиндик түрүндө кабыл алынган негиздин катуулук коэффициенттери пайдубалдарды төмөнкүлөргө орнотууда төмөндө келтирилген формулалар боюнча аныкталат:
а) табигый жайгашуудагы топурактарда:
табигый нымдуулукта: (И.5) нымдоо булагынын астында деформациялануучу зонанын чегинде:
толук
сууга
каныкканда
hsl.ρ
(И.6)
б) бүткүл hsl.ρ деформациялануучу зонанын чегинде тыгыздалган чөкмө топурактарда:
табигый нымдуулукта:
тыгыздалган жана алардын астында жайгашкан топурактар толук сууга каныкканда:
(И.7)
(И.8)
в) hsl.ρ деформациялануучу зонанын жогорку бөлүгүндө гана hcom тереңдикке чейин тыгыздалган чөкмө топурактарда:
табигый нымдуулукта: (И.9) тыгыздалган, чөкмө жана алардын астында жайгашкан топурактар толук сууга каныкканда: (И.10)
г) а - в пункттары боюнча узундугу r1 болгон участоктордо, негиз топурактары нымдалганда чөгүүлөрдүн жана отуруп калуулардын сызыктуу мыйзам боюнча өзгөрүшүндө, (И.11)
мында С жана CI - табигый жайгашкан топурактардагы негиздердин катуулук коэффициенттери, кПа/м, тиешелүү түрдө табигый нымдуулукта жана толук сууга каныкканда; С/ жана C/I – ошол эле, бүткүл hsl.ρ деформациялануучу зонанын чегинде тыгыздалган чөкмө топурактарда, тиешелүү түрдө табигый нымдуулукта жана толук сууга каныкканда;
С// жана C//I – ошол эле, hsl.ρ деформациялануучу зонанын жогорку бөлүгүндө гана тыгыздалган чөкмө топурактарда, тиешелүү түрдө табигый нымдуулукта жана толук сууга каныкканда; ρ – пайдубал түбүндөгү орточо басым, кПа; s – КЧжЭ 2.02.01 боюнча эсептелген табигый нымдуулуктагы табигый жайгашкан чөкмө топурактагы пайдубалдын чөгүшү, м,; ssl.ρ, – (И.1) формуласы боюнча эсептелген, м, табигый жайгашкан топурактагы пайдубалдын чөгүшү; s/ жана s//I – тиешелүү түрдө табигый нымдуулукта жана толук сууга каныкканда hsl.ρ тереңдикке чейин тыгыздалган топурактагы пайдубалдын чөгүшү; s// жана s//I – тиешелүү түрдө табигый нымдуулукта жана толук сууга каныкканда деформациялануучу зонанын жогорку бөлүгүндө гана тыгыздалган топурактагы пайдубалдын чөгүшү, м; s/sl.ρ – деформациялануучу зонанын жогорку бөлүгүндөгү тыгыздалган топурактын астындагы пайдубалдын чөгүшү, м; sx жана ssl.ρ.х – нымдоо булагынын четинен х аралыкта жайгашкан чекиттеги а тилкесиндеги пайдубалдын чөгүшү жана отурушу, м.
Э с к е р т ү ү – Чөкмөлүгү боюнча I типтеги чөкмө топурактарды толук кесип өтүүчү жер казык пайдубалдарды колдонууда жоопкерчиликтин III деңгээлиндеги имараттардын жана курулмалардын конструкцияларынын топурактардын мүмкүн болгон чөгүшүнө эсептөөлөрдү жүргүзбөөгө жол берилет.
II типтеги чөкмө топурак шарттары
И.7 II типтеги топурак шарттарына кирген чөкмө топурактардагы, ошондой эле пландоочу төгүндүнү аткарғанда I тип II типке өткөн учурларда I типтеги негиздерди жана имараттардын менен курулмалардын конструкцияларын эсептөө топурактардын өз салмагынан ssl.g максималдуу чөгүү маанисине жүргүзүлүшү керек, ал туурасы Bw ≥ Hsl болгон болжолдонгон интенсивдүү нымдоо булагында же анын туурасы Bw ≤ Hsl болгондо пайда болгон мүмкүн болгон чөгүүнүн s/sl.g, чоңдуктарына жүргүзүлүшү керек, бирок ал 2 м кем эмес деп кабыл алынат.
