# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 690-токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 690-токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 690
- Кабыл алынган күнү: 23.12.2016
- Редакциянын күнү: 23.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-920>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/920>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-920.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 690-токтому (23.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-920

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июнундагы № 359 “Кыргыз Республикасынын жарандарын паспорттор жана жалпы жарандык паспорттор менен камсыздоо маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июнундагы № 359 “Кыргыз Республикасынын жарандарын паспорттор жана жалпы жарандык паспорттор менен камсыздоо маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын документтерин кабыл алуу, паспортун тариздөө, берүү, эсепке алуу, даярдоо жана жалпы жарандык паспортун жекелештирүү тартиби жөнүндө нускамада:

- 42-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-мартындагы № 210 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспортторун шашылыш кабыл алуу, тариздөө, текшерүү жана берүү боюнча акы төлөө кызматтары жөнүндө” токтомуна ылайык” деген сөздөр жана цифралар алып салынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-мартындагы № 210 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспортторун шашылыш кабыл алуу, тариздөө, текшерүү жана берүү боюнча акы төлөмө кызматтар жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
