# Приказ Министерства здравоохранения КР от 4 июня 2026 года № 614 «О реализации делегированных полномочий Кабинета Министров КР по утверждению критериев и порядка формирования ПЖВЛС»

- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 614
- Кабыл алынган күнү: 04.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/medkg-2026-614>
- Расмий булак: <https://med.kg/uploads/ce214c3c-0511-4a04-89cc-52ddf61fca4f-Приказ_614_04062026_ПЖВЛС.pdf>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/medkg-2026-614.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Приказ Министерства здравоохранения КР от 4 июня 2026 года № 614 «О реализации делегированных полномочий Кабинета Министров КР по утверждению критериев и порядка формирования ПЖВЛС» - https://aqlex.ai/kg/doc/medkg-2026-614

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

МИНИСТЕРСТВО

САЛАМАТТЫК САКТОО

ЗДРАВООХРАНЕНИЯ

МИНИСТРЛИГИ

КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

БУЙРУК ПРИКАЗ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ № \_\_\_\_\_\_\_\_

Бишкек ш.

г.Бишкек

Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмесин түзүүнүн тартибин жана критерийлерин бекитүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүлүп берилген ченем жаратуучу айрым ыйгарым укуктардын тизмесинин 11-пунктунун 7-пунктчасына ылайык, буйрук кылам:

1. Ушул буйрукка тиркемеге ылайык Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмесин түзүүнүн тартиби жана критерийлери бекитилсин.

2. Адам ресурстары жана укуктук камсыздоо башкармалыгынын укуктук камсыздоо бөлүмүнө (Шим Е.Л.):

1) ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы

№ 117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтомуна ылайык расмий жарыялоону камсыз кылсын;

2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө, анын жарыяланган булагы жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын

Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн; № 614, 04.06.2026

Кол койгон: Осмонов Д.А.

3) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн төмөнкү органдарга жөнөтсүн:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө, аталган буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен, маалымат үчүн;

- мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарына кыйшаюусуз сактоо жана аткаруу үчүн.

3. Ушул буйруктан келип чыгуучу иш-чараларды ишке ашыруу тийиштүү жылдарга Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бекитилген бюджеттин алкагында жүзөгө ашырылат.

4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин

2023-жылдын 26-сентябрындагы № 1154 «Кыргыз Республикасынын жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмесин түзүүнүн Тартибин бекитүү боюнча өткөрүп берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жөнүндө» буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

6.

Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Т.

А. Мамадалиевге жүктөлсүн.

Министр

№ 614, 04.06.2026

Д.А. Осмонов

Кол койгон: Осмонов Д.А.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2026-жылдын «\_\_\_» \_\_\_\_\_\_ № \_\_\_\_ буйругуна карата Тиркеме Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмесин түзүү тартиби

## 1-глава. Жалпы жоболор

1. Ушул Кыргыз Республикасынын Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмесин (мындан ары – Тартип) түзүү тартиби

Кыргыз Республикасынын Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмесин түзүү тартибин жана дары каражаттарын натыйжалуу тандоо критерийлерин белгилейт.

2. Ушул Тартип дарылоонун сапатын, натыйжалуулугун жана коопсуздугун жогорулатуу, аны унификациялоо жана ресурстарды үнөмдөө үчүн саламаттык сактоо уюмдарында дары каражаттарын колдонууну оптималдаштыруу максатында иштелип чыккан.

3. Ушул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:

1) Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмеси (мындан ары - ЖМДКУТ)- оорулардын алдын алуу жана дарылоо максатында саламаттык сактоонун артыкчылыктуу керектөөлөрүн камсыз кылуучу, медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарынын тизмеси.

2) Жашоо үчүн маанилүү (негизги) дары каражаттары – бул калктын медициналык жардамга болгон артыкчылыктуу муктаждыктарын канааттандыруучу жана каалаган убакта, жетиштүү санда, тийиштүү дарылык формаларда, кепилденген сапатта, жетиштүү маалымат менен жеткиликтүү болууга тийиш болгон дары каражаттары.

3) Медициналык жардам – жарандардын ден соолугун сактоого, чыңдоого жана калыбына келтирүүгө багытталган медициналык ишчаралардын комплекси.

4) Эл аралык патенттелбеген аталышы (мындан ары – ЭПА) –

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан сунушталган таасир этүүчү заттын аталышы.

5) Дары каражатын колдонуу профили – дары каражатын

ЭПАсына, дозасына, фармакокинетикасына, фармакодинамикасына, дозалоо режимине, колдонууга көрсөтмөлөрүнө жана каршы көрсөтмөлөрүнө жараша колдонуу.

6) Дары каражатынын экономикалык жеткиликтүүлүгү (баасынын жеткиликтүүлүгү) – бул бейтаптын жана жалпы эле

№ 614, 04.06.2026

Кол койгон: Осмонов Д.А.

саламаттык сактоо тутумунун терапиялык көрсөтмөлөргө ылайык дары каражатын сатып алуу жөндөмдүүлүгү.

4. ЖМДКУТ ушул Тартиптин 4 жана 5-главаларында каралган тандоо критерийлерине жооп берген, чыгымдар жагынан эң натыйжалуу, коопсуз жана үнөмдүү дары каражаттары, ошондой эле ага киргизилген дары препараттарына бааларды жөнгө салуу максатында киргизилет.

5. ЖМДКУТ кайра карап чыгуу жана түзүү төмөнкү принциптердин негизинде жүзөгө ашырылат:

1) адилеттүүлүк;

2) илимий негизделгендик, рационалдуулук (далилдүү медицина позициясынан) жана практикалык маанилүүлүк;

3) саламаттык сактоо тутуму жана калк үчүн физикалык жана экономикалык жеткиликтүүлүк позициясынан дары каражаттарынын жеткиликтүүлүгү;

4) ачыктык (ЖМДКУТнин долбоорун сайтта коомдук талкуулоо, бейтаптардын ак ниет жана ишенимдүү маалымат алуу укуктарын ишке ашыруу).

6. ЖМДКУТ мезгил-мезгили менен, 2 жылда бир жолудан кем эмес жаңыланып турат. ЖМДКУТнин негизинде жарандарды дары каражаттары менен камсыз кылуу үчүн саламаттык сактоо уюмдарында дары каражаттарынын локалдык тизмеси (ооруканалык тизме) түзүлөт жана бекитилет.

7. ЖМДКУТни кайра карап чыгууну жана түзүүнү уюштурууга саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жооптуу болуп саналат.

## 2-глава. ЖМДКУТни кайра карап чыгуу жана түзүү боюнча жумушчу топ

8. ЖМДКУТни саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган (мындан ары – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги) тарабынан түзүлүүчү жумушчу топ тарабынан кайра каралат жана түзүлөт.

9. Жумушчу топтун курамына Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн, ведомстволук уюмдарынын жана мекемелеринин жооптуу кызматкерлери, кесиптик медициналык жана фармацевтикалык ассоциациялардын өкүлдөрү жана бейтаптар коомчулугунун өкүлдөрү киргизилет.

10. Жумушчу топ 11 адамдан турат. Жумушчу топту жумушчу топтун төрагасы жетектейт. Жумушчу топтун жеке курамы, төрагасы жана катчысы

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен аныкталат.

11. Жумушчу топ зарыл болгон учурда жумушчу топтун ишине катышуу үчүн көз карандысыз эксперттерди тартууга укуктуу. Жумушчу

№ 614, 04.06.2026

Кол койгон: Осмонов Д.А.

топтун жыйындарына мамлекеттик бийлик органдарынын, кызыкдар уюмдардын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн.

12. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук-техникалык жактан камсыздоо, анын ичинде жумушчу документтерди даярдоо Кыргыз

Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин түзүмдүк бөлүмү тарабынан жүзөгө ашырылат.

13. Жумушчу топтун жыйындары зарылчылыкка жараша өткөрүлөт жана эгерде ага жумушчу топтун мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн экиси катышса, укуктуу деп эсептелет.