Топурактардын өз салмагынан ssl.g максималдуу чөгүү чоңдуктары (И.1) формуласы боюнча эсептелет, анда ksl,i коэффициенти ksl,i = 1 кабыл алынат, ал эми салыштырмалуу чөгүү εsl.i имараттын жана курулманын астына суу аз өткөрүүчү экран орнотулганда (И.3) формуласы боюнча аныкталат. Топурактын өз салмагынан ssl.g мүмкүн болгон чөгүшүн негиз топурагынын үстүнкү бетинен болжолдонгон кичине аянттарды нымдоодо төмөнкү формула боюнча аныкталат
(И.12)
И.8 Өз салмагынан топурактын ssl.g (x) чөгүшүнүн чоңдугу өнүгүү ийри сызыгынын ар кандай чекиттеринде (r тилкелерде) (6.2 жана 6.4-сүрөттөрдү кара)
төмөнкү формула боюнча аныкталат (И.13) мында х – нымдалган аянттын борборунан (Bw < Hsl болгондо) же топурактын чөгүшүнүн горизонталдык В участогунун башынан (Bw ≥ Hsl болгондо) ssl.g (x) чөгүшүнүн чоңдугу аныкталуучу чекитке чейинки аралык, м (0 ≤ х ≤ r болгондо); r – топурактын өз салмагынан чөгүшүнүн ийри сызыктуу тилкенин эсептик узундугу, м, төмөнкү формула боюнча аныкталат (И.14) бул жерде Н/sl - нымдоо булагынын түбүнөн анын төмөнкү чегине чейинки чөгүүчү калыңдыктын чоңдугу, м; wβ жана β - (И.4) формуласындагыдай эле.
И.9 Пайдубалдардын негиздеринин өз салмагынан топурактардын салыштырмалуу чөгүү айырмалары ∆ssl/L имараттар жана курулмалар үчүн төмөнкү формулалар боюнча аныкталат:
а) катуу конструктивдүү схемасы менен
б) ийкемдүү конструкциялар үчүн
(И.15)
(И.16) мында ssl,g1 жана ssl,g2 - И.7 жана И.8 эске алуу менен эсептелген имараттын же курулманын карама-каршы учтарынын же алардын чөгүү жиктери менен бөлүнгөн айрым блокторунун орточо чөгүүлөрү, см; mq – имараттын жана курулманын анын негизи менен биргелешип иштешин эске алган иштөө шарттарынын коэффициенти жана төмөнкүгө барабар кабыл алынат L > r болгондо mq = (r/L)2, (И.17) L < r болгондо mq = 1; L – имараттын же курулманын же алардын айрым блокторунун туурасы, м;
r – (И.4) формуласындагыдай эле; s/sl.g1 жана s/sl.g1 – ийкемдүү конструкциядагы имараттардын жана курулмалардын 1 жана 2-пайдубалдарынын орточо чөгүүлөрү, м; L - 1 жана 2-пайдубалдардын ортосундагы аралык, м. mq – бирге барабар деп кабыл алынган коэффициент.
И.10 Катуу конструкциялык схемадагы имараттардын жана курулмалардын isl салыштырмалуу кыйшаюу чоңдугу (И.15) формуласы боюнча, ал эми абсолюттук маанилери, см, төмөнкү формула менен аныкталат (И.18)
мында Нс – имараттын же курулманын пайдубал түбүнүн алардын жогорку чекитине чейинки бийиктиги, см.
И.11 Ийкемдүү конструкциядагы имараттардын жана курулмалардын айрым пайдубалдарынын салыштырмалуу кыйшаюу чоңдугу (И.15) формуласы боюнча эсептелет, анда ssl.g1 жана ssl.g2 - пайдубалдын эки карама-каршы жайгашкан чекиттеринин (учтарынын) ортосундагы аралык анын туурасына же узундугуна барабар болгон чөгүүлөр.
