# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-октябрындагы № 528 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-октябрындагы № 528 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 528
- Кабыл алынган күнү: 11.10.2016
- Редакциянын күнү: 11.10.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-996>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/996>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-996.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.10.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-октябрындагы № 528 токтому (11.10.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-996

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-январындагы № 1 “Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын ченемдерин бекитүү жана алардын ордун толтуруу тартибинде келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 6-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-январындагы № 1 «Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын ченемдерин бекитүү жана алардын ордун толтуруу тартибинде келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Айыл чарба жерлерин которууда (трансформациялоодо) айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу наркынын ченемдеринин 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2. Аӊыздарды, чабындыларды жана жайыттарды которгондо (трансформациялаганда) айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун суммасын эсептөөдө кайрак жерлерден алынуучу жер салыгынын базалык ставкалары колдонулат, ал эми көп жылдык өсүмдүктөр өскөн жерлерди которгондо – сугат айдоо жерлерден алынуучу жер салыгынын базалык ставкалары колдонулат.».

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