14. Жумушчу топтун чечими жыйынга катышып жаткан мүчөлөрдүн добуштарын эсептөө менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат жана протокол менен таризделет. Эгерде добуштар тең бөлүнүп калса, жумушчу топтун төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат. Жумушчу топтун жыйынынын протоколуна төрага, катчы жана катышкан бардык мүчөлөр кол коюшат.

15. Катчы жыйынды өткөрүү үчүн зарыл болгон документтерди жана материалдарды суратат жана даярдайт, жыйындын күн тартибин жана протоколдорун тариздейт.

16. Жумушчу топтун мүчөлөрү жана тартылган эксперттер иш башталганга чейин кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө декларацияга кол коюшат жана ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык, фармацевтикалык компаниялар менен финансылык өз ара мамилелердин бар экендиги жана коммерциялык кызыкчылыктын жоктугу же фармацевтикалык компаниялар же медициналык-санитардык жардам көрсөтүү үчүн продукцияларды чыгаруучу башка уюмдар менен башка кызыкчылыктардын кагылышуусу жок экендиги жөнүндө жазуу жүзүндө билдиришет.

17. Жумушчу топ эксперттик баа берүү үчүн Кыргыз

Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген нускамага ылайык, Evidem инструментинин жардамы менен чечимдерди кабыл алуунун көп критерийлүү анализинин (мындан ары – ЧККА) моделин колдонот.

## 3-глава. ЖМДКУТни кайра карап чыгуу жана актуалдаштыруу тартиби

18. ЖМДКУТни актуалдаштыруу максатында жумушчу топ А

Тизмесин жана Б Тизмесин даярдайт.

19. Дары каражаттарынын А Тизмеси Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун акыркы редакциядагы Негизги дары каражаттарынын моделдик тизмесинен (мындан ары – БДСУнун Моделдик тизмеси) дары каражаттарын тандоо жолу менен түзүлөт.

20. Жумушчу топ А тизмесин биринчи жыйын өткөн күндөн тартып

20 жумушчу күнгө чейинки мөөнөттө түзөт.

№ 614, 04.06.2026

Кол койгон: Осмонов Д.А.

21. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өзүнүн расмий сайтында (https://med.kg) “Мыйзамдар” бөлүмүндө сунуштарды берүү мөөнөттөрүн көрсөтүү менен ЖМДКУТни кайра карап чыгуу процедурасынын башталгандыгы жөнүндө билдирүүнү жана А тизмесин жарыялайт.

22. ЖМДКУТне позицияларды киргизүү, алып салуу же өзгөртүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө төмөнкүлөр укуктуу:

1) бардык деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдары менчик формасына карабастан;

2) илимий жана медициналык мекемелер;

3) медициналык кесиптик жана пациенттик коомдук ассоциациялары/ бирикмелери;

4)

дары препараттарынын өндүрүүчүлөрү жана каттоо күбөлүктөрүнүн ээлери.

23. Дары каражаттарын ЖМДКУТне киргизүү боюнча сунуштар ушул

Тартиптин 2-тиркемесине ылайык билдирме формасында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий сайтында А тизмеси жарыяланган күндөн тартып 20 жумушчу күнгө чейинки мөөнөттө кагаз жана электрондук форматта жумушчу топтун катчысына жөнөтүлөт.

24. Жумушчу топтун катчысы келип түшкөн билдирмелердин толтурулушунун тууралыгын алардан келген учурдан тартып 5 жумушчу күндүн ичинде текшерет. Ушул Тартипте белгиленген талаптарга жооп бербеген билдирмелер андан ары каралбайт, бул жөнүндө билдирме ээсине

3 жумушчу күндүн ичинде кабарланат. Түзөтүлгөн билдирмени кайрадан берүүгө билдирмелерди кабыл алуунун белгиленген жалпы мөөнөтүнүн алкагында жол берилет.