Кыйшаюулардын абсолюттук маанилери (И.18) формуласы боюнча аныкталат, анда Нс - пайдубал түбүнөн мамынын, же дубалдын каралып жаткан чекитине чейинки бийиктик.
И.12 Топуракты үстүнкү бетинен сызыктуу булактан нымдоодо (Вw = 1÷2 м болгондо) чөгүү оюгунун шарттуу ийрилик радиусу Ryc, кээде имараттардын жана курулмалардын конструкцияларын алдын ала эсептөөдө колдонулат, төмөнкү формула боюнча аныкталат (И.19)
мында r жана ssl,g - (И.13) формуласындагыдай эле; mn - ssl,g, м – барабар кабыл алынган коэффициент.
И.13 Топурактын бетиндеги горизонталдык жылышуулардын usl, см, чоңдугу х аралыкта өз салмагынан чөгүүдө, И.7 боюнча топуракты нымдоодон келип чыккан, анын ийри сызыктуу r тилкесинде (6.2 жана 6.4-сүрөттөрдү кара)
төмөнкү формула боюнча аныкталат
мында εu – төмөнкүгө барабар горизонталдык деформациялардын чоңдугу
кабыл
алынган
(И.20) салыштырмалуу
(И.21)
r0 – топурактын чөгүшүнүн ийри сызыктуу участогунун эсептелген жарым узундугу, м (6.2 жана 6.4-сүрөттөрдү кара), r0=0,5r барабар кабыл алынат; х - (И.13) формуласындагыдай эле.
И.14 Hsl Чөкмө катмардын астында жайгашкан сууга каныккан (Sr > 0,9)
чопо жана кум топурактарынын кошумча чөгүшүн su,l жана кошумча кысылуу зонасын Hu,l КЧжЭ 2.02.01 талаптарына ылайык аныктоо керек. Нымдуулугу аз чопо топурактардын жана структуралык байланыштагы чаңдуу жана майда кумдардын su,l кошумча чөгүшүн төмөнкү формула боюнча эсептөөгө жол берилет (И.22) мында σzyi жана σ zyi - Нu,l зонасынын чегинде i- топурак катмарында анын өз салмагынан тиешелүү түрдө табигый нымдуулукта жана толук сууга каныкканда тигинен кеткен орточо чыңалуулар; hadi - Нu,l зонасы бөлүнгөн i- топурак катмарынын калыңдыгы; σ/zadi - Нu,l зонасынын чегинде сууга каныккан абалда i- топурак катмарында тигинен кеткен кошумча орточо чыңалуулар (1-сүрөттү караңыз); Ewi жана Eоi - Нu,l зонасынын чегиндеги тиешелүү түрдө толук сууга каныкканда жана табигый нымдуулукта i- катмардагы чөкпөгон топурактын деформация модулдары. /
Эскертүүлөр 1 (И.22) формуласында биринчи кошулуучу (кашаанын ичинде) астында жайгашкан топурактын деформация модулунун сууга каныкканда төмөндөшүнөн улам пайда болгон, ал эми экинчиси - астында жайгашкан катмарга кошумча чыңалуулардын жогорулашынан улам пайда болгон кошумча чөкмөнү билдирет: имараттан же курулмадан бирдей бөлүштүрүлгөн жүктөмдөн биринчи (жер төлөлүк) кабаттын төшөлмөлөрүнө жүктөмдөрдөн; пландалуучу төгүндүнүн салмагынан; тыгыздоонун натыйжасында чөкмө топурактын нымдуулугу жана тыгыздыгы жогорулаганда анын өз салмагынан; жер казыктарды орнотуудан жана башка факторлордон. 2 Кошумча кысылуу зонасынын Нu,l төмөнкү чеги катары КЧжЭ 2.02.01 талаптары боюнча алынган минималдуу тереңдик же сууга каныккан абалда деформация модулу Eu,l ≥20 МПа болгон топурак катмарына чейинки тереңдик кабыл алынат.
И.15 Чөкмөлүгү боюнча II типтеги топурак шарттарында сызыктуу деформациялануучу жарым мейкиндик түрүндө кабыл алынган, жогорку hsl,ρ зонасында чөгүүлөрдү тыгыздап, же аны жер казыктар менен кесип жок кылган учурда негиздин C катуулук коэффициенти, төмөнкү формулалар боюнча аныкталат:
а) 6.3.1, а боюнча бүткүл чөкмө калыңдыктын чегинде топурактардын чөкмөлүк касиеттерин жана нымдуулукту толук жок кылганда:
тыгыздалган топурактын
толук сууга каныккандыгына туура келген
(И.23)
(И.24)
б) чөкмө топурактарды жер казыктуу пайдубалдар менен толук кесип өткөндө жана негиз топурактарынын нымдуулугу төмөнкүдөй табигый абалга туура келгенде:
толук сууга каныккандык
(И.25)
(И.26)
в) өз салмагынан келип чыккан топурактын чөкмө касиеттерин жарымжартылай жок кылуу үчүн, жоопкерчиликтин II жана III деңгээлиндеги жана нымдуулуктагы ийкемдүү конструкциялуу бир кабаттуу каркас үйлөр жана имараттар үчүн: тыгыздалган топурак:
толук сууга каныккандыгына туура келген
(И.27)
(И.28)
г) узундугу r а-б участогунда, СII,х табигый нымдуулуктагы максималдуу мааниден толук сууга каныккандыкка чейин өзгөргөндө (И.29)
мында С катуулук коэффициенттеринин, s, отуруулардын, ssl чөгүүлөрдүн астында жайгашкан катмардын кошумча чөкмө белгилери ушул пункттун мазмунуна туура келет.
Эскертүүлөр 1 Конструкцияларды бирдей эмес чөгүү деформацияларына эсептөөлөрдү жоопкерчиликтин II деңгээлиндеги имараттарды жана курулмаларды долбоорлоодо пайдубалдардын жалпы эсептик деформациялары (s + ssl + su.l) долбоордо кабыл алынган алардын чектүү чоңдугунун 0,5su аз болгондо, ал эми мындай талаптар жок болгондо КЧжЭ 2.02.01 боюнча, ал эми жоопкерчиликтин III деңгээлиндеги имараттар жана курулмалар үчүн (s + ssl + su.l) ˂ su болгондо жүргүзбөөгө жол берилет. 2 жоопкерчиликтин I жана II деңгээлдериндеги имараттардын жана курулмалардын конструкцияларын эсептөөдө чөкмө катмардын астында жайгашкан топурактардын su.l кошумча чөгүшүн, эреже катары, төмөнкү шарттардын бири аткарылганда эске алуу керек:
а) астында жайгашкан топурактардын табигый жайгашуудагы же сууга каныккандагы кысылуу өзгөрмөлүүлүк коэффициенти αE ≥ 1,5, деформация модулунун орточо мааниси
Е ≥ 25 МПа болгондо;
б) курулуш аянтынын астында жайгашкан топурактарга кошумча жүктөм ρu,l ≥ 30 кПа, анын өзгөрмөлүүлүк коэффициенти аρ ≥ 1,5 болгондо же ρu,l ≥ 30 кПа жана аρ > 2 болгондо:
Мындай учурлар көбүнчө төмөнкүдөй учурларда болот: имараттарды жана курулмаларды дөңсөөлүү жана жантайыңкы тилкелерде өзгөрмө калыңдыктагы пландалуучу төгүндүлөрдү орнотуу менен, ошондой эле табигый рельефтин топурактарын жарым-жартылай кесип салуу менен жайгаштырууда; имараттардын жана курулмалардын, анын ичинде чөгүү жиктери менен бөлүнгөн айрым блоктордун ар кандай бийиктиктеринде; биринчи кабаттын төшөлмөсүндө үйүлгөн жана башка материалдарды сактоодон келип чыккан локалдык жүктөмдөрдө, туурасы 0,5Нsl кем эмес аянтта технологиялык жабдуулардын пайдубалдарынын болушунда жана башка факторлордун таасири астында. 3 ssl,g жалпы чөгүүлөрдүн жана астында жайгашкан топурактардын su.l кошумча чөгүүлөрүнүн (ssl,g + su.l) ≥ 30 см болгондо r ийри сызыктуу тилкесинде СII,x катуулук коэффициенттеринин өзгөрүшү (И.13) формуласы менен сүрөттөлгөн косинусоид боюнча кабыл алынат, ал эми (ssl,g + su.l) ≤ 30 см болгондо СII,x катуулук коэффициенттерин сызыктуу көз карандылык боюнча кабыл алууга жол берилет (6.4-сүрөт). 4 Сызыктуу деформациялануучу негиздин жылышуудагы G катуулук коэффициенттерин пайдубалдын түбүнүн астындагы орточо тийиштүү чыңалуу r аракетинен негиздин бетиндеги горизонталдык жылышуулардан аныктоо керек.
К тиркемеси Тереңдетилген жер астындагы бөлүгү бар имараттардын жана курулмалардын негиздерин долбоорлоо өзгөчөлүктөрү
К.1 Тереңдетилген жер астындагы бөлүгү бар имараттардын жана курулмалардын негиздерин жана пайдубалдарын чөкмө топурактарда долбоорлоо траншеяны казууда топурак массивин бошотууну жана анын негизги өлчөмдөрүн (тереңдигин жана туурасын) эске алуу менен жүргүзүү керек (К.1-сүрөттү кара).
К.1-сүрөт – II типтеги чөкмө топурак шарттарында чөкмө топурактардагы имараттардын схемалары
а – техникалык жайы менен (жер астындагы кабатсыз) жер казыктуу пайдубалдагы; б – жер казыктуу пайдубалы менен жер астындагы бөлүгү бар; в – плиталуу пайдубалы менен жер астындагы бөлүгү табигый негизде («сүзүүчү имарат»); 1 – имарат; 2 – техникалык жай; 3 – имараттын жер астындагы бөлүгү; 4 – бургулап кагылган жер казыктар; 5 – кагылган казыктар; 6 – пайдубал плитасы (ростверк); 7 – жылышуу жиги; fn – чөкмө топурактын каптал сүрүлүү күчү; f – жер казыктын каптал бети боюнча каршылык күчү; R – жер казыктын астынкы учундагы эсептүү каршылык.
Котлованды казуу төмөнкү чоңдуктардын азайышына алып келет (К.1-сүрөттү кара): чөкмө катмардын Hsl,c, анын жогорку чегинин төмөндөшүнөн, ошондой эле көп учурда төмөндө жайгашкан топурактардын бошотулушунан улам анын төмөнкү чегинин көтөрүлүшүнөн; топурактардын өз салмагынан ssl,g чөгүшүнүн, чөкмө катмардын жана топурактардагы вертикалдык чыңалуулар төмөндөгөндө топурактардын салыштырмалуу чөгүүсүнүн азайышынан; жер астындагы чөкмо эмес топурактардын sul кошумча чөгүшүнөн, аларга топурактын өз салмагынан σsl,g вертикалдык чыңалуулардын азайышынан. Мындан тышкары, тереңдетилген жер астындагы бөлүктү орнотууда имараттын же курулманын астындагы топурак шарттарын I типтен чөкпөй турган
топурактарга, ал эми II типтен чөкмөлүгү боюнча I типке которууга болот (К.2сүрөттү караңыз).
