КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын “Авиаотун менен камсыздоо” авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө
Жарандык авиацияда авиаотун менен камсыздоо маселелерин жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Аба кодексине, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын “Авиаотун менен камсыздоо” авиациялык эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги эки айлык мөөнөттө белгиленген тартипте “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:
- 2011-жылдын 29-июнундагы № 346 “Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө”;
- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июнундагы № 346 “Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” 2013 -жылдын 26-мартындагы № 153;
- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июнундагы № 346 “Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” 2013-жылдын 19-июнундагы № 426.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (5)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын АбаКодекс · 06.08.2015 · № 218
- "Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.06.2011 · № 346 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүүн 2013-жылдын 26-мартындагы № 153 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июнундагы № 346 "Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө"…Постановление · 26.03.2013 · № 153 · Күчүн жоготкон