# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 616 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 616 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 616
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2016
- Редакциянын күнү: 25.11.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-962>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/962>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-962.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 616 токтому (25.11.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-962

---

Социалдык маанилүү объект жөнүндө келишим түзүү тууралуу кабарламанын формасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 2563-беренесинин ченемдерин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- социалдык маанилүү объект жөнүндө келишим түзүү тууралуу кабарламанын формасы (UVEDOMLENIE STI - 001) 1-тиркемеге ылайык;

- социалдык маанилүү объект жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү тууралуу кабарламанын формасы (UVEDOMLENIE STI - 002) 2-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана расмий жарыяланган айдан кийинки айдын 1инен тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