К.2-сүрөт – Чөгүүлөрдү эсептөө схемалары: I – терең оюкту орнотууда топуракты;
II – имараттын, же курулманын жер астындагы бөлүгүнүн пайдубалын а – тереңдиктеги вертикалык чыңалуулардын эпюрасы; ht – оюктун, же котловандын түбүнүн деңгээли; б – ошол эле Hsl тереңдигинде; в – жер астындагы суулардын көтөрүлүшүндө топурактын жана пайдубалдын ийри чөгүшү; г – оюктун, же имараттын жер астындагы бөлүгүнүн түбү аркылуу нымдоо. 1- терең оюк; 2, 3 – котлован (жер астындагы бөлүгү) жана имараттын жер үстүндөгү бөлүгү; 4 – пландоо деңгээлинен топурактын жеке салмагынан σzg вертикалдык чыңалуу; 5- ошол эле σzg,l 1- же, 2-котловандын түбүнөн; 6- 1-оюктун, же 2-котловандын чегинен тышкары жайгашкан топурактын жеке салмагынын таасирин эске алуу менен σzg,l вертикалдык чыңалуу; 7,8 – кабат тосмого жана стилобаттын жер астындагы бөлүгүнө ht тереңдикте имараттын салмагынан жана эксплуатациялык жүктөмүнөн σzρ,l вертикалдык чыңалуу; 9,10 - Hsl, тереңдигинде имрааттын жана стилобаттын астындатопурактын жеке салмагынан, имараттын салмагынан жана эксплуатациялык жүктөмүнөн σzg + σzρ жалпы чыңалуу; 11 – ρsl баштапкы чөкмө басымдын тереңдиги боюнча ийри өзгөрүүлөр.
К.2 Имараттын жер астындагы бөлүгү үчүн траншеяны казууда (К.2-сүрөт):
имараттын астындагы чөгүүчү калыңдыктын Hsl,c чоңдугу траншеянын түбүнүн деңгээлинен баштап, өз салмагынан топуракка ρz басымында, ρz = γz барабар болгондо (бул жерде γ - чөгүүчү топурактын салыштырма салмагынын орточо мааниси), аңдын түбүнүн баштап, салыштырмалуу чөгүүсү εsl,c=0,01 болгон z тереңдикке чейин же сары топурак сымал эмес чопо, кумдуу жана ири бөлүкчөлүү топурактардын үстүңкү чегине чейин топурактын өз салмагынан sslg,c эсептик чөгүшү чөгүүчү калыңдыктын Hsl,c калган бөлүгүнүн чегинде аныкталат; чөкмө катмардын астында жайгашкан чөкмо эмес топурактын su,l кошумча чөгүшү Hsl,c тереңдигинен баштап эсептелет.
Топурактардын өз салмагынан sslg,c чөгүшү жер астындагы бөлүктүн өлчөмдөрүн жана нымдоонун мүмкүн болгон булактарын, И.3 боюнча суу аз өткөрүүчү экрандын болушун эске алуу менен, ал эми астында жайгашкан топурактардын su,l кошумча чөгүүлөрү – И тиркемесинин И.14 боюнча эсептелет.
К.3 Топурак шарттарын траншеяны казууда которуу төмөнкүдөй камсыз кылынат:
а) чөкмөлүк I жана кээ бир учурларда II типтеги чөкмө топурактарды кадимки чөкмө эмес топурактарга алмаштырууга болот, эгерде 1 метрден ашык калыңдыктагы бардык катмарлардын (инженердик-геологиялык элементтердин ИГЭ) өз салмагынан келип чыккан басымдын таасири астындагы салыштырмалуу чөкмөлүк аңдын түбүнөн баштап εsl,c ≤ 0,01 ден аз болсо;
б) II типтен чөгүү боюнча I типке, эгерде чөгүүчү калыңдыктын Hsl,c калган бөлүгүнүн чегинде топурактардын өз салмагынан sslg,c эсептик чөгүшү ssl,c ≤ 5 см ашпаса.
