КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 500 “Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн нормативдерин эсептөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн нормативдерин эсептөөнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пунктунун экинчи абзацындагы “уруксат берүүчү документинин” деген сөздөр “лицензиясынын” деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-февралындагы № 75 “Лотереяларды уюштурууга жана өткөрүүгө карата коюлуучу айрым талаптар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Лотерея боюнча отчет берүүнүн тартиби жөнүндө нускамада:
- 2-пунктундагы “лотереяларды өткөрүүгө укук берген күбөлүктүн” деген сөздөр “лотереялык ишти жүзөгө ашырууга лицензиянын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган Нускаманын 1-тиркемесинде:
- “лотереяны өткөрүүгө укук берген күбөлүк” деген сөздөр “лотереялык ишти жүзөгө ашырууга лицензия” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 16-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
жогоруда аталган Нускаманын 2-тиркемесинде:
- “лотереяны өткөрүүгө укук берген күбөлүк” деген сөздөр “лотереялык ишти жүзөгө ашырууга лицензия” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 13-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
жогоруда аталган Нускаманын 3-тиркемесинде:
- “лотереяны өткөрүүгө укук берген күбөлүк” деген сөздөр “лотереялык ишти жүзөгө ашырууга лицензия” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 11-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган Нускаманын 4-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР 2013-жылдын 5-февралындагы № 75 "Лотереяларды уюштурууга жана өткөрүүгө карата коюлуучу айрым талаптар жөнүндө" токтомуПостановление · 05.02.2014 · № 75 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы №500 "Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн нормативдерин эсептөөнүн…Постановление · 05.08.2009 · № 500 · Күчүн жоготкон