# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-мартындагы № 99 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-мартындагы № 99 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 99
- Кабыл алынган күнү: 11.03.2019
- Редакциянын күнү: 11.03.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-99>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/99>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-99.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-мартындагы № 99 токтому (11.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-99

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-июлундагы № 488 «Автордук укуктун жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

«Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-июлундагы № 488 «Автордук укуктун жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Автордук укуктун жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө жободо:

- 4-пунктта:

«в» пунктчасындагы «ж.б.» деген сөздөр алып салынсын;

«г» пунктчасындагы «ж.б.» деген сөздөр алып салынсын;

«д» пунктчасындагы «, казинолор ж.б.» деген сөздөр алып салынсын;

«е» пунктчасындагы «ж.б. деген сөздөр алып салынсын;

«ж» пунктчасындагы «чатыр дүкөнчөлөр, столдор, стенддер» деген сөздөр «соода борборлору, соода үйлөрү, супермаркеттер» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

«з» пунктчасындагы «стадиондор, парктар, спорт залдары,» жана «ж.б.» деген сөздөр алып салынсын;

«и» пунктчасындагы «ж.б.) жана жүргүнчүлөр транспортунун бардык түрлөрү» деген сөздөр «, спорт залдары)» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

«к» пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;

- II бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 183 жана 184-пункттар менен толукталсын:

«183. I бөлүмдүн 4-пунктунун з) пунктчасына ылайык автордук сый акынын ай сайын белгиленүүчү чендеринин өлчөмү төмөнкү формула менен эсептелет:

С = Сб х Км х Кк, мында:

С – автордук сый акынын чени;

Сб – негизги чен;

Км – төлөөчүнүн жайгашкан жеринин коэффициенти;

Кк – тейлөөнүн класстуулук коэффициенти.

Сб = РП х N / 100, мында:

РП – Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген эсептик көрсөткүч;

N – телевизорлору бар мейманканалардагы (эс алуу үйлөрүндөгү, пансионаттардагы, санаторийлердеги, курорттордогу) номерлердин саны.

Төлөөчүнүн жайгашкан жеринин коэффициенти (Км) төлөөчүгө төмөнкү райондордо анын жайгашуусуна жараша берилет:

Км = 20 – Бишкек жана Ош шаарлары;

Км = 10 – Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата жана Каракол шаарлары; Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаары;

Км = 5 – Кыргыз Республикасынын калган калктуу конуштары.

Тейлөөнүн класстуулук коэффициенти (Кк) мейманканадагы (эс алуу үйүндөгү, пансионаттагы, санаторийдеги, курорттогу) номерлердин орточо наркы боюнча эсептелет:

Кк = 5 – тейлөөнүн эң жогорку деңгээли (номерлердин орточо наркы

150 РПдан жогору);

Кк = 4 – тейлөөнүн жогорку деңгээли (80 РП дан 150 РПга чейин);

Кк = 2 – тейлөөнүн орточо деңгээли (20 РП дан 80 РПга чейин);

Кк = 1 – тейлөөнүн төмөнкү деңгээли (20 РПга чейин), мында РП – мыйзам менен белгиленген эсептик көрсөткүч.

184. I бөлүмдүн 4-пунктунун и) пунктчасына ылайык автордук сый акынын ай сайын белгиленүүчү чендеринин өлчөмү төмөнкү формула менен эсептелет:

С = Сб х Км х Кк, мында:

С – автордук сый акынын чени;

Сб – негизги чен;

Км – төлөөчүнүн жайгашкан жеринин коэффициенти;

Кк – тейлөөнүн класстуулук коэффициенти.

Сб = РП х Р / 100, мында:

РП – Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген эсептик көрсөткүч;

Р – музыкалык чыгармалар пайдаланылуучу кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнүн ишканаларынын жайлары (кв. метр).

Төлөөчүнүн жайгашкан жеринин коэффициенти (Км) төлөөчүгө төмөнкү райондордо анын жайгашуусуна жараша берилет:

Км = 2 – Бишкек жана Ош шаарлары;

Км = 1 – Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата жана Каракол шаарлары; Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаары;

Км = 0,5 – Кыргыз Республикасынын калган калктуу конуштары.

Тейлөөнүн класстуулук коэффициенти (Кк) төлөөчүнүн каталогундагы кызмат көрсөтүүлөрдүн орточо наркы боюнча эсептелет:

Кк = 5 – тейлөөнүн эң жогорку деңгээли (кызмат көрсөтүүлөрдүн орточо наркы 8 РПдан жогору);

Кк = 4 – тейлөөнүн жогорку деңгээли (5 РПдан 8 РПга чейин);

Кк = 2 – тейлөөнүн орточо деңгээли (3 РПдан 5 РПга чейин);

Кк = 1 – тейлөөнүн төмөнкү деңгээли (3 РПдан баштап), мында РП - мыйзам менен белгиленген эсептик көрсөткүч.».

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу
