# Приказ Министерства здравоохранения КР от 25 апреля 2020 года № 254 «О внедрении автоматизированной системы управления COVID Control и Информационной системы управления лабораторными данными в КР»

- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 254
- Кабыл алынган күнү: 25.04.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/medkg-2020-254>
- Расмий булак: <https://med.kg/uploads/93809a14-2eb1-4f83-80a2-e19bed268d12-prikaz_254_25042020.pdf>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/medkg-2020-254.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Приказ Министерства здравоохранения КР от 25 апреля 2020 года № 254 «О внедрении автоматизированной системы управления COVID Control и Информационной системы управления лабораторными данными в КР» - https://aqlex.ai/kg/doc/medkg-2020-254

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИ

МИНИСТЕРСТВО ЗДРАВООХРАНЕНИЯ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

БУЙРУК ПРИКАЗ

5 ай “44 yy LEY

Бишкек ш.

«Кыргыз Республикасында «Автоматташтырылган башкаруу системасын «СОУШ Control» жана «Лабораториялык маалыматтарды башкаруунун информациялык системаны» киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасында эпидемияга каршы жургузулген иш чараларга мониторинг жүргүзүү жана коронавирус (COVID-19) боюнча түзүлгөн эпидемиялогиялык абалды ыкчам көзөмөлдөө максатында

Буйрук кыламын:

1. COVID-19ra лабораториялык тестирлөө жүргүзүү үчүн жолдомонун формасын бекитүү (1-тиркеме).

2. ОААЖМСЭК мүдүрү Жороев А.А. COVID-19ra эпидемиологиялык көзөмөл жургузууде автоматташтырылган башкаруу системасы «COVIDControly (АСУ) жана лабораториялык маалыматтарды башкаруунун информациялык системасы (ИСУЛД) колдонсун.

Мөөнөтү: республиканын аймагында COVID-19 токтогонго чейин.

3. COVID-19 га лабораториялык тестирлөө жүргүзгөн саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилерине, аймактык ИАКМЖ ОААжЖМСЭК борборлорунун башкы дарыгерлерине АСУ жана ИСУЛД менен иш алып баруучу кызматкерлерди аныктап, анын ар бири менен АСУ менен иштөөдөгү билинген маалыматтарды, жарандардын өздүк маалыматтарын таркатпоо жөнүндө документке кол коюлсун (2 -тиркеме).

Мөөнөтү: кечиктирилгис.

4. КР ССМ 30.03.2020 жылы чыккан № 208 буйругу менен бекитилген

АСУ га анкеталар киргизиле башталсын, ИСУЛДга дагы - тиркемеге ылайык лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары өз убагында киргизилсин.

Мөөнөтү: кечиктирилгис.

5. Башкы дарыгерлер менен жооптуу кызматкерлердин конфиденциалдык мүнөздөгү маалыматтарды таркатпоо боюнча персоналдык жоопкерчилик аныкталсын.
