КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргых Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо, ата мекендик мунайгаз казуу тармагын колдоо, мунайзаттарынын базардагы баалардын өзгөрүүсүнө өз мамилесин ыкчам көрсөтүү, мунайзаттарынын импортунан көз карандылыкты азайтуу жана жылуулук жабдуу ишканаларында отундун керектүү запасын түзүү милдеттерин өз убагында аткаруу максатында “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-майындагы №250 “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2016/2017-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын иши жөнүндө” токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси:
- төмөнкү мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;”;
- төмөнкү мазмундагы отуз бешинчи абзац менен толукталсын:
“Чакан ГЭС” ачык акционердик коомунун генералдык директору (макулдашуу боюнча);”.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-апрелиндеги №215 “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2016/2017-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пункттун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- 10-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- төмөнкү мазмундагы 191 пункту менен толукталсын:
“191. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык министрликтердин жана административдик ведомстволордун конкурстук комиссиялары, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине караштуу “Кыргызтуракжайкоммунсоюз” мамлекеттик ишканасы, “Электр станциялары” ачык акционердик коомуна (макулдашуу боюнча), 2016/2017-жылдын күз-кыш мезгилине даярдануу жана андан өтүү мезгилине “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому үчүн жагылуучу мазутту жеткирүү конкурстарына катышууда Кыргыз Республикасында салыктарды жана камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө боюнча карыздары жөнүндөгү маалыматты берүү талабы убактылуу алынып салынсын.”;
- жогоруда аталган токтомдун 14-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ж. Жээнбеков
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-майындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2014/2015-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" токтомуПостановление · 08.05.2014 · № 250 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-апрелиндеги № 215 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2016/2017-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" токтомуПостановление · 26.04.2016 · № 215 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон