# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 608 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 608 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 608
- Кабыл алынган күнү: 28.11.2016
- Редакциянын күнү: 28.11.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-959>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/959>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-959.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.11.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 608 токтому (28.11.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-959

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 500 “Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн нормативдерин эсептөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн нормативдерин эсептөөнүн тартиби жөнүндө жободо:

- 1-пунктунун экинчи абзацындагы “уруксат берүүчү документинин” деген сөздөр “лицензиясынын” деген сөз менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-февралындагы № 75 “Лотереяларды уюштурууга жана өткөрүүгө карата коюлуучу айрым талаптар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Лотерея боюнча отчет берүүнүн тартиби жөнүндө нускамада:

- 2-пунктундагы “лотереяларды өткөрүүгө укук берген күбөлүктүн” деген сөздөр “лотереялык ишти жүзөгө ашырууга лицензиянын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

жогоруда аталган Нускаманын 1-тиркемесинде:

- “лотереяны өткөрүүгө укук берген күбөлүк” деген сөздөр “лотереялык ишти жүзөгө ашырууга лицензия” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 16-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

жогоруда аталган Нускаманын 2-тиркемесинде:

- “лотереяны өткөрүүгө укук берген күбөлүк” деген сөздөр “лотереялык ишти жүзөгө ашырууга лицензия” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 13-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

жогоруда аталган Нускаманын 3-тиркемесинде:

- “лотереяны өткөрүүгө укук берген күбөлүк” деген сөздөр “лотереялык ишти жүзөгө ашырууга лицензия” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 11-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- жогоруда аталган Нускаманын 4-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
