# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 522 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 522 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 522
- Кабыл алынган күнү: 12.10.2016
- Редакциянын күнү: 12.10.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-989>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/989>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-989.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.10.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 522 токтому (12.10.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-989

---

Автордук укук, чектеш укуктар объектилерин жана интегралдык микросхемалардын топологияларын каттоо үчүн жыйымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарына таандык интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук жактан коргоо жол-жоболорун өркүндөтүү максатында, “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9, 32, 37 жана 38-беренелерине, “Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине, “Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Автордук укук, чектеш укуктар объектилерин жана интегралдык микросхемалардын топологияларын каттоо үчүн жыйымдар жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 14-майындагы № 260 “Автордук укук, эриш-аркак укуктардын объектилерин жана автордук келишимдерди каттоо жыйымдары жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 26-майындагы № 286 “Электрондук эсептөө машиналары, маалыматтар базалары жана интегралдык микросхемалардын топологиялары үчүн программаларды каттоого жыйымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 15-майындагы № 233 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерин өзгөртүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө” токтомунун 8-пункту;

- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 26-майындагы № 286 токтому менен бекитилген Электрондук-эсептөө машиналары үчүн программаларды, маалыматтар базаларын жана интегралдык микросхемалардын топологияларын каттагандыгы үчүн жыйымдар жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-декабрындагы № 850 токтому;

- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 14-майындагы № 260 “Автордук укук, чектеш укуктардын объектилерин жана автордук келишимдерди каттоо жыйымдары жөнүндө” токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 20-октябрындагы № 658 токтому;

- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 14-майындагы № 260 “Автордук укук, чектеш укуктар объектилерин жана автордук келишимдерди каттоо үчүн жыйымдар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 461 токтому.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
