# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 666 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 666 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 666
- Кабыл алынган күнү: 19.12.2016
- Редакциянын күнү: 19.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-926>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/926>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-926.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 666 токтому (19.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-926

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 268 “Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

“Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин функцияларынын кеңейишине жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүнүн маанилүү этаптары жөнүндө эскерүүлөрдү калыбына келтирүү маселелери боюнча иштердин көлөмүнүн көбөйгөндүгүнө байланыштуу, тарыхый эстеликтерди сактоо, жарандуулукка жана патриоттуулукка тарбиялоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын

31-майындагы № 268 “Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:

- эскертүүнүн 6-пунктундагы “16 штаттык бирдик” деген цифралар жана сөздөр “31 штаттык бирдик” деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин штаттык санынын көбөйүшүн эсепке алуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясын кошумча каржылоону караштырсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
