Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө
Мамлекеттик финансыларды башкаруу системасын өркүндөтүү, ошондой эле Бюджеттик кредиттерди башкаруу бөлүгүндө бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүнүшү жөнүндө жобону бюджеттик укук чөйрөсүндөгү мыйзамдарга шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик болуп кайра аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын
20-февралындагы № 114 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 1-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин башкаруу схемасында:
“Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду” позициясы “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик” позициясы менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жобонун 15-пункту “түзүмдүк” деген сөздөн кийин “жана ведомстволук” деген сөздөр менен толукталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын
7-майындагы № 251 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 114 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтом 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 251 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери" жөнүндө…Постановление · 07.05.2013 · № 251 · Күчүн жоготкон