К.4 Топурактын өз салмагынан чөгүшүн толугу менен жокко чыгарган жана топурак шарттарын II типтен чөгүү боюнча I типке которгон аңдын минималдуу тереңдигин төмөнкү формула боюнча аныктоо керек (К.1)
мында γс – иштөө шарттарынын коэффициенти, котловандын пландагы формасы тик бурчтуу болгондо жана капталдары 1:3 кем эмес болгондо γс = 1,1 жана төрт чарчы жана тегерек формада γс = 1,2 = 1,2 барабар кабыл алынат; σzg – топурактын өз салмагынан σzg = γwd барабар вертикалдык чыңалуусу; γw – чөкмө топурактын сууга каныккан абалындагы салыштырма салмагынын орточо мааниси, кН/м3; d – чөкмө топурактын "бекемдиги жетишсиздигинде" максималдуу мааниге ээ болгон тереңдик, м, б.а. (γwd) – ρsl → mах; ρsl - d тереңдиктеги баштапкы чөгүү басымы, кН. Э с к е р т ү ү – (К.1) формуласын төмөнкү учурларда колдонуу керек: аңдын түбүндө кошумча жүктөм жок болгондо; имараттын же курулманын бардык жүктөмдөрү, анын ичинде биринчи (жер астындагы) кабаттын төшөлмөлөрүнө да берилүүчү жер казык пайдубалдар аткарылганда; тыгыздоо менен, котловандын түбүндөгү топурактардын чөкмө касиеттери толугу менен жоюлганда.
К.5 Плита жана башка пайдубалдарды котловандын түбүнүн астындагы топурактардын чөкмө касиеттерин жок кылбастан колдонууда, имараттын же курулманын негизиндеги топурактардын чөгүшү толугу менен жок боло турган анын минималдуу тереңдиги d/cp, м, төмөнкү формула боюнча аныкталат
(К.2)
мында γс, γw, ρsl - (К.1) формуласындагыдай эле белгилөөлөр; σzp - пайдубалдардын жүктөмүнөн вертикалдык чыңалуулар, кПа; σzn - жер төлөнүн же жер астындагы бөлүктүн жер тамандарынын топурактагы кошумча вертикалдык чыңалуулары. (К.2) формуласын колдонууда dcp чоңдугун аларды бөлүштүрүү эпюрасына ылайык ар кандай тереңдиктерде ар кандай кошумча чыңалууларды берүү менен тандоо жолу аркылуу аныкталат.
К.6 dc жана dcp тереңдиктерин графикалык түрдө аныктоого жол берилет. Ал үчүн ар бир техникалык казуу боюнча инженердик-геологиялык издөөлөрдүн материалдарынын негизинде тереңдик боюнча өзгөрүү графиктери түзүлөт (К.2сүрөттү кара): топурактардын өз салмагынан σsl,g басымынын жана ρsl баштапкы чөгүү басымынын, ошондой эле зарыл болгондо (σzp + σzn). Андан кийин σzg же
σzg + σzp + σzn графигине параллелдүү баштапкы чөгүү басымынын - psl өзгөрүшүнүн ийри сызыгына тийиштүү сызык жүргүзүлөт. Тийиштүү сызык тереңдик боюнча басымдын өзгөрүшүнүн эпюрасын билдирет, анда топурактардын өз салмагынан же жалпы жүктөмдө котловандын (жер төлөнүн) түбүнүн астында чөгүү болбойт. Зарыл болгон dcp жана dc тереңдиктери тийиштүү σzg вертикалдык «0» огу менен кесилишкен чекиттери боюнча аныкталат, ага карата тереңдик боюнча σzq, psl, (σzg + σzp + σzn) өзгөрүшүнүн ийри сызыктары түшүрүлөт.
К.7 Тереңдиги 4-5 м ашык болгон жер астындагы бөлүгү бар имараттардын жана курулмалардын негиздерин долбоорлоодо ушул тиркемеде баяндалган талаптар менен катар КЧжЭ 2.02.01 9-бөлүмүнүн талаптарын эске алуу керек.
К.8 Жер астындагы бөлүгү бар имараттардын жана курулмалардын негиздеринин түрүн жана пайдубалдардын конструкцияларын тандоо анын тереңдигин жана пландагы өлчөмдөрүн, чөгүү боюнча топурак шарттарынын тибин, Hsl,c чөкмө катмардын, ssl,g,с чөгүшүнүн жана чөкпөй турган топурактардын астында жайгашкан su,l кошумча чөкмөнүн чоңдуктарын, ошондой эле имараттардын жана курулмалардын конструкцияларын, негиз топурактарына жүктөмдөрдү жана КЧжЭ 2.02.01 келтирилген башка факторлорду эске алуу менен жүргүзүлүшү керек.
