# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-декабрындагы № 698 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-декабрындагы № 698 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 698
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2016
- Редакциянын күнү: 29.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-911>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/911>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-911.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-декабрындагы № 698 токтому (29.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-911

---

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасында эң төмөнкү эмгек акы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасында эң төмөнкү эмгек акы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
