# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 668 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 668 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 668
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2016
- Редакциянын күнү: 22.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-924>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/924>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-924.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 668 токтому (22.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-924

---

Чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз сигареттерге минималдык чекене бааларды белгилөө жөнүндө

Республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатуу, тамеки буюмдарын керектөөнү азайтуу жана калктын ден соолугун чыңдоо максатында, «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

Чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз сигареттерге минималдык чекене баалар 20 (жыйырма) сигарет үчүн 40 сом өлчөмүндө белгиленсин.

Сигареттерге белгиленген минималдык чекене баалардын сакталышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына жүктөлсүн.

Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
