# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 613 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 613 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 613
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2016
- Редакциянын күнү: 25.11.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-963>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/963>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-963.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 613 токтому (25.11.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-963

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-декабрындагы № 687 “Депозиттерди коргоо фондусуна төгүмдөрдү эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-декабрындагы № 687 “Депозиттерди коргоо фондусуна төгүмдөрдү эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Депозиттерди коргоо фондусуна төгүмдөрдү эсептөө тартиби жөнүндө жободо:

- 1.2- пунктундагы “баштапкы,” деген сөз алып салынсын;

- 2.1-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 2.6-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

- 2.7-пунктундагы “баштапкы” деген сөз алып салынсын;

- 2.12-пунктундагы “15 пайызына” деген цифралар жана сөз “12 пайызына” деген цифралар жана сөз менен алмаштырылсын;

- 2.13-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

- 2.16-пунктундагы “Алгачкы жана” деген сөздөр алып салынсын;

- 2.17-пунктунда:

биринчи абзац “милдеттенмелердин” деген сөздөн мурда “учурдагы” деген сөз менен толукталсын;

2-пунктчасындагы “50 пайызынан” деген цифралар жана сөз “суммасынан” деген сөз менен алмаштырылсын;

- Депозиттерди коргоо фондусуна төгүмдөрдү эсептөө тартиби жөнүндө жобонун тиркемесинин биринчи абзацындагы “баштапкы/” деген сөз алып салынсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
