# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 674 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 674 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 674
- Кабыл алынган күнү: 19.12.2016
- Редакциянын күнү: 19.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-927>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/927>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-927.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 674 токтому (19.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-927

---

Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоону камсыз кылуу маселелери жөнүндө

Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышына мониторинг жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык текшерүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;

- Мамлекетке материалдык зыян келтирген мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын маалыматтык базасын жүргүзүү жана материалдык зыяндын ордун толтуруу тартиби 3-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар тарабынан протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белектерди өткөрүп берүү тартиби жана аларды сатып алуу эрежелери жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы № 286 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын айрым маселелери жөнүндө» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-мартындагы № 104 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар тарабынан протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белектерди сатып алуу тартибин бекитүү жөнүндө» токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын

13-августундагы № 576 «Мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан келтирилген материалдык зыяндын ордун регресс тартибинде толтуруу маселелери жөнүндө» токтому.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Тиркеме 1

Басып чыгаруу
