КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Иштетилбеген же одоно майдаланган, таарып кесилген же башка ыкма менен тик бурчтуу, чарчы формадагы блок же такталарга бөлүнгөн акиташ-ракушечникти ташып чыгууга бажы алымдарынын ташып чыгуу (экспорттук) ставкаларын бекитүү жөнүндө
Ички чийки зат рыногун коргоо жана ташты кайра иштетүүчү ишканаларды туруктуу иш менен камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын бажы тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Иштетилбеген же одоно майдаланган, таарып кесилген же башка ыкма менен тик бурчтуу, чарчы формадагы блок же такталарга бөлүнгөн акиташ-ракушечникти ташып чыгууга бажы алымдарынын ташып чыгуу (экспорттук) ставкалары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомдун тиркемесинде аталган бажы алымдарынын ташып чыгуу (экспорттук) ставкасы Евразия экономикалык бирлигинин жана 2011-жылдын 18-октябрындагы Эркин соода зонасы жөнүндө келишимге катышкан мамлекеттердин бажы аймактарынан сырткары ташылып чыгуучу товарларга карата колдонулары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (финансы полициясы) жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы ушул токтомдун тиркемесинде аталган товарларды контрабандалык ташып чыгууга (экспортко) бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул токтомду кабыл алгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул токтомду кабыл алгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков
Тиркеме
Иштетилбеген же одоно майдаланган, таарып кесилген же башка ыкма менен тик бурчтуу, чарчы формадагы блок же такталарга бөлүнгөн акиташ-ракушечникти ташып чыгууга бажы алымдарынын ташып чыгуу (экспорттук) cтавкалары
№
ЕАЭБдин ТЭИ ТН коду
Продукциянын аталышы
Бажы алымдарынын ставкасы пайыз менен
1
2515110000
иштетилбеген же одоно майдаланган акиташ-ракушечник;
100 %, бирок 1000 кг үчүн 50 евродон кем эмес
2
2515120000
таарып кесилген же башка ыкма менен тик бурчтуу формадагы (чарчы форманы кошкондо) блок же такталарга бөлүнгөн акиташ-ракушечник.
100 %, бирок 1000 кг үчүн 50 евродон кем эмес
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндөЗакон · 30.12.2014 · № 173 · Күчүн жоготкон