Астында жайгашкан чөкпөй турган, ошондой эле котловандын түбүнүн астындагы I типтеги чөкмө топурактарда пайдубалдардын таманы боюнча орточо басымдарда, аларда бүткүл кысылуучу калыңдыктын чегинде алардын жүктөмүнөн σzp жана топурактын өз салмагынан σsl,g жалпы вертикалдык чыңалуулар:
psl баштапкы чөгүү басымынын чоңдугунан аз болсо (б.а. σzp + σsl,g ≤ psl), аңдын түбүнүн топурактары табигый негиз катары колдонулат жана пайдубалдар кадимки чөкпөй турган топурактардай эле аткарылат; баштапкы чөгүү басымынан ашып кетсе (σσzp + σsl,g ≤ psl ≥ psl), топурактардын чөгүү касиеттерин hslp деформациялануучу зонанын бүткүл же жогорку бөлүгүндө гана аларды оор ныктоо менен тыгыздап, котловандарды таптап же чөгүүчү топурактардын катмарын топурак жаздык орнотуу менен чөкпөй тургандарга алмаштыруу аркылуу жоюу керек.
К.9 Котловандын түбүнүн астында II типтеги чөкмө топурактар жайгашкан учурларда төмөнкүлөрдү колдонуу зарыл: чөкмө топурактарды 1-2 катмар оор ныктоо, топурак казыктар менен тыгыздап, катуу топурак материалынан (шагыл, шагылдуу, майда таштуу топурак, экологиялык жактан таза жана бышык шлак ж.б.) жасалган тигинен арматуралоочу казыктар менен бекемдөө;
Hsl,e чөкмө катмарды аларды su,l мүмкүн болгон кошумча чөкмөлөрдүн өнүгүү зонасынын астына киргизүү менен кагуучу, куюлуучу казыктар менен кесип өтүү.
К.10 II типтеги чөкмө топурактарды казыктар менен кесип өткөндө, ошондой эле топурактардын чөкмө касиеттерин Hsl.c чөкмө катмардын чегинде тыгыздап толук жоюуда, казыктарга жана тыгыздалган массивдерге терс сүрүлүү күчтөрүнөн Рn кошумча жүктөмдөрдү имараттардын жана курулмалардын жер астындагы бөлүгүнүн периметри боюнча туурасы 0,2 Hsl болгон контурдук тилкеде ssl,g мүмкүн болгон чөгүшүнөн келип чыгышын, ал эми алардын ортоңку бөлүгүнүн астында - Hsl,c чөкмө катмардын чоңдугунда ssl,g чөгүшүнөн келип чыгуусун эске алуу керек.
Контурдук тилкеде жер казыктардын көтөрүмдүүлүгүн жогорулатуу зарылдыгы болгондо, алардын санын, узундугун көбөйтүү, ал эми топурак, арматуралоочу жер казыктарды орнотууда, мындан тышкары, аларды астынкы бөлүгүндө чоңойтулган кеңейтүүлөрү менен бекем топурак материалынан жасоо керек.
К.11 Казыктарга жана тыгыздалган массивдерге терс сүрүлүү күчтөрүнөн Рn кошумча жүктөмдөрдү, ошондой эле имараттардын жана курулмалардын жер астындагы конструкцияларына алардын каптал сырткы беттери боюнча, анын ичинде ростверктерди, пайдубал плиталарын жана башка терең төшөлгөн пайдубалдарды азайтуу максатында жылышуучу жиктерди аткаруу зарыл.
Э с к е р т ү ү – Жылышуучу жиктерди гидроизоляция менен айкалыштыруу жана 3-4 катмар суу өткөрбөй турган пергамин, рубероид, полиэтилен пленкасы жана башка материалдардан жасоо сунушталат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндөЗакон · 13.07.2011 · № 95
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 19.05.2018 · № 49
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы № 44 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык…Постановление · 25.06.2021 · № 44 · Күчүн жоготкон