# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-октябрындагы № 537 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-октябрындагы № 537 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 537
- Кабыл алынган күнү: 14.10.2016
- Редакциянын күнү: 14.10.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-987>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/987>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-987.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-октябрындагы № 537 токтому (14.10.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-987

---

Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун жана контролдоонун тартибин бекитүү жөнүндө

Кыйыр салыктардын толук төлөнүшүн камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-майындагы № 111 Мыйзамы менен ратификацияланган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 72-беренесине, Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин № 18 тиркемесинин 18-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 120-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун жана контролдоонун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 30-пункт менен толукталсын:

«30. Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, төмөнкүлөр боюнча:

1) контролдук баалардын минималдык деңгээли белгиленүүчү товарлардын тизмесин бекитүү;

2) контролдук баалардын минималдык деңгээлинин өлчөмүн белгилөө.».

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
