КР Өкмөтүнүн
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июнундагы № 359 “Кыргыз Республикасынын жарандарын паспорттор жана жалпы жарандык паспорттор менен камсыздоо маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июнундагы № 359 “Кыргыз Республикасынын жарандарын паспорттор жана жалпы жарандык паспорттор менен камсыздоо маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын документтерин кабыл алуу, паспортун тариздөө, берүү, эсепке алуу, даярдоо жана жалпы жарандык паспортун жекелештирүү тартиби жөнүндө нускамада:
- 42-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-мартындагы № 210 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспортторун шашылыш кабыл алуу, тариздөө, текшерүү жана берүү боюнча акы төлөө кызматтары жөнүндө” токтомуна ылайык” деген сөздөр жана цифралар алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-мартындагы № 210 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспортторун шашылыш кабыл алуу, тариздөө, текшерүү жана берүү боюнча акы төлөмө кызматтар жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Ш.Жээнбеков
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июнундагы № 359 "Кыргыз Республикасынын жарандарын паспорттор жана жалпы жарандык паспорттор менен камсыздоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.06.2015 · № 359 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-мартындагы №210 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспортторун шашылыш кабыл алуу, тариздөө, текшерүү жана берүү боюнча акы төлөмө кызматтар…Постановление · 28.03.2012 · № 210 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон