# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 611 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 611 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 611
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2016
- Редакциянын күнү: 25.11.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-965>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/965>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-965.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 611 токтому (25.11.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-965

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-октябрындагы № 611 “Кыргыз Республикасынын Жазык- аткаруу системасынын борбордук органын реформалоо жөнүндө” токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

“Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

2-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-октябрындагы № 611 “Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу системасынын борбордук органын реформалоо жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменти жөнүндө жободо:

4-пункттун “в” пунктчасы “пункттарга” деген сөздөн кийин “, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткарууда аларды экстрадициялоо учурунда;” деген сөздөр менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
