# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-январындагы № 4 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-январындагы № 4 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 06.01.2017
- Редакциянын күнү: 06.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-903>
- Расмий булак: <https://www.gov.kg/ru/npa/s/903>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/govkg-903.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-январындагы № 4 токтому (06.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/govkg-903

---

“Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кайра сурап алуу жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 725 “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому менен жактырылган “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кайра сурап алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 725 “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министри С.Ш.Жээнбеков

Тиркемелер

Басып чыгаруу