25. Дары каражаттарын ЖМДКУТне киргизүү жөнүндө келип түшкөн сунуштар андан ары баалоо үчүн төрага тарабынан жумушчу топтун мүчөлөрүнүн ортосунда туш келди тандоо жолу менен бөлүштүрүлөт.

26. Келип түшкөн сунуштарга эксперттик баа берүү ушул Тартиптин

## 5-глава

сында каралган критерийлерге ылайыктуулугуна 20 жумушчу күнгө чейинки мөөнөттө өткөрүлөт. Баалоонун жыйынтыктары баалоо жүргүзгөн жумушчу топтун мүчөсү же эксперт тарабынан ушул Тартиптин 2тиркемесине ылайык билдирме формасынын тийиштүү графаларына киргизилет. Эксперттик баа берүү Evidem инструментинин жардамы менен чечимдерди кабыл алуунун көп критерийлүү анализинин (ЧККА) моделин колдонуу менен өткөрүлөт (ушул Тартиптин 4-тиркемеси).

27. Баалоодон өткөн дары каражаттары Б тизмесине киргизилет. Б тизмеси талкуулоо үчүн жумушчу топтун жыйынына чыгарылат. Ар бир дары каражаты боюнча ЖМДКУТне киргизүү үчүн добуш берүү өткөрүлөт.

Мында Б тизмесинен ЖМДКУТне киргизилүүчү дары каражаттарынын саны А тизмесине кирген дары каражаттарынын санынын 10 пайызынан ашпоого тийиш.

28. Жумушчу топтун финалдык жыйынында А жана Б тизмелеринин негизинде түзүлгөн ЖМДКУТ бекитилет жана ал жумушчу топтун бардык

№ 614, 04.06.2026

Кол койгон: Осмонов Д.А.

мүчөлөрү кол койгон жыйындын протоколу менен бирге Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жөнөтүлөт.

29. Кайра каралган ЖМДКУТнин долбоору коомдук талкуулоо жүргүзүү үчүн (30 календардык күндөн кем эмес) Кыргыз

Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун Бирдиктүү порталына (www.koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылат.

30. Талкуулоонун жүрүшүндө келип түшкөн бардык сын-пикирлер жана сунуштар каттоодон өткөрүлөт, жумушчу топ тарабынан талданат жана негиздер болгон учурда долбоордо эске алынат.

## 4-глава. ЖМДКУТнин түзүмүн жана мазмунун калыптандыруу принциптери

31. Дары каражаттары ЖМДКУТне эл аралык патенттелбеген аталышы менен, колдонуу профилдери боюнча дарылык формаларын көрсөтүү менен киргизилет.

32. Өзгөчө учурларда, негиздүү медициналык жана фармакологиялык негиздемелер болгондо (мисалы, биотехнологиялык препараттар үчүн),

Тизмеге топтоштурулган же химиялык аталыштар киргизилиши мүмкүн.

33. ЖМДКУТ дары препараттарын колдонуу профилдери боюнча иерархиялык түзүмгө ээ.

34. Айрым препараттар үчүн ЖМДКУТне чектөөчү белгилер (символдор) белгилениши мүмкүн:

1)  - ушул Тизмеге киргизилген дары каражаты натыйжалуулуктун жана коопсуздуктун мыкты далили экендигин, бирок ушул эле топтогу кыйла арзан баадагы дары каражаттары колдонулушу мүмкүн;

2) \[a\] - бейтаптын жаш курагына жана салмагына байланыштуу дары каражатын колдонууга каршы көрсөтмөлөр бар экендигин билдирет;

3) \[с\] - дары каражатын колдонуу адистештирилген диагностикалык/ мониторингдик жабдууларды жана/же тар адистиктеги врачты талап кылаарын; дозалоодо символдун көрсөтүлүшү балдарга колдонуу үчүн белгилүү бир каршы көрсөтмөлөр бар экенин билдирет;

4) \* - колдонууга өзгөчө көрсөтмөлөрдү же дары каражаты Кыргыз

Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилген клиникалык колдонмолорго/протоколдорго киргизилгендигин же бул каражатты колдонууда атайын көрсөтмөлөр бар;

5) \*\* - дары каражаты Кыргыз Республикасында контролго алынуучу психотроптук каражаттарга таандык, тиешелүү үлгүдөгү рецепт боюнча гана сатылат жана предметтик-сандык эсепке алынууга тийиш;

6) \*\*\* - дары каражаты Кыргыз Республикасында контролго алынуучу баңги каражаттарга таандык, тиешелүү үлгүдөгү рецепт боюнча гана сатылат жана предметтик-сандык эсепке алынууга тийиш экендигин билдирет;

№ 614, 04.06.2026

Кол койгон: Осмонов Д.А.

7) ± - бейтаптар үчүн анын физикалык жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында гана дары каражаты ушул Тизмеге киргизилген жана кымбат (баасы жогору) дары каражаттарынын категориясына кирет;

\[r\] - дары каражаты микробко каршы каражаттарга кирет, рецепт боюнча сатууну талап кылат.

## 5-глава. Дары каражаттарын тандоо критерийлери

35. Дары каражаттарын тандоо төмөнкү критерийлер боюнча жүзөгө ашырылат:

1) ооруга тийгизген таасири (кийлигишүү зарылдыгы): саламаттык сактоо тутумунун улуттук артыкчылыктарына шайкештиги, Кыргыз

Республикасындагы өлүмдүн көрсөткүчү, ооруга чалдыгуу, майыптуулук, жашоо сапатына тийгизген таасири жана башкалар жөнүндө маалыматтар.

2) кийлигишүүнүн колдонулушу жана натыйжалары (дары каражаты):

аталган кийлигишүүнү колдонуу боюнча сунуштамалары бар, далилдердин жогорку деңгээли көрсөтүлгөн жана аларга актуалдуу шилтемелер берилген учурдагы улуттук же эл аралык клиникалык колдонмолор.

3) улуттук жана/же эл аралык клиникалык колдонмолор жок болгон учурда

– салыштырмалуу клиникалык натыйжалуулук жана салыштырмалуу коопсуздук/көтөрүмдүүлүк боюнча далилдердин маалыматтарын аларга актуалдуу шилтемелерди берүү менен көрсөтүү.

4) тутумдун мүмкүнчүлүктөрү (финансылык ишке ашырылышы):

дарылоо курсунун/циклинин наркын эсепке алуу менен дары каражатынын экономикалык жеткиликтүүлүгү, колдонуудагы параметрлер менен салыштыруу, саламаттык сактоо уюмдарында жылдык АВС/VENанализинин (AE/AN) жыйынтыгы боюнча дары чыгымдардын биринчи категориясына кириши.

5) жогорку чыгымдуу кийлигишүү категориясын аныктоо үчүн экономикалык жеткиликтүүлүк коэффициентин эсептөө.

Экономикалык жеткиликтүүлүк коэффициентин (ЭЖК) эсептөө ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык жүргүзүлөт:

- эгерде ЭЖКнын мааниси 10дон аз же ага барабар болсо, анда дары каражаты ЖМДКУТнин базалык (негизги) дарысы катары киргизилет;

- эгерде ЭЖКнын мааниси 10дон жогору болсо, анда дары каражаты

ЖМДКУТне бейтаптар үчүн анын физикалык жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн гана киргизилет жана мамлекеттик каражаттардын эсебинен сатып алуу үчүн милдеттүү болуп саналбайт/Жогорку технологиялар фондунун тизмесине киргизилиши мүмкүн, кымбат баалуу (жогорку чыгымдуу) дары каражатынын категориясы катары белгиленет.

36. Далилдердин сапаты: бардык жарыяланган далилдердин толуктугу жана карама-каршылыктардын жоктугу, далилдердин актуалдуулугу жана негизделгендиги.

№ 614, 04.06.2026

Кол койгон: Осмонов Д.А.

Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмесин түзүү Тартибине 1-тиркеме Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө декларация

1. Сиздин бүгүн талкууланып жаткан документтин темасына карата Сиздин ой-пикириңизге таасир эте турган финансылык же башка кызыкчылыгыңыз барбы?

Ооба • Жок •

2. Сиз акыркы 4 жыл ичинде кандайдыр бир ооруну диагностикалоо, алдын алуу жана дарылоо үчүн дары каражаттарын жана (же) медициналык буюмдарды сатууга, өндүрүүгө же жайылтууга тиешеңиз болду беле?

Ооба • Жок •

3. Сиз кандайдыр бир ооруну диагностикалоо, алдын алуу жана дарылоо үчүн дары каражаттарын жана (же) медициналык буюмдарды сатуу же өндүрүү боюнча компанияга кызматкер (мисалы, лектор) же жарнама агенти катары тартылдыңыз беле?

Ооба • Жок • Эгерде 1, 2 же 3-пункттарда «Ооба» деп белгилесеңиз, анда таблицаны толтуруңуз: Сизди аталган Компания Сизге же Бул чөйрөдө компаниялар менен нын Сиздин Сиздин байланыштырган аталышы өнөктөшүң коммерциялык мамилелердин түрүн үзгө кызыкчылыктары көрсөтүңүз: үлүштүк таандыкпы ңыз барбы жана катышуу, жалданып ? алар үстүбүздөгү иштөө ж.б. жылдын аягына чейин уланабы? Сиздин ишиңизге тоскоолдук кыла турган, ошондой эле Сиздин калыстыгыңызды жана ой-пикириңиздин эркиндигин буза турган учурдагы кыйынчылыктарды көрсөтүңүз: \_\_ Мен, төмөндө кол коюучу, бул декларацияда баяндалган бардык маалыматтар туура жана чындык экенин жоопкерчилик менен билдирем. Мен жумушчу топтун иштөө мезгилинде жогоруда баяндалган маселелер боюнча ар кандай өзгөрүүлөр жөнүндө маалымдоого даярмын. Дата \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Колу \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ № 614, 04.06.2026

Кол койгон: Осмонов Д.А.

Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмесин түзүү Тартибине 2-тиркеме БИЛДИРМЕ дары каражатын ЖМДКУТне киргизүү үчүн

1. Билдирүүчү жөнүндө маалымат

Билдирүүчүнүн аталышы (компания, саламаттык сактоо уюму ж.б.) Жооптуу жактын А.А.А., кызматы Билдирүүчү уюмдун жайгашкан жери (юридикалык дареги, иш жүзүндөгү дареги) Телефон жана (же) факс номери Электрондук почта (e-mail)

2. Дары каражаты боюнча маалымат

Дары каражатынын соодалык аталышы Дары каражатынын эл аралык патенттелбеген аталышы (ЭПА) Дарылык формасы, дозасы, таңгакталышы Дары каражатынын фармакотерапиялык тобу, анатомиялык-терапиялык-химиялык коду (АТХ) Препараттын бир жолку дозасы Негизги компаратор(лор) (салыштыруу препараты)

3. Кийлигишүүнүн колдонулушу жана натыйжалары

Аталган дары каражатынын улуттук же эл аралык клиникалык колдонмолордо бар экендиги (актуалдуу шилтемелерди жана далилдүүлүк деңгээлин көрсөтүү менен бул дары каражатын колдонуу боюнча сунуштамаларды берүү) Клиникалык натыйжалуулугу (Билдирилген дары каражатынын анын негизги компаратор(лору) менен

№ 614, 04.06.2026

Кол койгон: Осмонов Д.А.

