# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 569 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 569 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 569
- Кабыл алынган күнү: 10.11.2016
- Редакциянын күнү: 10.11.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-977>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/977>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-977.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.11.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 569 токтому (10.11.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-977

---

Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 282-беренесинин ченемдерин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кошумча нарк салыгы (мындан ары - КНС) боюнча эсеп-фактураларга серияларды жана номерлерди ыйгаруу тартиби 1-тиркемеге ылайык;

- КНСтин эсеп-фактураларынын формалары 2-7-тиркемелерге ылайык.

2. КНСтин эсеп-фактураларына серияларды жана номерлерди ыйгарууга өтүүгө байланыштуу төмөнкүлөр белгиленсин:

- 2016-жылдын 7-ноябрынан тартып 31-декабрына чейинки мезгилде салык салынуучу жеткирүүлөрдү тариздөө үчүн салык төлөөчү тарабынан ушул токтом күчүнө кирген күнгө карата калып калган КНСтин эсеп-фактураларынын так отчеттук бланктары пайдаланылсын;

- КНС төлөөчү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 177 “Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону жана кыйыр салыктар боюнча салыктык отчеттук формаларын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кошумча нарк салыгынын эсеп-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобого ылайык салыктык катталган жери боюнча салык органына ушул токтом күчүнө кирген күнгө карата калып калган КНСтин эсеп-фактураларынын так отчеттук бланктары боюнча реестрлер берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 177 “Кошумча нарк салыгынын эсеп-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону жана кыйыр салыктар боюнча салыктык отчеттук формаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункттун 1-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча нарк салыгынын эсеп-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобонун 10-30-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 1-февралында күчүнө кирүүчү 3-пункттун экинчи абзацынан тышкары 2016-жылдын 7-ноябрынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министрдинмилдетин аткаруучу С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