натыйжалуулук/эффективдүүлүк жагынан катышы) Коопсуздугу/көтөрүмдүүлүгү (Билдирилген дары каражатынын анын негизги компаратор(лору) менен коопсуздук/көтөрүмдүүлүк жагынан катышы)

4. Ооруга тийгизген таасири

Оорудан жабыркаган популяциянын өлчөмү (бул дары каражатына муктаж болгон бейтаптардын саны). (Кыргыз Республикасынын маалыматтары боюнча дары каражаты дарылоого арналган оорунун ооруга чалдыгуусу жана таралышы) Саламаттык сактоо тутуму үчүн оорунун артыкчылыктуулугу

Маалымат булагына шилтемелерди көрсөтүү менен Улуттук статистика комитетинин жана/же Республикалык электрондук саламаттык сактоо борборунун маалыматтарын колдонуу зарыл. КР ССМ сайтынан тапса болот: https://med.kg/?locale=ru Оору саламаттык сактоо тутумундагы мамлекеттик жана улуттук программаларда артыкчылыктуу багыттарга кирер-кирбесин көрсөтүү сунушталат.

5. Кийлигишүүнүн экономикалык жеткиликтүүлүгү

Суткасына колдонуу саны Колдонуунун узактыгы Таңгактын баасы Берилген маалыматтар тастыктоочу документтер же берилген маалыматка шилтеме менен бекемделиши керек. Рецензияланган жарыяланган изилдөөлөрдөн (рандомизацияланган контролдонуучу изилдөөлөр, обсервациялык изилдөөлөр), техникалык баракчалардан, продукттун мүнөздөмөлөрү жөнүндө кыскача маалыматтардан, клиникалык маалыматтар базасынан, изилдөөлөрдүн реестрлеринен, башка жөнгө салуучу органдар (FDA, EMA ж.б.) же саламаттык сактоо секторундагы эл аралык таанылган институттар (БДСУ ж.б.) тарабынан чыгарылган резюмелерден маалыматтарды берүү сунушталат. Эң акыркы документтерге негизделген маалыматтарды берүү сунушталат. Билдирме берүү күнү: «\_» \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 20-ж. (Жетекчинин/жооптуу жактын А.А.А., кызматы жана колу) Мөөр орду (бар болсо)

№ 614, 04.06.2026

Кол койгон: Осмонов Д.А.

Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмесин түзүү Тартибине 3-тиркеме Экономикалык жеткиликтүүлүк коэффициентин эсептөө (эксперттер үчүн) Экономикалык жеткиликтүүлүктү эсептөө үчүн 2008-жылдагы БДСУ/HAI методологиясы колдонулат, ал Health Action International (HAI) (https://www.haiweb.org/MedPriceDatabase/) уюмунун расмий сайтында эркин жеткиликтүү. Бул методология дары каражатынын бир таңгагынын баасын бир күндүк эмгек акыга карата катышын эсептөө үчүн адаптацияланган. Баалоо экономикалык жеткиликтүүлүк коэффициентин (ЭЖК) эсептөө аркылуу жүргүзүлөт:

- эгерде ЭЖКнын мааниси 10дон аз же ага барабар болсо, анда дары каражаты ЖМДКУТне базалык (негизги) препарат катары киргизилет.

- эгерде ЭЖКнын мааниси 10дон жогору болсо, анда дары каражаты

ЖМДКУТне бейтаптар үчүн анын физикалык жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн киргизилет жана мамлекеттик каражаттардын эсебинен сатып алуу үчүн милдеттүү болуп саналбайт/Жогорку технологиялар фондунун тизмесине киргизилиши мүмкүн, кымбат баалуу (жогорку чыгымдуу) дары каражатынын категориясы катары белгиленет. Эгерде дары каражаты менен дарылоонун курсуна/циклине орточо статистикалык айлык эмгек акыдан аз акча каражаты жумшалса, анда дары каражаты калк үчүн экономикалык жактан жеткиликтүү болуп саналат. КРдагы орточо эмгек акы боюнча экономикалык жеткиликтүүлүк коэффициентин эсептөө: 1 курстун баасы/дары каражаты менен дарылоо ∗ ЭЖК 1 = КРдагы орточо эмгек акы Эсептөө үчүн формулалар:  Өлчөө бирдиги (ӨБ) үчүн болжолдуу баа (сом менен): 1 тангактын баасы 1 тангактагы ӨБ саны  ЭПАнын суткалык дозасы: бир жолку доза ∗ суткасына кабыл алуунун саны  Дарылоонун 1 күнүнүн баасы:

№ 614, 04.06.2026

Кол койгон: Осмонов Д.А.

1 ӨБ үчүн болжолдуу баа ∗ суткалык дозасы  Дарылоонун курсунун/циклдын баасы: 1 күн дарылоо баасы ∗ 1 курстагы күндөр саны/жылдык дарылануу циклы Эмгек акы боюнча маалыматтар – кайрылган учурдагы Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин расмий сайтындагы маалыматтар. БДСУнун негизги дары каражаттарынын баалары жөнүндө маалыматты Management Sciences for Health (MSH) уюмунун шилтемесинен карасаңыз болот: https://msh.org/wp-content/uploads/2020/03/msh-2015-international-medicalproducts-price-guide.pdf.

№ 614, 04.06.2026

Кол койгон: Осмонов Д.А.

Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмесин түзүү Тартибине 4-тиркеме Эксперттер тарабынан дары каражаттарын (ДК) баалоо критерийлери (Evidem инструменти) Дарынын аты

СУНУШТАЛГАН КИЙЛИГИШҮҮ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТЫК БАЯНДАМА ДК классы (АТХ коду)

Аталган ДКнын колдонууга көрсөтмөлөрү Аталган ДКнын колдонуу ыкмасы берүү Колдонуу узактыгы Салыштыруу үчүн ДК Бул оору боюнча клиникалык колдонмонун бар экендиги 1-кластер - Кийлигишүүнүн колдонулушу жана натыйжалары (Кн) Баалоо кадамдары Жыйынтыктоочу баалоо Баалоо критерийлери Төмөн Орто Жогору (Т) (О) (Ж) Кн1 Клиникалык колдонмолордо билдирилген/альтернативдик ДКны колдонуу боюнча сунуштамалар бар Баалоо критерийлери -5 +5 Төмөн Орто Жогору (Т) (О) (Ж) Кн2 Салыштырмалуу клиникалык натыйжалуулуктун далилдери Кн3 Салыштырмалуу клиникалык коопсуздуктун далилдери 2-кластер – Ооруга тийгизген таасири (кийлигишүү зарылдыгы) (От)

Пикирлер

Оору Билдирме мекеме

№ 614, 04.06.2026

Пикирлер

Пикирлер

Кол койгон: Осмонов Д.А.

Баалоо критерийлери От1

От2

Оорунун оордугу Баалоо критерийлери

0,71-1

Төмөн (Т)

Орто (О)

Жогору (Ж)

Пикирлер

Абдан сейрек

Таралган

Төмөн (Т)

Орто (О)

Жогору (Ж)

Пикирлер

Нет

Да

Төмөн (Т)

Орто (О)

Жогору (Ж)

Пикирлер

Төмөн (Т)

Орто (О)

Жогору (Ж)

Пикирлер

Төмөн (Т)

Орто (О)

Жогору (Ж)

Пикирлер

0-0,41

0,41-0,7

Оорунун таралышы Баалоо критерийлери

От3 Оорунун артыкчылыктуулугу 3-кластер – Кийлигишүүнүн экономикалык кесепеттери (Э) Баалоо критерийлери ˂10% 10-25% ˃25% Э1

Финансылык жүк Баалоо критерийлери КР ˂2% 2-4% ˃4% ССМ (Саламаттык сактоо министрлиги) бюджетинен Э2 Экономикалык натыйжалуулук Баалоо критерийлери Нет Да Э3 Референттик өлкөлөрдө ордун толтуруу 4-кластер – Далилдердин сапаты (ДС) Далилдерди баалоо критерийлери ДС1 Далилдерди берүүнүн толуктугунун даражасы ДС2 Далилдердин релеванттуулугунун даражасы Баалоонун жыйынтыгы

№ 614, 04.06.2026

Пикирлер

Кол койгон: Осмонов Д.А.
